Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

УКРАИНА ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ КОШУЛУУГА ДАЯР ЭМЕС


Шаршембиде Ялтада Европа Биримдиги менен Украинанын лидерлери чогулуп, алакаларды арттыруу жолдорун талкуулашты. Расмий Киев келээрки жылы коңшулаш үч өлкө Евробиримдикке кошулса, Украинанын тышкы саясаты менен экономикасына катуу таасир этээрин айтып тынчсызданууда.

Украина менен Европа Биримдигинин лидерлери ушуну менен алтынчы жолку саммитин өткөрүштү. Европалык делегацияны Ялтага Биримдикке учурда төрагалык кылып жаткан Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони, Еврокомиссиянын президенти Романо Проди баштап барышты, украин тарапты жолугушууда президент Леонид Кучма жетектеди. Украин өкмөтү көптөн бери келээрки жылы Украина менен чектеш үч өлкө - Польша, Мажарстан жана Словакия Европа Биримдигине кошулса, украин эли жаңы "темир көшөгөнүн" артында калаарын айтып кабатырланып келет. Айрыкча 1-октябрдан тарта Польша Украинанын атуулдары үчүн виза киргизгенден баштап, чек арадагы тоскоолдуктар биринчи кезекте украин экономикасына катуу сокку келтирээри маалым болду. Андыктан, саммиттин алдында расмий Киевдин өкүлдөрү түзүлгөн кырдаалда Украина үчүн Европа Биримдигине тез арада кошулуудан башка ыңгайлуу жол жок деп билдиришкен эле.

Алар анткен менен, Ялтадагы саммиттин соңунда өткөрүлгөн басма сөз жыйынында белгилүү болгондой, Европа Биримдигинин делегациясы адегенде Украина экономикалык реформаларды ишке ашырып, бул жааттагы мыйзамдык базасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирип, Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынышы керектигине көңүл бурушту. Берлускони менен Проди андан сырткары украин бийлиги демократиялык өнүгүү жолунда Европа Биримдигинин принциптерин сактаса, качандыр бир келечекте Украина Еврошаркетке мүчө болуп калышы ажеп эмес деп басым жасашты.

Эмнеси болсо да, европалык бийик делегациянын жетекчилери менен кенен-кесири маектешкен соң, Леонид Кучма Украина азырынча Европа Биримдигине кошулууга даяр эмес экенин моюнга алды.

- Кандай болбосун стандарттар жагынан алганда, Украина азыркы тапта Европа Биримдигине толук кандуу мүчө болууга даяр эмес экенин ачык айта алам. Бирок биз үчүн бул канчалык дымактуу максат болгон күндө да, ал стандарттарга жетишүүгө аракет кылмакчыбыз. Азыркы учурда биз Евробиримдикке кошулуу мезгили келди деп ач кыйкырык салгандан көрө өзүбүздүн саясатчылар менен коомчулук арасында Европа Биримдигине кошулуу – биз үчүн эң туура жол экенин түшүндүрүп жайылтуубуз зарыл.

Президент Кучма андан ары маалымдагандай, Ялтадагы саммит маалында Украина менен Европа Биримдиги ортосунда энергетика, транспорт, илим тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү макулдашылды. Жолугушуунун соңунда эки тарап Киевдин Евробиримдикке кошулуу ниети качан, кандай шарттар алдында турмушка ашаарына токтолушкан жок. Анысына караганда, Батыш мамлекеттеринин, эл аралык уюмдардын Украинадагы коррупция, сөз эркиндигин кысмактоо, адам укуктарын басмырлоого байланыштуу аракеттерден улам президент Кучманын дарегине айтып келаткан сын пикири кескин өзгөрүп кетпеген өңдүү.

Андай сын пикирлер катаал формада айтыла калганда, адатта Леонид Кучма Украина Орусия менен жакындашуу ниетинде экенин көргөзө баштайт. Өткөн айда Украина Орусия, Беларус, Казакстан менен бирге Жалпы экономикалык мейкиндик түзүү тууралуу макулдашууга кол койду. Айрым эксперттер бул документти Орусиянын чөлкөмдө өз үстөмдүгүн орнотуу аракети катары баалап жатышат.

Ялтадагы саммиттин соңунда бирок, Еврокомиссиянын президенти Романо Проди Украина-Орусия алакалары эч убакта Киевдин Евробиримдик менен байланыштарына зыян келтире албайт деп белгиледи. Леонид Кучма болсо, ушул жолугушуудан кийин эми Украина Европа Биримдигине кошулуш үчүн эмне кылышы керектиги дайын болду деп кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG