Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы, авиациянын генерал-полковниги Владимир Михайловдун учагы «Кант» аба майданына Екатеринбург шаарынан келип конду. Аны Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Олег Чечель баштаган аскер адамдары жана Орусиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Евгений Шмагин ж.б. тосуп алышты. Журналисттерге В. Михайлов Кыргызстанга «Кант» авиабазасынын учактарды кабыл алууга даярдыгын текшериш үчүн келгенин маалымдады. Михайловдун айтымында, негизинен «Кант» орус учактарын кабыл алууга даяр:
- Сиздер көрүп тургандай, бул жерде ИЛ-76 учагынан эле үчөө турат. Негизинен база учактарды кабыл алууга жана алардын иштешин камсыз кылууга даяр. Буга шек жок. Бирок анын толук даярдыгын бул жерде иштегенден кийин биротоло аныктайбыз.
Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн кол башчысынын айтымында, Орусиянын учактары бир нече күндөн кийин Кантка конот. Кыргызстанда Орусиянын канча учагы болоорун Михайлов так айткан жок, бирок 500дөй аскер жайгашаарын ачык маалымдады.
«10-октябрдан тартып Орусия «Кант» аба майданын кабыл алуу иштерин баштайт жана октябрдын жыйырмаларынан кийин авиабазанын ырасмий ачылышы күтүлөт», - дейт Михайлов. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаевдин айтымында, 23-октябрда Кантка Орусиянын президенти Владимир Путиндин келиши күтүлөт. Ошондуктан Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысынын Кыргызстанга келишин В. Путиндин Кантка келишине даярдык катары бааласа да болот.
Владимир Михайлов «Кант» авиабазасы менен П. Ганси атындагы авиабазанын ортосундагы мамилеге да токтолду. Журналисттердин «Кыргызстандын аба майданын чогуу пайдалануу маселесин «Ганси» авиабазасы менен макулдаштыңарбы?» деген суроосуна Михайлов мындай жооп узатты:
- Албетте, кантип учабыз, кандай тартипте – мунун баарын макулдашабыз. Бул дүйнөлүк практика. Макулдашуунун жардамы менен эки авиабаза азыркыдай бири-биринен мынча алыс аралыкта гана эмес, бир аба майданынын ичинде да жайгашса болот. Биз аларды кесиптешибиз катары карайбыз.
Ошентип, "Кант» аба майданы жөнүндө 22-сентябрда Москвада эки мамлекет ортосунда түзүлгөн келишим иштей баштады десе болот. Келишимге ылайык Кыргызстан «Кант» аба майданын Орусияга акысыз өткөрүп берет. Ал эми авиабазанын сууга, электр энергиясына жана башка турмуш-тиричиликке керектүү чыгымдарын кыргыз тарап көтөрөт. Буга байланыштуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев мындай деди:
- «Канттын» иштешин камсыз кылган, электр энергиясы, суу жана башкалар үчүн жумшала турган чыгымдарды Кыргызстан көтөрөт. Ал эми учактардын иштешине, аэронавигациялык чыгымдарга Орусиянын каражаты жумшалат.
Мирбек Койлубаевдин айтымында, Кантка жалаң гана Орусиянын аскерлери жайгашат, кыргыз аскерлери болсо алардан тажрыйба алышат. Бирок авиабазанын тейлөө кызматында кыргызстандыктар иштейт.
«Кант» аба майданы минтип ишке киришкени менен, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бул авиабаза тууралуу түзүлгөн келишим кыргыз парламентинен ратификациялана элек. Адахан Мадумаров баштаган депутаттар Кыргызстандын жетекчилиги Кантты Орусияга берип жатып, парламенттин пикирин бир да жолу сурап койбогонуна нааразы болуп келатышат.