«Климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнөлүк конференция» 29-сентябрда Москвада ачылды. Беш күнгө созула турган жыйынга 80ден ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышып, планетанын глобалдык масштабда ысышына байланыштуу маселени талкуулашууда. Конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн президент Владимир Путин Орусиянын Киото протоколуна кошулуусу үчүн убакыт керек экендигин билдирди:
- Орусияны Киото протоколун тезирээк ратификациялоого үндөгөн чакырыктар чыгууда. Мындай үндөөлөр бул конференцияда көп айтылаарына ишенем. Орус өкмөтү протоколго кошулуу маселесин дыкат иликтеп жатат жана иликтөө бүткөндөн кийин Орусиянын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен чечим кабыл алат.
1997-жылы Япониянын Киото шаарында кол коюлган протоколго ылайык, ага кирген мамлекеттер атмосферага газ чыгарууну азайтуу милдеттемесин алган. Бирок, аба булгоочу газдын 36% чыгарган АКШ жана 17% чыгарган Орусия протоколго кошула элек.