Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:30

"БАГДАДДА БААРЫ ТЫНЧ ЭМЕС"


Бириккен улуттар уюму Ирактагы кызматкерлеринин саны дагы кыскартылаарын жарыялады. Бириккен улуттардын Багдаддагы кеңсесине буга чейин болгон эки жолку кол салуудан 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Өткөн түнү БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө - беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери Иракта көп улуттуу күчтөрдү жайгаштыруу жөнүндөгү Вашингтон сунуш кылган резолюцияны талкуулашты.

Жума күнү Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы кызматкерлеринин бир бөлүгүн чыгарып кетүү жөнүндөгү чечимин жарыялаган уюмдун басма сөз өкүлү Фред Экхард аны - убактылуу жана айласыз чара катары сыпаттады.

- Бириккен улуттардын башкы катчысы Кофи Аннан коопсуздук боюнча координаторунун кеңешин эске алып, Ирактагы эл аралык кызматкерлерди убактылуу чыгарып кетүүгө буйрук берди. Азыркы күндө Багдадда БУУнун 42 жана Ирактын түндүгүндө дагы 44 өкүлү иштеп жатат. Жакынкы күндөрү алардын саны кыскартылат.

Август айында 22 кишинин өмүрүн алган Багдаддагы кеңесесиндеги бомба жардыруусуна чейин Иракта Бириккен улуттар уюмунун 600дөй эл аралык жана 4000ге чукул жергиликтүү кызматкерлери иштеп жаткан. Сентябрь айында болгон экинчи бомба чабуулунан Бириккен улуттар уюмунун 19 кызматкери жараат алып, бир ирактык полициячы набыт болгон. Бул эки жолку кол салуудан кийин Бириккен улуттар уюму Ирактагы ишмердигин катуу чектөөгө аргасыз болуп, өлкөдө болгону 90го жетпеген өкүлүн калтырып, калган чет элдик кызматкерлерин коңшулаш өлкөлөрдө жайгаштырган. Ишембиде уюмдун Багдаддагы маалымат катчысы Вероник Таве Бириккен улуттар өз өкүлдөрүн Ирактан толук чыгарып кетпээрине басым жасады.

- БУУ өзүнүн кызматкерлерин эвакуациялап жаткан жери жок. Кечээ башкы катчы айткандай, бул Ирактагы опурталдуу кырдаалдан улам кабыл алынган убактылуу чара. Көпчүлүк кызматкерлер өз ишин Иракка коңшулаш өлкөлөрдө улантышат.

Бириккен улуттардын Багдаддагы өкүлү айткандай, Иракта соңку күндөрү кырдаал начарлап, күтүүсүз чапбуулдардын курмандыктарынын саны көбөйдү. Бейшембиден жумага караган түнү Багдадга чукул калаада минометтон ок жаадырылып, жергиликтүү сегиз тургун жантаслим болушту. Андан мурунку күнү Киркук калаасындагы граната жардыруусунан америкалык бир аскер набыт кетип, дагы экөө жараат алышкан. Буга окшогон бүлгүнчүл аракеттер коалициялык күчтөр арасында чочулоо, ошондой эле чаалыгуу сезимин жайылта баштаганын байкаган Пентагон Ирактагы аскерлерди жакында 15 миңдей жоокерден турган Улуттук гвардиянын эки резервдик бөлүгү алмаштыраарын жарыя кылды. Саддамга каршы согушка катышкан алгачкы 200дөй АКШлык аскер ушул аптада 15 күндүк эс алууга чыгып, үйлөрүнө жөнөп кетишти.

Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы кызматкерлери кыскартылып жаткан чакта Нью-Йоркто БУУга мүчө өлкөлөр уюмдун Ирактагы ролун кеңейтүү жолдорун талкуулоону улантышты. Өткөн түнү БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө - АКШ, Франция, Орусия, Кытай жана Британиянын тышкы иштер министрлери Кофи Аннандын катышуусунда Бириккен улуттардын Ирактагы кайра куруу иштериндеги таасирин талкуулашты. Анын соңунда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтон сунуш кылган резолюция долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү аракети байкалганын билдирди.

- Менимче, биз Ирактын болочок конституциясы кепилдей турган демократиялык саясий жараяндар, шайлоо жана башка маселелер боюнча буга чейинки талаштардан кийин эми түшүнүшүү жолуна түштүк.

Вашингтон жаңы резолюцияда Иракка башка мамлекеттер да бейпилдик аскерлерин жөнөтүп, өлкөнү калыбына келтирүүгө каражат бөлүштүрсүн деп сунуш кылган. Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө Франция ал сунушту аткараардан мурун, Ирактагы бийлик чектелүү мөөнөт ичинде Ирактын элине өткөрүлүп берип, өлкөдөгү кайра куруу иштерине Бириккен улуттар уюму башчылык кылышы керек деп талап кылууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG