Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

ИРАН: ӨЗӨКТҮК ОТУНДАН ӨЗӨКТҮК КУРАЛГА КАРАЙ КАДАМ ТАШТАЛАБЫ?


Бейшембиде БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттиги Ирандагы текшерүүсүн улантат. Расмий Тегеран агенттик менен кызматташууга даяр экендигин белгилөө менен, байытылган уран тынчтык максаттарында гана пайдаланылат деп ырастоодо. Ирандын өзөктүк программасы АКШ менен Россиянын президенттери Буш менен Путиндин өткөн жуманын алгында Кэмп-Дэвидде болгон 2 күндүк саммитинде да талкууга алынды.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Тегеран өкмөтүнө өзүнүн жашыруун өзөктүк программасынын жоктугун далилдеш үчүн 31-октябрга чейин убакыт берген эле. Андай болбогон күндө агенттик Ирандын Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге баш ийбей жаткандыгы жөнүндө резолюция кабыл алыып, Тегерандын мыйзам бузуулары БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралышы мүмкүн.

Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази АКШнын Эй-би-си (ABC) телеканалына жекшемби күнү берген маегинде Тегеран Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууга даяр деп билдирди. Ошол эле мезгилде Иран электр кубатын иштеп чыгуу максатында уранды байытууну уланта берүүнү көздөйт деди Ирандын тышкы иштер министри:

- АКШ администрациясы бизден уранды байытууну токтотууну талап кылууда. Байытуу мыйзамдуу жүрүп жаткандыктан, ал өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимди бузгандык болуп саналбайт. Бул жараян Атомдук энергия боюнча агенттиктин инспекциясынын көзөмөлү астында жүрүүдө. Ошондуктан мыйзам бузуулар болушу мүмкүн эмес.

Өткөн август айынын этегинде БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттигинин эксперттери Тегерандын түштүгүндө жайгашкан Натанц шаарынын жанындагы ишканада курал жасоодо пайдалануучу урандын издери табылганын жарыялашкан эле. Иран өкмөтү өзүнүн жашыруун өзөктүк программасы жөнүндөгү айыптоолорду четке кагып, Натанцтагы ишкананын жабдыктарына алар Иранга жеткичекти эле “жуктурулган” деп актанды. Агенттиктин баяндамасы Иран тымызын түрдө өзөктүк куралдын үстүнөн иштеп жатат деген кооптонууларды ого бетер күчөттү.

Белгилүү болгондой, расмий Вашингтон Иран өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү 1970-жылкы келишимди бузуп, өзөктүк курал программасынын үстүнөн жашыруун түрдө иштеп жатат деп, Тегеранга көптөн бери кине тагып келет. 1991-жылы Иран Кытайдан уран сатып алып, ал жөнүндө Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке билдирген эмес. Импорттолгон өзөктүк зат кандай максатта колдонулат, ал кайсы жерде, кандай шартта сакталат жана ушул өңдүү маалыматтарды берүүдөн да Тегеран баш тарткан. АКШнын расмий өкүлдөрүнүн жана эл аралык инспекторлордун баамында, Иран 2006-жылга карай өзүнүн атомдук бомбасын чыгарууга мүмкүнчүлүк ала алат. Жекшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Си-Эн-Эн (CNN) каналынан сүйлөгөн сөзүндө кеп станцияларда эмес, кептин баардыгы өзөктүк отун болчу заттардын пайдаланылышында деп билдирди. “Ошол заттарды өзөктүк курал жасалчу материалдын булагына айлантпоону биз көзөмөлдөй алабызбы?” - деди Пауэлл. Ал Тегеран Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кошумча протоколго кол коюшу абзел деген оюн да айтты.


Ирандын өзөктүк программасы ишемби күнү Путин менен Буштун Кэмп-Дэвидде болгон жолугушуусунда да талкууланды. Орус президенти Тегеранды агенттик менен кызматташууга чакырды:

- Иранга урматыбызды билдирүү менен катар, эл аралык агенттик менен кызматташууну улантуунун жана аны кеңейтүүнүн зарылдыгын ачыктан ачык айтуу өтө маанилүү деп эсептейбиз.

Бирок Иранга өзөктүк станцияны курууга көмөктөшүүдөн баш тартуу жөнүндөгү Вашингтондун өтүнүчү жоопсуз калды.

Россия - Иранды өзөктүк технология жана адистик экспертиза менен камсыздаган жападан-жалгыз мамлекет. Орустар Ирандын түштүгүндөгү Бушехр атомдук станциясын курууга жардам көрсөтүп келатышат. Москва бекет үчүн керектүү атомдук заттарды Иранга экспорттоп, керектелген өзөктүк отундун калдыктары аскерий максаттарда пайдаланылып кетпесин деп, өзөктүк таштандыларды кайрадан Россияга ташып кетүү жөнүндө Вашингтонго сөз берген эле. Бирок бир нече жылга созулуп кеткен сүйлөшүүлөргө карабай, тийиштүү келишим алиге чейин түзүлө элек. Ирандын тышкы иштер министри жекшембиде ошондой келишимге бир айдын ичинде кол коюлушу мүмкүн экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG