Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

А.АКАЕВДИН КЕЛЕРКИ МӨӨНӨТҮ ТУУРАЛУУ СӨЗ КАЙРАДАН КОЗГОЛО БАШТАДЫ


Ишемби күнү Ишкерлер ассоциациясынын II курултайы өттү. Бул 2005-жылкы президенттик шайлоого катышууну Аскар Акаевге ачык сунуштаган алгачкы салабаттуу жыйын болду. Бирок президенттин катышуусунда өткөн бул курултайдын жыйынтык документине ал сунуш кирген жок. Оппозициячыл көз караштагы саясатчылар болсо бул окуяны президенттин мөөнөтүн узартуу максатында бийлик тарабынан атайын уюштурулган өнөктүк катары баалашууда.

Ишкерлердин курултайында айрым делегаттар сунуштарды жалпы катышуучулардын атынан айтып чыгышты. Алардын бири «Азыркы соода технологиялары» аттуу жоопкерчилиги чектелген уюмдун башкы директору Воронин Сергей болду.

- Бул менин жеке эле пикирим эмес, Кыргызстандын мага тапшырма беришкен ишкерлеринин да пикири, - деди ал. - Сиз көп иш жасадыңыз. Алдыда жасай турган андан да көп иш турат. Баштаган реформаны аягына чыгарышыңыз керек деп санашат, айыл-шаарлардагы ишкерлер. Сиздин эгемен Кыргызстанды өнүктүрүүгө кошкон чоң салымыңызды, ишкердикке көрсөткөн колдооңузду көрүп туруп, биз, курултайдын катышуучулары, беш жылдык дагы бир мөөнөткө президент болушуңузду сизден суранабыз жана андан үмүтүбүз чоң.

А. Акаевден келерки президенттик шайлоого кайра барууну буга чейин Оштогу жаш окумуштуулар жана Нарында өткөн илимий-практикалык конференциянын катышуучулары сунуш кылышкан. Мындай сунуштардын аягына президент 19-июлда «Өнөктөштүк форуму» аттуу «тегерек үстөлдө» чекит койгондой болду эле.

- Мен буга чейин эки жолу бул суроого ачык жана так жооп бергемин, - деген эле президент ошол жыйындагы сөзүндө. - Конституциянын жаңы редакциясында мага жаңы мандат берилбестиги ачык жазылган. Ошондуктан келгиле, буга акыркы чекитти коёлу!

Бирок оппозициячы саясатчылар президенттин мындай билдирүүсү анын келерки мөөнөткө барбастыгына кепилдик бербесин өз убагында айтып чыгышкан. Ал эми ишкерлердин жогорудагыдай демилгесин алар мурдагы божомолдун чындыкка жакындап баратканы катары баалашууда. Маселен, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай дейт:

- Бул өнөктүк мурун эле Оштон башталган. Эми аны ишкерлер улантып атышат. Ал мындан ары да уланаарына көзүм жетип эле турат. Бул «Ак Үй» тарабынан уюштурулуп атат.

Президенттин чынчылдыгынан шектенген парламенттеги саясатчылар болсо, азыркы президенттин келерки мөөнөткө барбай тургандыгына жаңы Конституциянын алкагында кошумча кепилдик алууга аракет кылып атышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөнкул Чотонов Аскар Акаевдин келерки шайлоодогу укугун аныктап берүү өтүнүчү менен эки палатанын тиешелүү комитеттерине кайрылып, бири-бирине кайчы жооп алганын, эми Конституциялык Сотко кайрылууга мажбур болуп жатканын айтты. Ал эми «А.Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрагасы, депутат Азимбек Бекназаров «Конституциялык Сот бүтүм чыгармайынча А.Акаевдин келерки шайлоого барар-барбасын аныкташ мүмкүн эмес» дейт. Анын айтымында, оппозициялык саясатчынын мындай арызын кароодон Конституциялык Сот баш тартууда. Ушундай жагдайларды эске алган оппозициячылар А.Акаевдин келерки шайлоодон баш тартаарынан күмөн санап турушат.

Президенттин акыркы билдирүүсүнө бекем ишенген айрым байкоочулар ишкерлердин сунушун президенттин айланасындагылардын эле майнапсыз аракеттери катары белгилешүүдө.

Чордончул жана бийликке жан тарткан саясатчылар президенттин кетээр-кетпеси тууралуу пикир айтууну анча каалашпайт. Ал эми пикир айткандардын арасында президенттин кетээрине ишенгендер арбын. Маселен, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын башчысы Муратбек Иманалиев президент өз сөзүнө тураарына бекем ишенет. «Менин өлкөм» партиясынын мүчөсү, депутат Зайнидин Курманов болсо президенттин «тегерек үстөлдөгү» билдирүүсүн демократияны көздөй жасалган жаңы кадам катары баалайт.

Атын атагысы келбеген талдоочунун көз карашында, кыргыз президентин азыр шайлоого барууга караганда, Владимир Путиндей ишенимдүү мураскор табуу көбүрөөк түйшөлтүүдө. «Кыргызстанда бийлик алмашуу Орусиянын жолу менен баратканын жакында кабыл алынган «Кыргызстандын биринчи президентинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзам тастыктап турат», - дейт ал.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG