Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАНГА САЛЫШТЫРМАЛУУ КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ БАР


Бекташ Шамшиев, Чолпон Орозобекова, Кубат Оторбаев, Бишкек Кийинки кездери Кыргызстанда сөз эркиндиги тууралуу арбын кеп боло баштады. Андай кабатыр кеп-сөздүн чыгышына айрым эркин басылмалардын соттук оор айыппулдарды төлөй албай жабылганы себеп болду окшойт. Эркин басылмаларга карата мындай мамилени бийлик демократиянын бир көрүнүшү катары баалайт. Журналисттердин көпчүлүгү андай пикирде эмес. Өлкөдөгү таанымал журналисттердин бир тобу демилге көтөрүп, Медиа-кеңеш түзүшкөн. Ага карата мамиле да ар кыл. “Азаттыктын” “Коом жана турмуш” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы мына ушул талылуу темага арналат.

Бекташ Шамшиев:
- Кыргыз чиновниктеринин «Моя столица» гезитин миллиондогон айыппулга жыгып, сот чечими менен «Кыргыз Ордо» гезити банкротко кабылганы буга дейре оголе көп айтылып, армансыз жазылгандай болду. Антсе да, кийинки кездери айрым эл аралык уюмдардын демилгеси менен өтүп аткан “тегерек үстөл” жыйындарында проблеманын бир топ өңүттөрү ачылып, бир топ олуттуу пикир-сунуштар айтылууда. Эл аралык “Freedom House” уюмунун адам укуктары боюнча программасынын жетекчиси Стюарт Кан кыргыз журналисттеринин көптөгөн демилгелерин колдоого алаарын билдирип, Медиа-кеңешке көз карандысыз журналисттер анчалык тартылбай калганын айтты.

- Журналисттердин Медиа-кеңеш түзүүгө арналган жыйынына катышканыбыз чын. Бирок биз андагы талаш-тартышка кошулганыбыз жок. Медиа-кеңеш эркин журналисттердин пикирин билдирчү уюм эмес, - дейт Стюарт Кан.

Сот тарабынан чектелген миллиондогон айыппулдарды төлөөгө кудурети келбей жабылган “Моя столица” гезитинин кабарчысы Рина Приживойт айрым бийлик жетекчилери тарабынан коюлган кинелерди негизсиз деп эсептейт.

- Бизге оголе олуттуу кине коюп келишет. Аны жоопсуз калтырбаш керек. Унчукпай койсоң эл деле “айыптуу экен” деп ойлоп калышы ыктымал. Баарынан жаманы - андайда кесибиңдин кадыры түшөт. Канча убакыт өзүң кыжаалат болуп жүргөнүңдү айтпай эле коеюн, анан адамдык арнамысыңды коргош да керек го, - дейт Рина Приживойт.

Анын кесиптеши Людмила Жолмухамедова гезитти каржылык жагынан кысмакка алып, журналисттердин үшүн алып коюу аракетин жактырбайт.

- “Моя столицага” каршы жалаң миллиондогон сомдук доо арыздар берилди. Анын баары гезитти каржылык жактан мүчүтүү аракетинен улам чыгып атат. Журналисттерде миллиондогон акча жок экенин жакшы билишет. Чоң акча - коркутуунун бир түрү. Айрымдарга кызык көрүнсө да айтып коеюн, биз акча эмес, идея үчүн иштеп жүрөбүз. Алган маянабыз анча деле көп эмес. Кеп анда эмес, - дейт Людмила Жолмухамедова.

Сөз эркиндигине карата мындай аракеттерди ооздуктоо, журналисттердин укугун коргоо максатында журналисттердин демилгелүү тобу Медиа-кеңеш түзүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Жаңы уюмду босогодон ары түртүп, аны кезектеги бюрократиялык түзүлүш катары жактырбагандар деле бир топ. Антсе да журналисттердин башын кошуп, алардын кесиптик проблемасын кеңешип чечүү аракетин туура көргөн калемгерлер арбын. Белгилүү журналист, кинодраматург Кадыркул Өмүркуловдун пикири мындай:

- “Кеңеш” дегендин өзүнүн мааниси бар да. Бул, кеңешип туруп иш кылуу деген нерсе. Мурдагы тутумдар цензура сыяктуу болуп калган. Алар келип алып, кабыл алсаң да, кабыл албасаң да өзүнүн пикирин “кабыл аласыңар” деп айтып турушчу. Азыр түзүлүп аткан кеңеш журналисттердин өз ыктыяры менен болуп атат. Адистер өз ара чогулуп алып кеңеш түзүшүүдө. Мурда инструкциялар менен көбүрөөк иштешчү. Мына бүгүн адистер көп нерсени макулдашып алдык. Эң биринчи кезекте, мында журналисттердин өзүнүн укугун коргоочу уюм түзүлүп атат, демилгени журналисттер көтөрүштү.

Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын саясий баяндамачысы Бердибай Саматов “жаңы уюм ич ара ынтымагы жок журналисттердин ымаласын жакшыртышы мүмкүн” деген ойдо.

- Бүгүнкү турмушубуз кечээкиге караганда өзгөчөлүү. Арийне, маалымат каражаттарында да көз караштар өзгөрөт. Мурункудай бирин-бири жамандап, сындап, тирешип турган учурлар бара-бара азайышы керек. Азыр биз бири-бирибиз менен алыша бербей, республикабыздын көтөрүлүшүнө, элибиздин турмушунун жакшырышына бар аракетибизди жасап, күчүбүздү жумшашыбыз керек. Журналисттердин арасында жакшы мамиле, этикалык жагдайлар бар. Ошол жагдайларды жаңы кеңеш чечип, карап, иреттеп турса жаман болбос эле, - дейт Бердибай мырза.

Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин пикиринде, Медиа-кеңеш журналисттердин бир катар кесиптик проблемаларын чечүүгө шарт түзөт. Кыргызстанда сөз эркиндиги кенен тамыр жайып, пикирлердин ар түрдүүлүгү өкүм сүрүп турган чакта андай кеңешти түзүү зарылдыгы алда качан бышып жетилген. Кесиптешим Чолпон Орозобекова президенттин басма сөз катчысы менен чакан маек курган экен, ошону угуп көрөлү.

Абдил Сегизбаев:
- Кыргызстанда сөз эркиндиги толук ишке ашып жатат десем болот. Эртең менен гезиттерди карап, радио-телени көрүп, уксаң андан пикирлердин ар түрдүүлүгүн байкоого болот. Ар тараптуу ой-пикирлерди угуу, ар кыл сындарды угуу мүмүкүнчүлүгү бар. Бул - сөз эркиндигинин толук ишке ашып жатканынын далили. Сөз эркиндигиндеги эң чоң проблема - ар кайсы тармактагы, менчиктеги массалык маалымат каражаттарындагы журналисттердин өз ара келишпестиги, алардын ортосундагы чыр-чатактын көптүгү, арасында биримдиктин жоктугу. Бул ириде журналисттердин кызыкчылыгын коргоочу коомдук уюмдардын ишинин начардыгынан улам болуп атат. Журналисттердин кесипкөйлүк деңгээлин көтөрүү боюнча бир топ иш жүргүзүшүбүз керек. Бийликке нааразы болгон кеп-сөздөрдү да угуп жатабыз. Ар бир журналист өз ишине тыкан болуп, журналисттик принциптерди сакташы керек. Ошондо гана өкмөт, бийлик менен эркин массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы мамилени жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ойлойм. Өкмөт, бийлик тарабы бир жагынан, журналисттер экинчи тарабынан ушул маселени терең түшүнгөндө гана бул проблеманы чечүүгө шарт түзүлөт. Бир топ журналисттердин демилгеси менен Медиа-кеңеш түзүлдү. Бул - журналисттердин кызыкчылыгын коргоочу уюм. Акыркы жылдары журналисттерди сотко берүү, алардан айыппул өндүрүп алуу бизнеске айланып баратканын белгилегем. Себеби, муну укук коргоочу уюмдар факт катары белгилеп жатышат. Алар Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарына карата доо арыздардын көбөйүп баратканын айтышууда. Массалык маалымат каражаттарына каршы берилген доо арыздардын артында финансылык же экономикалык кызыкчылыктар бар. Азыр бийликтин муну токтотууга же жок кылууга мүмкүнчүлүгү жок.

Бекташ Шамшиев:
- Америкалык “Брейкерс консалтинг” компаниясынын кызматкери, 15 жыл бою журналисттик кесипте эмгектенген Нэн Симер айымдын айтымында, проблемалардын болуп турганы жакшы.

- Проблемалардын аягы болбойт. Америкалык демократияга, “Салливан ишине” жетиш үчүн 200 жыл керек болгон. Бийлик менен басма сөздүн мамилеси - дайыма болуп келген, боло берчү проблема. Басма сөздүн жоопкерчилиги болуш керек. Чиновниктер деле дайым жаман эмес. АКШда басма сөзгө кысым көрсөтүү кызматынан кыянат пайдалануу катары эсептелет. Дегинкиси АКШ дайыма эле үлгү боло бере албайт. Канткен күндө да ортодогу талашты соттун жардамы менен чечүү - оор жумуш. Ага чейин талашты жайгаруунун башка жолдорун издеш керек, - дейт Нэн Симер.

Эми мен Кыргызстандагы басылмалардын Интернеттеги баракчаларынын абалы тууралуу макала даярдаган кесиптешим Кубат Оторбаевге сөз узатсам.

Кубат Оторбаев:
- Ырахмат, Бекташ мырза. Мен «Кыргызстандагы басылмалардын Интернеттеги баракчаларынын абалы кандай?» деген суроого жооп издегенге аракет кылсам. Кыргызстандагы 700 чамалуу гезит-журналдардын ичинен биринчилерден болуп, өзүнүн Интернеттеги баракчасын «Моя столица», «Республика», «Вечерний Бишкек» сыяктуу орус тилдүү гезиттер ачкан. Кийин «Общественный рейтинг», «Лица», «Слово Кыргызстана» сыяктуу орус тилдүү гезиттер макалаларын Интернетке кое башташты. Кыргыз тилдүү маалымат каражаттарынын арасынан «Азаттык» радиосунунун Интернеттеги сайтын белгилесек мактаныч болбос. Бирок, кыргыз тилдүү «мен-мен» деген басылмалар ушул күнгө чейин Интернеттеги баракчаларын дурустап жөнгө сала албай келатышат. Журналист Жаныбек Жанызак атайылап гезит ачпаса да, Интернетте кыргыз тилинде баракча ачкан. Ага кыргыз тилиндеги басылмалардын интернет-баракчасын коюп келатат.

- Интернет деген нерсе менен мындан 2 жыл мурда таанышкам. Ал кезде карап көрсөм бир дагы кыргыз гезити Интернетте жок экен. Кыргыз гезити эмес, ал тургай кыргызча сайт жок экен. Анан мен биринчи «Асабага» бардым. Алар алгач көнүшкөн жок. Бирок кийин Интернетти түшүнүп, мен алардын гезитин 50 сомго өз сайтыма кое баштадым. Кийин «Аалам» гезитин чыгардым. Акыркы убактарда «Бишкек таймс» гезитин коюп келатам. Менин таң калганым - ушундай көп акчаны өкмөттөн алып туруп Интернетте сайтын ачпаган «Кыргыз туусуна» таң калам. Жанындагы эле өкмөттүк, орус тилдүү «Слово Кыргызстана» гезитинин жакшынакай сайты бар. Интернетте баракча ачкандын эч кыйынчылыгы жок. Абонемент акысы деп коет, 250 сом керек ага. Анан болгону тилегиң, ынтааң керек, - деди Жаныбек Жанызак.

Эсиңиздерге болсо керек, «Общественный рейтинг» гезити интернет-баракчасына тышкы иштер министри Аскар Айтматовго байланыштуу тоголок катты жарыялап, ал үчүн сот жообуна тартылган. Соттор ал чечимди кайсы негизде чыгарганы белгисиз. Себеби, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча интернет-баракча массалык маалымат каражаты деп эсептелбейт. Жаныбек Жанызак «интернет-баракчаларды мыйзамдаштырыш керек» деген пикирде.

- Менин сайтым эч жерде каттоодон өткөн эмес. Анткени Кыргызстанда интернет-баракчаларды теске салган мыйзам жок. Анан мен «кыргыз тилдүү интернет-баракчалардын өнкүпөй жатканына клавиатурада кыргыз тамгаларынын жоктугу тоскоол болуп атат» дегенге кошулбайм. Аны таап, орнотуп алууга мүмкүнчүлүк кенен, - деди Жаныбек Жанызак.

Бекташ Шамшиев:
- Рахмат, Кубат. Кыргызстандагы сөз эркиндиги ушу тапта соттук оор айыппулдардан аябай жүдөп турат. Маалымат каражаттарына капа болгондор сотко доо арыз менен кайрылганда талап кылган айыппулунун жалпы суммасынын 5 же 10% соттук алымга төлөп, анан акыйкат издешсе туура болоорун айткандар арбын. Ал түгүл президент А.Акаев атайын мыйзам долбоорун парламентке жөнөткөн. Анткен менен кыргыз журналисттеринин кендирин кесип аткан проблеманы мыйзамдык жол менен чечүп берүүнү парламент депутаттары каалабай коюшкан. Эмне демекпиз?
XS
SM
MD
LG