Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ АЛАКАЛАРЫ ЧЫҢДАЛУУДА


Кубат Оторбаев. Бишкек Соңку жылдары Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда экономикалык байланыштар чыңдалып, сооданын көлөмү артууда. Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-сентябрда Бээжинде өткөн жыйынында кол коюлган макулдашууга ылайык Ош-Эркечтам автожолун оңдоого Кытай өкмөтү 30 млн. юань бермек болду.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөсү болгон мамлекеттердин башчыларынын Москвада өткөн жолушуусунда Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао Ош-Эркечтам автожолун оңдоого каражат бөлүү маселесин карап көрүүгө алдын-ала макулдугун берген. 23-сентябрда Бээжиндеги жолугушуу маалында эки мамлекеттин өкмөт башчылары ал тууралуу макулдашууга кол коюшту. Кыргызстандын вице-премьер-министри Кубанычбек Жумалиевдин айтымында, иштер эки айдан кийин башталып, адегенде эле Чыйырчык ашуусун оңдолот.

- Келишимге кол койдук, - дейт Кубанычбек Жумалиев. - Буюрса, эки айдын ичинде кошумча тактап, иш баштайбыз. Келишим 30 млн. юанга же башкача айтканда 4 млн. долларга түзүлдү. Чыйырчык ашуусу жаандан катуу жабыркап калган. Ишти ошол ашууну оңдоодон баштайлы деп жатабыз.

Кубанычбек Жумалиевдин сөзү боюнча, Кытай тарап акчаны кайтарымсыз берип жатат. Ал эми жолду оңдош үчүн тендер жарыяланат.

- Эл аралык тендер өтөт. Жолду толук оңдош үчүн 80 млн. доллар кетет. Анын 20 млн. долларын Азия Өнүктүрүү Банкы берип жатат. 4 миллионун Кытай берүүдө. Акчанын калган бөлүгүн дагы Кытай менен биргелешип, кредитке алалы деп жатабыз, - дейт К. Жумалиев.

Кыргызстан менен Кытайдын биргелешип жүргүзүп жаткан долбоорлорунун бири - эки өлкөнү бириктире турган темир жолду куруу. Кубанычбек Жумалиев бул жолу кытайлык кесиптеши менен жолугушуп, темир жол боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

- Темир жол министри менен жолуктум. Алардын адистери менен биздикилер биригип, изилдөө иштерин жасап атышат. Жакында анын жыйынтыгы чыгат. Ал иликтөөлөргө Кытай өкмөтү 20 млн. юань бөлгөн. Мындан тышкары, биздин мамлекетке бөлүнгөн гранттын эсебинен 25 млн. юанга техникалык-экономикалык негиздемеси жасалып жатат, - деди вице-премьер-министр.

23-сентябрдагы Бээжин жолугушуусунда премьер-министр Николай Танаев Шанхай уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты арттырууга бажы жана чек ара тосмолору жолтоо болуп жатканын айтты. Өкмөт башчысынын пикиринде, Кыргызстан чектеш мамлекеттердин экономикалык буктурмасынан дагы эле толук бошоно албай келатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Курманбек Раматов мындай деди:

- Премьер-министр ШКУнун маанисин белгилеп, бирок мурда эле козголгон маселелер чечилбей, тоскоолдуктар жоюлбай келатканын айтты. Өкмөт башчысы Кыргызстандын жүк ташуучу машинелери чек арадан ары Кытайдын ичине кире албай жатканын мисал келтирди.

Курманбек Раматовдун айтымында, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык чыңдалып, жыл өткөн сайын товар жүгүртүүнүн көлөмү арбып баратат.

- 2002-жылы эки мамлекет ортосундагы соода-сатык жүргүзүүнүн көлөмү 69,8% өскөн. Башкача айтканда, 202 млн. долларлык товар жүгүртүү болгон, - дейт Курманбек Раматов.

Кыргызстандын Кытай менен кызматташтыгында оңунан чыкпай калган иштер да жок эмес. Мисалы, Кыргызстандын электр энергиясын Кытайга сатуу пландары ишке ашпай калчудай.

- Шиңжан уйгур автоном районунда мындан 10 жыл мурда электр энергиясы тартыш болчу. Бирок Кытай өкмөтү алыскы райондорго көңүл буруп, натыйжада кубаттуу жылуулук станциялары ишке берилген. Ошондуктан Кыргызстандын электр энергиясын Кытай аркылуу Пакистанга сатуу маселеси тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, - деди Курманбек Раматов.

Айрым талдоочулардын айтымында, Кытайдын жетекчилиги баарыдан мурда Кыргызстандагы кытай товарларына карата мамилени өзгөртүү жаатында иштеши керек. Себеби, эл арасында «кытайдын арзан товары» деген психология калыптанган. Ошол эле убакта Кыргызстан Кытай үчүн ушул күнгө чейин чийки зат бере турган өлкө бойдон калып келет.

XS
SM
MD
LG