Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Кыргызстанга Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчисинин орун басары келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчисинин орун басары генерал Мишел Массон иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал Бишкектеги Жогорку аскердик окуу жайында француз тилин үйрөтүү классын ачуу аземине катышты. Андан соң ал коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушуп, эки тараптуу аскердик байланыштарды чыңдоо маселесин талкуулады. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 4-октябрдан 9-октябрга чейин коргоо министри Эсен Топоев Францияга барып, анын коргоо министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

XS
SM
MD
LG