Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

НАТОнун ООГАНСТАНДАГЫ ТЫНЧТЫК МИССИЯСЫ КЕҢЕЙТИЛЕТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 7- октябрда НАТО Ооганстандагы бейпилдик күчтөрүн өлкөнүн баш калаасы Кабулдан тышкааркы жерлерге жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Натонун баш катчысы Жорж Робертсон НАТО Ооганстандагы тынчтык миссиясын кыш түшкөнгө чейин кеңейтүүгө үмүттөнүп жатканын билдирет.

Ооганстандандагы көптүлүгүү тынчтык күчтөрүнү Кабулдан тышкаркы жерлерге жайгаштырып, өлкөнүн провинцияларында абалды турукташтыруу өтүнүчү менен ооган өкмөтү эл аралык коомчулукка көптөн бери кайрылып келаткан. Ошон үчүн НАТОнун Американын Колорадо-Спрингс шаарында өткөн эки күндүк бейформал жыйынында кабыл алынган чечимди ооган өкмөтү кубаттоо менен каршы алды. Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Омар Самад "чечим Ооганстан жана ооган эли үчүн жакшы кабар" болгондугун билдирди.

Эл аралык бейпилдик күчтөрдүн өлкөнүн провинцияларында жайгаштырылуусу бийлик чөйрөсү дээрлик Кабул менен чектелип жаткан борбордук өкмөттүн жер-жерлердеги таасирин күчөтөт. Дипломаттар бейпилдик миссиясынын кеңейиши эмдиги жылы боло турган жалпы шайлоонун коопсуз жагдайда өткөрүлүүсүнө шарт түзөөрүн айтышат. Азыр Кабулда НАТОнун командачылыгы астындагы беш жарым миң солдат бейпилдик орнотуу кызматын аткарып жатышат.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Колорадо-Спрингс шаарында кабыл алган чечимди эми Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши бекитүүсү керек. НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон ал жөнүндө өтүнүп, Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннанга кат менен кайрылганын билдирди.

Биринчи болуп Германия Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарына өзүнүн 450 солдаттан турган алгачкы аскердик курулуш тобун жибергенге ниеттенет. Бирок Берлин ал аскердик курулушчу топтун өлкөдө жайгашкан америкалык аскерлердин жетегинде эмес, НАТОнун командачылыгы астында болуусун каалайт.

Дипломаттардын маалыматына караганда, баары болуп, Түндүк Атлантика блогу Ооганстандын эл чарбасын калыбына келтирүү үчүн 8 топ түзүп, аларды ар кайсы чөлкөмдөрдө жайгаштырууну пландаштырат. Аскерлердин коргоосу менен иштей турган топтор өлкөнүн жылдардан берки согуштан кыйрап калган чарбасын эле калыбына келтирбестен, жергиликтүү калкты курулуш иштерине тартып, адистерди даярдаганга жардам берет. Ошондой эле андай топтор жергиликтүү акимдер өзүм билемдик менен бийлик жүргүзүп, апийим өстүрүү жана маң зат аткезчилиги күч алып бараткан региондордо абалды турукташырганга данакер болушат. Ройтер кабар агенттигинин маалыматы боюнча, учурда Ооганстанда андай топтон төртөө иштейт, алардын экөө- АКШнын, дагы экөө- Британия менен Жаңы Зеландиянын курулуш топтору. Аскердик курулушгулар мектептерди, ооруканаларды, клубдарды, спорттук жайларды жана башка коомдук мекемелерди калыбына келтирип жатышат.

Бирок Ооганстандагы пландарга байланыштуу НАТО дагы бир нече орчундуу маселени чечүүгө тийиш болот. Ирак, Балкан жана Африкаданы тынчтык миссияларына байланыштуу Түндүк Атлантика Аскердик блогунда азыр күчтөрдүн таңсыктыгы сезилүүдө. Сентябрь айында НАТОнун аскердик командачылыгы бул маселени чечүүнүн ар түрдүү жолдорун сунуш кылган. Ага ылайык уюмдун Ооганстандагы бейпилдик аскерлеринин санын 2000ден 10 миң солдатка чейин көбөйтүү каралат.

НАТО Ооганстанда жайгашкан Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн командачылыгын август айында АКШдан өткөрүп алган жана дипломаттар муну НАТОнун жарым кылымдык тарыхындагы маанилүү бурулуш катары сыпатташкан. Анткени өзүнө мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо ишин аркалап келаткан уюм өз тарыхында биринчи жолу Европадан алыскы аймакта бейпилдик орнотуу вазыйпасын аткара баштады.

Ооганстандагы миссиянын кеңейтилиши менен НАТОнун алдында дагы бир маселе пайда болот. Бул- НАТО менен 10 миң солдаттан турган америкалык аскерлердин аракеттерин өз ара координациялап, ыраатка келтирүү. Америкалык аскерлер өлкөдө жойлоп жүргөн талибан аскерлери менен “ал-Кайида” террордук тобунун калдыктарын жок кылууну көздөшөт.

XS
SM
MD
LG