Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

КЫЗДАРДЫ КҮЙӨӨГӨ ЭРТЕ УЗАТУУ – АЛАРДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ БАЛТА ЧАБУУ


Ушу тапта дүйнө жүзүндө өспүрүмдөрдүн саны мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин БУУнун Калк фонду 8-октябрда Прагада жарыялаган докладда айтылат. Өзгөчө жакыр, өнүгүү жолундагы өлкөлөрдөгү өспүрүмдөрдүн абалы өтө кыйын экени баса белгиленет. Соңку кезде 12-13 жаштагы бойго жетелек кыздарды күчкө салып, күйөөгө берүү учурлары көбөйдү. БУУнун кору өспүрүмдөрдүн маселелерин чечүү жаш муундун гана эмес, жалпы коомдун кызыкчылыгында экенин белгилейт.

“Дүйнө калкынын 2003-жылкы абалы” деп аталган баяндама менен тааныштырып жатып, Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун расмий өкүлү Омар Гарзеддин мындай деди:

- Быйылкы докладда өспүрүмдөрдүн болочоктогу балалуу болуу жөндөмдүүлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулуш керек деген маселе негизгилерден болду. Дүйнөдө 1,4 миллиард киши, же беш адамдын бирөө 10-19 жаш курагындагы улан-кыздар. Жаш муундун саны тарыхта болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти.

Психологдордун айтуусунда, жетилип келаткан курак адамдын өмүрүндөгү эң татаал учур болуп эсептелет. Ал эми жакыр, өнүкпөгөн өлкөлөрдө моралдык-психикалык кыйынчылыктарга социалдык-экономикалык маселелерди кошкондо, балдардын жашоосу канчалык кыйын экенин элестетсе болот. Жашы жетелек миллиондогон кыздар окууларын таштап, күйөөгө чыгууга мажбур. Докладда белгиленгендей, өспүрүмдөрдүн негизги проблемаларынын бири – жыныстык илдеттер, зордук-зомбулук, мажбурлап бойго бүтүрүү.

- Жылына 15-19 жаш курагындагы 14 миллиондой кыз балалуу болот. Алардын төрөт учурундагы же берик маалындагы саламаттыгынын начарлап кетүүсү – бул кыз-келиндердин арасындагы өлүмдүн негизги себеби. Эрте үй-бүлө күтүү кыздардын билим алуусун, андан кийинки мүмкүнчүлүктөрүн бууп салат, - деген пикирде БУУнун Калк фондунун кызматкери.

Өспүрүм кыздардын турмушка эрте чыгуусунун эки себеби бар: аларды ата-энелер же жакырчылыктын айынан, же эскичил салт-санаа, көз-карашты кармануу максатында 12-13 жашында эле күйөөгө мажбурлап берип салышат.

Бул көрсөткүч Ооганстан менен Бангладеште өтө жогору. Ал жерде 19 жашка чыга элек кыздардын жарымы баш кошууга үлгүрүшкөн.
Докладдын авторлорунун пикиринде, эгерде ошол эле ата-энелер кыздарын турмушка кечирээк берсе, экономикалык жактан да утушка ээ болушат. Анткени бойго болтурбоого же ВИЧ инфекциясынан сактанууга көптөгөн акча каражат кетет.

Фонд өспүрүмдөрдүн сексуалдык жана төрөттүк маселелерин бир эле күндө чечүү мүмкүн эместигин белгилөө менен, айрым өлкөлөрдө үй-бүлө күтүү жашын мыйзамдын алкагында жогорулатууга же жаштардын арасында ВИЧке чалдыккандардын санын кыскартууга алып келген ар кандай программаларды мисалга келтирет. Маселен, Бангладештеги орто билим берүү программасынын талабына ылайык, кыздар мектептеги акыркы сынагын тапшырмайынча турмушка чыкпоого тийиш. Индиянын кээ бир штаттарында өспүрүмдөр окуусун бүтүрмөйүнчө үй-бүлөлүү болбосо, акча же ар кандай белек-бечкек алышат.

Мона Каидбей БУУнун Калк фондунун аткаруучу директорунун жардамчысы. Анын айтымында, соңку доклад өспүрүмдөрдүн абалын жакшыртыш үчүн сөздөн ишке өтүүгө чакырат:

- Бул баяндама жардамыбызды мобилизациялоого чакырат. Каржылоону, жаштарга маалымат, кызмат жагынан көмөктү көбөйтүш керек. Улан-кыздарга алардын укуктарын, саламаттыгын, билим алуусун, келечегин коргоого баардыгыбыз салым кошолу.

Жаштарга сезилээрлик жардам берүү, албетте, каражатка барып такалат. Акыркы кезде бай мамлекеттер өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн социалдык жана медициналык тейлөө тармагына болгон жардамынын көлөмүн кыскартканы баяндамада сынга алынат.

XS
SM
MD
LG