Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

ДЕМОКРАТИЯДАН ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР АРТЫК БОЛУУДА


Азербайжандын президенти Гейдар Алиев 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Ал өзүнүн саясий мураскорун, уулу Илхам Алиевди колдоп берүүнү өз шайлоочуларынан өтүндү. Азербайжан президентинин бул саясий чечими Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?

Гейдар Алиев өз талапкерлигин алып салганы - бийликти ишенимдүү адамга өткөрүп берүүнү көксөгөн башка президенттердин тилегинин бир эле өлкөдө ишке ашып жатканы. Мындай бийлик монополиясы Кавказ жана Борбор Азия мамлекеттеринде кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Мындай көз карашты сап кармаган айрым саясатчылар Казакстан менен Өзбекстанда деле жакын арада бийлик ушундай жол менен алмашып калышын жокко чыгарышпайт. «Үлкөн мамлекеттер ортосундагы кызыкчылыктар ушундай кадамдарга түртүп жатат. Мындай кызыкчылык азыр Кыргызстанда деле түзүлүп калды», дешет айрымдары. Маселен, «Арнамыс» партиясынын лидери Эмил Алиевдин пикиринде, АКШ менен Орусиянын аскерий базаларынын жайгашышы азыр өлкөнү «учак ташыган чөкпөс кемеге айландырды». Ошондуктан дүйнөдөгү бул таасирдүү эки мамлекет демократиялык өнүгүүнү канчалык жактабасын, азыркы бийликтин кызыкчылыгына ашыкча акаарат кыла албайт. «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиевдин оюнда, Кыргызстанда деле бийлик Азербайжандын үлгүсүндө же ошого жакын жол менен алмашышы мүмкүн. Тургуналиевдин божомолунда, азыркы бийлик өз кызыкчылыгын сактап калыш үчүн үч жолду пайдаланышы ыктымал.

Топчубек Тургуналиевдин пикиринде:
- Же өзү калат, же экинчи варианты - өзүнүн эң бир жакын адамын калтырып кетиши мүмкүн. Үчүнчүсү – Майрам Акаева.

Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева болсо бийлик алмашуунун бул өңүтүн кадыресе көрүнүш катары санап, мындай жолду ириде АКШ өзү көрсөтүп жатканын айтат:

- АКШнын өнүгүү тарыхын карап көрсөк, династиялык шайлоого Америка өзү уруксат берген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG