Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

ИСЛАМ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ УЮМУНУН ЖЫЙЫНЫ ИРАКТАГЫ КЫРДААЛДЫ КӨҢҮЛ БОРБОРУНА КОЮУДА


Тынчтыкбек Чоротегин (Tynchtykbek Chorotegin), Прага шаары Бүгүн Малайзиянын жаңы ордо шаары Путражайа шаарында Ислам конференциясы уюмунун кезектеги жыйыны башталды. Анда талкууланган башкы маселе – Ирактагы кырдаал. Азырынча Түркия Ирактагы АКШнын жетегиндеги коалициялык күчтөргө кошумча аскер жиберүүнү жактаган жападан-жалгыз мусулман өлкөсү болду.

Октябрдын 11инде малай өлкөсүнүн жаңы ордо шаары Путражайада өз ишин баштаган Ислам конференциясы уюмунун жыйынында уюмдун Башкы катчысы Абделвахид Белказиз мырза Ирактагы баскынчы күчтөр тез арада өлкөдөн чыгып кетүүсү керек, ал эми өлкөнү кайра куруу ишин жетектөө Бириккен Улуттар Уюмуна өткөрүлүп берилиши зарыл деген талапты айтты. Көпчүлүк араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү буга чейин эле ушул сыяктуу талаптарды айтып келишкен.

Жыйынга катышып жаткан өлкөлөрдөн Түркия гана Иракка аскер жиберүү зарыл экенин жактап чыкты. Түркиянын делегациясынын жетекчиси Тахсин Буржуоглунун айтымында, четтен байкоо салып карап туруп, сынга алуудан оңой эч нерсе жок. Бирок Бириккен Улуттар Уюмуна жетекчилик мандат бериле элек азыркы өткөөл чакта да, мусулман өлкөлөрү Иракка аскердик жана башка жардамын көрсөтүп, анын тез арада кайра курулушу үчүн салым кошууга тийиш, - деди Буржуоглу.

Ирактын Башкаруу кеңеши жиберген өкүл Рийад ал-Фадли болсо өлкөнүн коңшуларынын Иракка аскер киргизишине каршы пикирин ортого салды.

Жума күнү Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Анталия шаарында чыгып сүйлөп, Ирактын Башкаруу кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн Түркиянын өлкөгө аскер киргизишине каршы чыгып жатканына токтолуп, мындайча жообун узаткан:

- Ирактын өткөөл доордогу Башкаруу кеңешинин айрым мүчөлөрү эки күндөн бери биздин сыртыбыздан саясий оюнун баштады. Биз мунун айынан өзүбүздү өтө оңтойсуз сезип турабыз. Биз өзүбүздүн бул маанайды Кошмо Штаттарга билдирдик, анткени бул саясатчыларды өткөөл доордун Кеңешине америкалыктар сунуштаган болчу.

Эми кайрадан Путражайага келели. Иран өкүлү Гуламали Хосроу Малайзиядагы жыйында “Иракка аскер киргизүү Бириккен Улуттардын гана жетегинде жүзөгө ашырылууга тийиш” деген оюн айтты. Малайзиянын өзү болсо мусулман өлкөлөрүн АКШнын “Иракка аскер жибергиле” деген чакырыгын таназарга албоого үндөдү. Ал түгүл Малайзия Саддам Хусейндин өкмөтү мурда ээлеп келген орунга Ирактын убактылуу Башкаруу кеңеши отура албайт деген сунуш менен чыккан эле, бирок араб өлкөлөрү ага каршы болуп, Башкаруу кеңешинин өкүлүнүн ирактык орунду ээлешине жетишишти.

Ислам конференциясы уюмунун Башкы катчысы Белказиз мырза мусулман дүйнөсүнүн башка орчун маселелери да жыйында олуттуу талкууга алынып, тийешелүү чаралар көрүлүшү керектигин эскертти. Ал Жакынкы Чыгыштагы окуяларга басым жасап, “Жол картасы” тынчтык долборунда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди Израил аткарбай жатат жана Палестинадагы коогалаңдуу кырдаал күн санап ого бетер курчууда деп айтты. Ооганстан, Кашмир, Азербайжан жана Сомали сыяктуу өлкөлөрдөгү кырдаал да атайын талкууга алынышы күтүлөт.

57 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да мүчө болгон бул уюмдун Путражайадагы жыйыны 18-октябрга чейин созулат. Октябрдын 16-17леринде уюмга кирген өлкөлөрдүн 35тейинин мамлекет башчысы өз саммитин өткөрмөкчү. Алардан тышкары Бириккен Улуттардын Башкы катчысы Кофи Аннан, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Филиппиндин президенти Глория Макапагал Арройо да саммитке катышмакчы.

XS
SM
MD
LG