Ишемби күнү эртең мененки саат жетиге жакын Багдаддын борборунда турган 14 кабаттуу “Рашид” мейманканасына үч ракета атылды. Андан, бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок, бирок мейманканага олуттуу зыян келтирилди. Мейманкананын айланасына бута атым жерге топо коргон салынып, толтурулган каптар жана зым менен тосмолонгондуктан, ага ок жетпейт деп эсептелчү.
Кол салуунун артында кимдер турганы белгисиз, бирок байкоочулардын болжолунда, бул чабуул америкалык оккупацияга каршылык көрсөткөн ирактыктар эми солдаттарга гана эле эмес, карапайым америкалыктарга жана башка чет элдик атуулдарга кол сала баштаганын бышыктайт.
"Жек көрүндү Хусейиндин режими кулаары менен өлкөнү дароо эле өзүбүз башкарып, бат эле бакубат, бейпил турмушта жашап калмакпыз", - деген ойго жетеленген карапайым ирактыктар арбып барат. Катардагы ирактыктарды америкалык аскерлерден карапайым кишилер да жабыркап жатканы кыжырдантат. Андай окуялардын бири жума күнү кечинде Фаллужада орун алды. Америкалык солдаттар аскердик күзөткө токтобой өтүп бараткан машинеге ок ачып, эки кишини өлтүрүп, төртөөнү жарадар кылышкан.Окуянын болгондугун бышыктаган полковник Жорж Криво америкалык аскерлер күзөткө карай ок ачкан машинени аткылашканын айтат.
- Аскердик күзөттөн жип өтүп бараткан. Күзөттүн жанынан өтө бергенде машинеден күзөтчүлөргө карай ок атылган. Коалициялык аскерлер аткылап жооп кайтарган. Натыйжада эки киши өлүп, төртөө жараат алды. Окуя иликтенет, анын аныгына чыгабыз, - дейт Криво.
Бирок ирактыктардын өздөрү америкалык аскерлердин огунан төрт киши өлдү деп кабарлашты. Жараат алган 15 жашар Хайдар Жамил деген бала “Вашингтон Таймс” гезитинин кабарчысына аткылоодон анын атасы, энеси жана чоң энеси курман болушканын айтып берген. "Мен аткылай башташканда эле машинеден секирип кеткем, бирок баары бир бутума жана далыма ок тийди. Ок жеген чоң энем болсо, дарыгерлер келгиче эле кансырап, жан берди. Машинеде ымыркай карындашым бар эле, кудай жалгап, ага эчтеке болгон жок. Биз эч нерседен капарыбыз жок, Фаллужанын сыртында турган туугандарыбыздыкынан келатканбыз", - деп бала ыйлап айткан.
Окко учуп өлгөн төртүнчү киши Фаллужа ооруканасынын сакчыларынын башчысы, мотоциклчен бараткан 30 жаш чамасындагы Таха ал-Фаллахи деген киши болгон. Ал-Фаллахи менен мотоциклде бараткан Рафи Зияд машинедегилер эч кандай ок ачышпаганын, америкалык күзөт көпүрөнүн алдында, буйтка жерде орнотулгандыктан, алар адегенде солдаттарды көрбөй өтүп барып, анан токтогонго аракет кылышканын, бирок капилеттен эле окко кабылышканын кыжырдануу менен баяндаган.
Апрель айында америкалык аскерлер Фаллужада 16 демонстрантты өлтүрүп, 78 кишинин жарадар кылышкан. Сентябрда болсо 9 ирактык полициячыны жана Иордания госпиталынын кароолчусун жаңылыштыктан өлтүрүп алышкан.
Акыркы кандуу окуя фаллужалыктардын ачуусун келтирди. Кыжырданган шаардыктар мекендештерин америкалыктардан өч алууга үндөп жатышат. “Ажанс Франс пресс” кабар агенттиги жекшембиде Фаллужада АКШнын аскердик автоколоннасы өтүп бараткан жерде бомба жарылып, андан бери дегенде бир машине кыйрап калганын маалымдады. Кол салуудан канча адам жабыркаганы белгисиз.
Укук коргоочулар карапайым ирактыктардын өлтүрүлүп жатканы талаптагыдай иликтенбей, күнөөлүүлөр жазаланбай калып жатканы үчүн америкалык жетекчиликти кескин айыпташат. “Эмнести Интернешнл” уюму Женевада тараткан билдирүүсүндө мындай дейт:
- Америкалык аскерлер кол салуу коркунучуна дуушар, алар ар дайым жогорку даярдыкта болууга мажбур. Бирок бул аларга киши өлтүрүүгө укук бербейт!
Америкалык аскерлерге күндөн-күнгө күч алып бараткан жек көрүү өлкөдөгү абалды турукташтыруу вазыйпасы эл аралык аскерлерге өткөрүлүп беримейин тынчтык орнобойт деген пикирлерди бышыктайт. Ишемби күнү Лондондо араб тилинде чыгуучу “Ал-Хаят” гезитине берген маалыматында Ирактын Башкаруу Кеңешинин төрагасы Ахмад Чалаби “АКШ баштаган оккупациялык күчтөр өлкөдөн чыгып кетип, тынчтык орнотуу миссиясы эл аралык бейпилдик күчтөргө тапшырылмайынча, бийлик толугу менен Ирак жетекчилигине өткөрүлүп берилмейинче, өлкөдөгү абал тынчыбайт”, - деп билдирди.