Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

ИРАК: АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИН 4 САAТТЫК АЙКАШЫ


Вашингтон Иракты кайра курууну тездетүү боюнча Улуттар Уюмуна жаңы резолюцияны даярдап жаткан кезде, Ирактагы коалициялык күчтөргө кол салуулар күчөдү. Дүйшөмбү күнү Ирактын ортолук бөлүгүндөгү ал-Халдия шаарынын четинде АКШлык аскерлердин кербенине кол салынды жана уруш төрт саатка жакын созулду. Ал эми Хавижа шаарында Саддамдын тарапкерлеринин демонстрациясы өттү.

Дүйшөмбү күнү америкалык аскерий кербен ал-Халдия шаарынын четинде граната жана бомба чабуулуна туш келгенден кийин башталган уруш төрт сааттан көпкө созулду.
“Саат тогузда Рамади чарбагын көздөй бараткан танка бомбага кабылгандан кийин, аны менен чогуу бараткан төрт жип машинесинин экөөсүнө граната тийди”,- дейт 18 жаштагы студент Мохаммед Махмуд.

Күбөлөрдүн айтымында, уруш өтө каттуу болгон. Франс пресс агенттигинин кабарчысы “Black Hawk” деп аталган эки тикучар жарадар 4 аскерди алып кеткенин жана эки тез жардам машинеси салгылашуу болгон жакты көздөй зымырап баратканын көргөн.
Жергиликтүү адамдар америкалык учак менен танк бир нече тамды жана тоок фермасын кыйратып, электр линиясын иштен чыгарды дешет.

АКШ армиясы 14 ирактык камакка алынды деп маалымдады.

Ушул эле күнү ал-Хаббания кыштагына жакын жерде да америкалык аскерий кербенге кол салынды. Ал-Хабанияда АКШлык аскерлердин Ирактагы эң чоң базасы жайгашкан.
АКШ армиясынын өкүлү, подполковник Жорж Кривонун билдиришинче:

- Кербенге жасалган чабуулдан коалициянын бир жоокери жарадар болуп, башка бир жоокер окко учту.

Иракта чоң салгылашуулар токтоду деп, Вашингтон 1-майда жарыяландан бери курман болгон АКШлык аскерлердин саны муну менен 85ке жетти.

Акыркы эки айкаш тең Багдаддын батыш тарабындагы сунниттер жашаган аймакта болду. Апрель айында Саддамдын өкмөтү кулатылгандан бери бул аймактагы америкалык күчтөргө тез-тез кол салынып турат жана эл арасында америкалыктарды жек көрүүчүлүк күчтүү.
Уруш ок учкан майдандагы жоокерлердин эле эмес, карапайым атуулдардын да өмүрүн жалмоодо.

Дүйшөмбү күнү Киркук шаарынын батышындагы Хавижа деген жайда Саддамдын сүрөттөрүн көтөрүп алган 550дөй адам АКШлык жоокерлерди таш бараңга алышканда, алар демонстранттарды соолуктуруу үчүн аткан октон 10 жашар бала менен 25 жаштагы жигиттин өмүрү “кыйылды”.

Эки күн мурда таанымал шиит саясатчысы, өлкөнүн жаңы конституциясын даярдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Жалал ад-Дин ас-Сагирге кол салынып, анын күзөтчүсү мерт болду.
20-сентябрда Ирактын АКШ бекиткен өкмөтүнүн мүчөсү Акыла ал-Хашими айым ушундай кол салуудан набыт болгон эле.

Ал-Сагирге кол салуудан бир күн илгери Вашингтон жарым жылдын ичинде Ирактын жаңы конституциясы даяр болушун кааларын билдирген. Бирок, “Вашингтон Пост” гезити шейшемби күнкү санында жазганга караганда, конституцияны даярдоочу жумушчу топтун мүчөлөрү арасында: исламдын коомдогу орду, жаңы саясый системанын түзүлүшү, атүгүл улуттук жыйынга делегаттарды тандоо боюнча биримдик жок. Ошон үчүн, алты ай ичинде конституция иштелип чыгаары күмөндүү деп жазат “Вашингтон Пост”.

Жорж Буштун администрациясы дипломаттык майданда да катуу аракеттенүүдө. АКШнын Мамлекеттик департаменти жакын арада Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине Ирак боюнча жаңы резолюцияны сунуш кылат деп күтүлүүдө. Резолюцияда, Мамдепартаменттин өкүлү Ричард Боучердин сөзүнчө, айрым өлкөлөрдүн бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү талабы эске алынат.

Брюсселде болсо Европа Биримдиги Ирактын күнкорсуздугун “кырдаалга жараша” калыбына келтирүүгө чакырды. Бирок, Британия менен Франция ортосундагы ажырым дале сакталууда. Франция бийлик тез арада ирактыктардын өзүнө өткөрүлүп берилсин деген көз карашынан тайбай турат.

XS
SM
MD
LG