Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

ИЗРАИЛЬ ПАЛЕСТИН АЙМАКТАРЫНДА АСКЕРЛЕРИНИН САНЫН АРБЫТУУДА


Израиль жаңы терракттардан чоочулап, Иордандын Батыш жээги менен Газа секторуна кошумча аскерлерди жиберүүдө. Өлкөнүн коргоо министринин буйругу боюнча коргонуу тосмолору бекемделип, палестиндердин эки жакка каттоосун чектөө күчөтүлдү. Израиль "Жол картасы" тынчтык планына ылайык, террорчулук токтотулбаса, Палестин мамлекети түзүлбөстүгүн эскертүүдө. Мунун аралыгында бүгүн дагы бир палестин жанкечтиси өзүн жөөт аскерлеринин көзөмөл бекетинде жардырып жиберди.

Быйыл июнь айында, "Жол картасы" тынчтык планы ишке киргизилгенде жөөт аскерлери палестин аймактарынын айрымдарынан чыгарылып, жолдорго коюлган тосмолор алына баштаган эле. Бирок тилекке каршы кан төгүүлөрдүн кайрадан жанданышы тынчтык планынын быт-чытын чыгарып, жагдай мурдагы калыбына келүүдө. Жөөт маалымат булактарынын билдиргенине караганда, Израилдин чалгындоо мекемелери жасалышы ыктымал болгон 30га чукул терракттардан кабардар. Ушундан улам Израилдин жетекчилиги палестин аймактарында азыркыдай абалды дагы белгисиз мөөнөткө чейин кармап туруу чечимине келди жана Иордандын Батыш жээги менен Газа секторуна кошумча аскерлер жиберилип жатат. Палестиндердин эки жакка каттоосуна коюлган азыркы чектөөлөр мындан эки апта мурда эле күчөтүлгөн болчу.

Учурда көрүлүп жаткан чараларга ылайык, жалпысынан 3,5 миллиондой палестин Израилдин аймагына кире албайт. Мындан сырткары аларга Иордандын Батыш жээги менен Газа секторундагы бир шаардан экинчисине кирүүгө да тыюу салынган. Жөөт армиясынын билдирүүсүндө белгиленгендей, аскерлер Иордандын Батыш жээгиндеги палестин шаарларын түгөл курчоого алат, ошол эле учурда Газа сектору жергиликтүү тургундар биринен экинчисине өтө албагандай болуп, төрт бөлүккө бөлүнүп кайтарылууда. Аталган аймактардагы палестиндердин көпчүлү Израилге интифаданын азыркы айлампасы башталган соңку үч жылдан бери эле бара албайт. Ал эми ички чектөөлөр болсо күндөлүк тиричиликти оордоткону талашсыз. Андыктан, палестиндердин көпчүлүгү бир шаардан экинчи шаарга, соода кылуу же ишке баруу үчүн алыскы айылдардагы жолдорду пайдаланышат

Жакынкы Чыгыштын акыркы күндөрдөгү башка жаңылыктарына кайрылсак, палестин жетекчилиги автономиянын лидери Ясир Арафат өткөн аптада инфаркт болгон деген маалыматты төгүндөштү. Бул тууралуу адегенде британиялык "Гардиан "гезити жазып чыккан эле. Арафаттын кеңешчилери менен дарыгерлеринин ырастоосунда, палестин лидери ичегинин вирусунан жапа чеккени чын, бирок эч качан инфаркт болгон эмес. Палестин өкмөтүнүн министри Саеб Эрекат бул боюнча кабарчыларга төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

- Инфаркт, мини инфаркт жөнүндөгү кабарлар толугу менен негизсиз. Президент Арафат ичтин кайсыл бир дартынан толугу менен сакайып келүүдө. Түрдүү oорулар жөнүндө сиздер уккан ушак-айыңдардын эч негизи жок.

Өткөн түнү болсо Иордандын Батыш жээгиндеги Наблус шаарынын жанында палестин согушкерлеринен ок жеп, үч жөөт аскери жарадар болду. Ал бейшемби күнү Тулкарм шаарынын жанында дагы палестин жанкечтиси жөөт аскерлеринин көзөмөл бекетине келип, өзүн жардырып жиберди. Кабарларга караганда, жарылуудан эки адам жаракат алган.

Айтор, бир катар баяндамачылар Жакынкы Чыгыштын соңку окуяларын комментарийлешип, ал мындан 30 жыл илгерки жөөт-араб согушун эске салганын белгилешүүдө. Анда жөөттөрдүн ыйык майрамдарынын бири – "Йом Киппурдун" башталышына туш келген согушка Сирия менен Египет да тартылган эле. Бул жолу болсо майрамга тушташ, өткөн ишемби күнү, Израилдин Хайфа шаарында жасалган терракттан 19 адамдын өмүрү кыйылды, 60тай киши жаракат алды. Буга жооп кылып, Израил өч алуу максатында Сириянын башкалаасы Дамасктан көп алыс эмес жерге абадан сокку урду. Израиль бул райондо палестиндердин Хайфадагы жардыруу үчүн жоопкер болгон "Ислам жихады" уюмунун базалары жайгашкан жана Сирия аларга колдоо көргөзүүдө деп эсептейт. Расмий Дамаск болсо Израилдин жогорудагы кадамын агрессия жана Сирияны да согушка тартуу аракети катары баалады. Өз тарабынан Сирия ошол эле замат БУУнун Коопсуздук Кеңешине Израилди айыптаган резолюция долбоорун сунуш кылган эле. Документ азырынча колго салына элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG