Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ АБАЛ


Байян Жумакадыр кызы, Прага Израилдик аскерлер Йенин качкындар лагеринде “Ислам Жихад” тобунун башчысы Шейк Бассам Саадини колго түшүрүшкөнү маалымдалды. Экстремисттик топтун 42 жаштагы лидери Саадини Израилдин коопсуздук кызматы эки жылдан бери кармай албай жүргөн.

Тик учактар менен танкалардын колдоосуна жамынган израидик аскерлер биринчи октябрда Батыш Жээктеги Йенин качкындар лагерине рейд жасап, диний экстремист топторго тийешеси бар деп шектелген кишилерди издеп, лагерди үймө-үй кыдырып чыгышты. Из кубар иттерди жетелешекен жөөт аскерлери Шейх Бассам Саадини мечиттин жанында токтоп турган автомашиненин астынан таап алышты. 42 жаштагы Саади – “Исламдык Жихад” тобунун ичиндеги экстремисттик көз караштагы фракциясынын жетекчиси. Анын кол алдындагы топ жоот жана палестин согушкерлеринин ортосунда жетишилген тынчтык келишимди колдоодан баш тарткан. Палестин көтөрүлүшү башталган 3 жылдан бери “Исламдык Жихад” тобу израилдиктерге каршы көптөгөн террордук кол салуударды уюштуруп, жүздөгөн жазыксыз адамдардын ажалына калган. Жөөт аскерлери Батыш Жээктеги Наблус, Рамалла жана Хеброн шаарларында жүргүзгөн аскердик рейддеринде дагы бир нече палестин согушкери колго түштү. Күбөлөрдүн айтымында, аскерлер ал аймактарда куралдуу палестин топторунун уюгу деп шектелген 12 үйдү жана Мисирден Газа тилкесине курал ташып өтүү үчүн пайдаланылып жүргөн жашыруун туннелди жардырып, жок кылышты.

Анын аралыгында, эл аралык коомчулуктун Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттери улантылып жатат. 29-сентябрда Еврошериктештиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселде өткөн жыйынында башка эл аралык проблемалар менен катар уюмдун Жакынчы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттери талкууланды. Кеңешмеде Жакынкы Чыгыш, Ирак, Иран жана Ооганстан маселеси талкууга алынгандыктан, дебаттар "Кеңири Жакынкы Чыгыш" деп аталды. Ирак согушуна байланыштуу орток пикирге келе алышпай жиктелген Европа өлкөлөрүнүн көз караштары мында бир жерден чыкты. Еврошериктештик алдыда аталган Ирак, Иран, Ооганстан жана Жакынкы Чыгыш маселесинде уюмдун ролу жогорулатылууга тийиш деп эсептейт.

Белгилүү болгондой, Еврошериктештик Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуу үчүн түзүлгөн төртилтик байланыш тобунун мүчөсү. АКШ, Орусия, Улуттар Уюму жана Еврошериктештиктин катышуусу менен иштелип чыккан "Жол картасы" деп аталган план боюнча, жөөт аскерлери Батыш Жээк менен Газа тилкесинен толугу менен чыгарылып кетип, 2005- жылы Палестин автономиясынын аймагында эгемен палестин мамлекети түзүлүүгө тийиш. Еврошаркет бул планды ишке ашырууда уюмдун төртилтиктин башка мүчөлөрү менен кызматашуусу күчөтүлүүгө тийиш деп эсептейт. Еврошаркеттин коопсуздук маселелери боюнча координатору Хавьер Солана мындай дейт:

- Жакынкы Чыгыш маселеси боюнча төртилтиктин өкүлдөрү айына жок дегенде эки жолу жолугуп, абалды, жасалган жылыштарды талкуулап туруулары абзел. Ошондо биз актуалдуу ахвалдан, уюмдун тышкы иштер министрелеринин айлык жыйынын күтпөстөн, ар убак кабардар болуп турабыз.

Солана ошондой эле Еврошаркет Ахмед Курей баштаган жаңы палестин өкмөтү төртилтик менен тыкыз кызматашаарына үмүттөнүп турганын айтты.

Италиянын тышкы иштер министри Франко Фратини "Израил өзүнүн коопсуздугун коргоого толук акылуу", бирок палестин жетекчиси Ясыр Арафатты сүргүнгө айдоо, палестин куралдуу согушкерлерин жок кылуу сыяктуу чаралар “эки ортодогу диалогго кедерги гана болот” деп эскертти. Ошону менен катар италиялык дипломат согушкерлерди ооздуктоо үчүн Палестин Автономиясынын коопсуздук күчтөрүн бир кишинин кол алдына өткөрүп берүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Министр заманбап көз караштагы экс-премьер Махмуд Аббастын иштен кетишине анын коопсуздук күчтөрүнө ээ эместиги себеп болгон деп эсептейт. Буга байланыштуу Еврошаркет Палестин коопсуздук күчтөрүнүн командачылыгын бир кишиге өткөрүп берүү талабын кайталады.

XS
SM
MD
LG