Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

ИРАК: ТИКРИТ ОПЕРАЦИЯСЫ ИЙГИЛИКСИЗ БҮТТҮ


Дүйшөмбү күнү таңга жуук америкалык аскерлер жана Ирак полициясы Саддам Хусейн туулуп өскөн Тикрит шаарында операция өткөрдү. Бирок, кылдат даярдалган бул операция натыйжасыз аяктады. АКШ армиясынын өкүлү Дэвид Пуарьенин билдиришинче, Саддамдын федаиндери жашаган 15 үй тинтилип, эч ким колго түшүрүлгөн жок. Шектүү төрт адам кармалды.

29-сентябрдын таңында америкалык аскерлер менен Ирак полицайлары Саддам Хусейндин тарапкерлери-федаиндер жашынган 15 үйдү капылеттен тинтүүгө алышты. Кылдат даярдалганы таңкы операцияга 100 чамалуу америкалык аскер жана ирактык 200 полицай катышты. Аларды асмандан тикучарлар коштоп жүрдү. Бирок, АКШ армиясынын өкүлү, подполковник Дэвид Пуарье айткандай, “Америкалык күчтөр Тикритте өткөргөн эң чоң операция учурунда, тилекке каршы, бир да федаин колго түшпөдү”.

Багдаддан 175 чакырым түндүктө, Тигр дарыясынын боюнда жайгашкан Тикрит шаары Ирактагы америкалык аскерлерге каршы күрөштүн борбору эсептелет.

Өлкөдөгү коалициялык күчтөргө каршы күрөштү жетектеп, Ирактын жаңыдан түзүлгөн полициясынын мүчөлөрүнө кол салууларды жана түрдүү диверциялык акцияларды уюштурган Саддамдын тарапкерлери Тикритте жашырынып жүрөт деген ишеничте АКШлык күчтөр.

“Алар турган жайын тынбай алмаштырышып, эч качан бир орунда узакка турушпагандыктан, биз аларды кармай албадык. Шектүү төрт адам кармалды. Биз аларды кысмакка алганды дагы күчөтөбүз”, - деп түшүндүрдү подполковник Пуарье кабарчыларга.

Ал, ошол эле учурда, федаиндерге операция болорун кимдир бирөө мурдатан эскертип койгон болушу мүмкүн деген да жоромолун айтты.

Күн сайын чабуулга кабылып жаткан АКШлык аскерлер, Ройтер агенттиги баамдагандай, өлкөдөгү жагдайды көзөмөлдөөнү жана анын жоопкерчилигин Ирактын жаңыдан түзүлгөн полиция күчтөрүнө өткөрүп берүүгө ынанып барат.

Бирок, дүйшөмбү күнү Тикрит шаарында өткөрүлгөн операция жергиликтүү полиция америкалык жоокерлерсиз кырдаалды көзөмөлдөөгө жарайбы деген күмөнсүнүүнү дагы күчөттү.

Мисалы, тинтүүгө алынчу үйлөрдүн биринде илинип турган кулпуну ирактык полицай беш мүнөт бою балкалап ача албай турганда, америкалык жоокер терезени күүлөнүп туруп тулку бою менен уруп ачкан да, көз ирмегенче үйдүн ичине кирип кеткен.

Дэвид Пуарьенин айтышынча, Тикритти америкалык аскерлер ээлешкени менен, шаарды толук баш ийдирүү жеңил иш болбойт көрүнөт. Тикрит шаарында азыр 27 миң АКШлык аскер жайгаштырылган.

Өткөн жума Саддамдын ата жайында жайгашкан америкалык аскерлер үчүн өтө жемиштүү болду. Адегенде фeдaиндерди акча менен каржылаган эки адам колго түшүрүлүп, аптанын соңунда каруу жарак сакталган төрт жашыруун кампа табылды.

Жергиликтүү адамдардын бири берген маалыматтын негизинде кармалган куралдардын арасында Россияда жасалган 23 даана “Жер-асман” тибиндеги ракета, жарым тоннага жакын жардыруучу заттар, 115 гранат аткыч, 430 даана граната жана башка түрдүү согуштук жабдуулар бар.

Пентагон узакка дейре Иракка кошумча аскер жөнөтүүнүн зарылдыгы жок деп жүргөнүнө карабай, өткөн ишемби күнү Иракка 10 миң аскер жөнөтүлөт деп жарыя кылды. Андан тышкары 5 миңден ашык аскер күжүрмөн даярдык абалына өткөрүлдү.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин CNN телевидениесине берген интервьюда айтканына караганда, ушу тапта Иракта америкалык 130 миң жоокер бар. Аларга 31 өлкөдөн барган 22 миң аскер жардамдашууда.

Пауэлддин сөзүнчө, Индия өз аскерлерин Иракка жардамга жөнөтпөсүн америкалыктарга ачык билдирген.
Ал эми Түркия, Бангладеш жана Пакистан бул маселени ойлоштуруп жатат, бирок бир бүтүмгө келе элек деди Пауэлл.

Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш өткөн жумада Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп, Улуттар Уюмунун мүчөлөрүн Иракта коопсуздукту орнотуу жана өлкөнү кайра курууга көмөктөшүү үчүн аскер жөнөтүүнү, ошондой эле акчалай жардам берүүнү сураган эле.

Бирок, АКШнын Ирак согушундагы ишенимдүү союздашы - Британиянын Ирактагы өкүлү Жереми Гринсток жекшемби күнү Би-би-си радиосуна интервью берип, АКШ жана анын союздаштары эл аралык жардамсыз эле акырындап Иракта тынчтыкты орното алат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG