Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

РОССИЯ МЕНЕН ГЕРМАНИЯ ӨЗ АРА МАМИЛЕНИ ЖАҢЫ КЕЛИШИМДЕР МЕНЕН БЕКЕМДЕШТИ


Төрөкул Дооров, Москва Уралдын Екатеринбург шаарында эки күн бою Россиянын президени В.Путин менен Германиянын канцлери Г.Шрөдер ортосунда жалпы кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Эки өлкөнүн жетекчилеринин жолугушуусунун алкагында бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.

Россия менен Германия ортосундагы мамлекеттер аралык атайын жыйын 1998-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келатат. Германиянын экономикасынын Түштүк комитетин жетектеген Оливер Вииктин айтымында, бул жолку сүйлөшүүлөрдө башкы тема катарында эки жумурияттын энергетика алкагындагы кызматташтыгы каралды.

Бейшемби күнү россиялык РАО “ЕЭС” жана германиялык “ЕON” энергетикалык концерни ортосунда Россиядагы электростанциялардын биринде буу жана газ жабдууларынын курулушун биргеликте ишке ашыруу боюнча документке кол коюлду. Энергетика жаатындагы кызматташуу аталган документ менен эле чектелбейт.

Екатеринбургда россиялык-германиялык ар тараптуу кызматташтыкты жандандырууга багытталган алты келишимге кол коюлду.

Алардын ичинен учурда Ооганстанды калыбына келтирүү жараянына катышып жаткан Германиянын күчтөргө керектүү аскерий шайман-жабдууларды Россия аркылуу алып өтүү боюнча келишим өзгөчө бааланды. Путиндин айтымында, Россия бул келишимге кол коюу менен Бириккен Улуттар Уюмунун терроризмге каршы күрөшүүдөгү ролун жогорулатууну, ошондой эле НАТО менен кызматташууну каалай тургандыгын билдирет.

Екатеринбургда эки өлкөнүн атуулдарынын ич ара каттамын жеңилдетүү, Россиянын деңиз аскер флотунун пайдалануудан чыккан суу астында жүрүүчү атомдук кемелерин жок кылууга жардам көрсөтүү, билим берүү жаатындагы жана темир-жол кызматташтыгын күчөтүүгө багытталган келишимдер да түзүлдү.

Орус президенти Владимир Путин Германия канцлери Герхард Шрөдер менен өткөн кездешүү натыйжалуу болгонун айтып, эки мамлекеттин карым-катнашынын пайдубалы бекемдигине далил катарында акыркы үч жыл ичинде канцлер Шрөдер менен 20 жолу сүйлөшкөнүн билдирди.

Анткен менен Россиянын Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчө болуп кирүүсүнө тоскоол болуп жаткан жагдай, президент Путиндин пикиринде, орус экономикасындагы жетишпестиктерден эмес, Евробиримдиктин Россия менен кызматташуу ниетинин жоктугунан улам жаралып олтурат. Россиянын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүсү үчүн коюлган башкы талап: көгүлтүр газ менен мунайдын өлкө ичиндеги бааларын Европа өлкөлөрүндөгү нарктын орточо деңгээлине жоролатуу. В.Путиндин айтымында, Россия бул талапты тезинен аткарууга азырынча даяр эмес. Андыктан, Евросоюздун мындай талабы жөнсүз болуп жатканы өкүндүрбөй койбойт деди Путин германиялык жана россиялык ишкерлер менен болгон жолугушууда:

- Биз Россияга жасалып жаткан мындай мамилени колубузду байлаганга жасалган аракет деп тааныйбыз. Айтып коюшум керек, Россиянын колдору барган сайын кубаттуу болуп барат, ошондуктан Евросоюздай чоң кызматташыбызга да аларды байлоо оңойго турбайт. Ушундан улам, бул жерде олтурушкан германилялык ишкерлерди Россиянын Дүйнөлүк Соода уюмуна кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн Евросоюз бюрократиясына басым жасоого үндөйм.

Өз кезегинде, Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Россия менен саясий жана экономикалык карым-катнашты жандандыруу үчүн бул жолу бараандуу иштер жасалганын билдирди.

XS
SM
MD
LG