Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Орусия менен Американын президенттери бүгүн Кэмп Дэвиддеги сүйлөшүүлөрүн улантышат.


КЭМП ДЭВИД. Орусиянын жана Американын президенттери бүгүн Кэмп Дэвидде сүйлөшүүлөрдү улантышат. Америка президентинин резиденциясына кечээ кечинде келген Владимир Путинди президент Жорж Буш жылуу кабыл алды. Эки президент андан соң сый тамактын үстүндө баарлашты, бирок прессага эч кандай билдирүү жасашкан жок. Бүгүн алардын Ирак, Жакынкы Чыгыш, эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү жана кыруучу куралдарды таркатпоо аракеттерин талкуулоосу күтүлөт. Буш Орусия Иранга атомдук электростанцияны курууга жардам берип жатканына байланышкан маселени көтөрмөкчү. АКШ Иран өкмөтү ал жардамдан пайдаланып, атомдук куралдарды жасап чыгарганга аракеттенет деп кооптонот.
Президент Путин орусиялыктар үчүн Америкага кирүү визасын берүүдөгү чектөөлөр жөнүндөгү маселени козгомокчу. Орусия андай чектөөлөр эки өлкөнүн ишкер алакаларына кедерги болуп жатат деп эсептейт. Анын арылыгында, бүгүн америкалыктарга жасаган апталык радио кайрылуусунда президент Буш террорчулукка каршы дүйнө өлкөлөрү биргелешип күрөшүүгө тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG