Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

КАНТКА ОРУСИЯНЫН АСКЕРЛЕРИНИН ЖАЙГАШТЫРЫЛЫШЫ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ БЕРЕТ?


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары Бүгүн Орусиянын Аскер аба күчтөрүнүн колбашчысы Владимир Михайловдун Кыргызстандагы иш сапары аяктады. 10-октябрдан тартып Орусиянын өкүлдөрү Кант авиабазасын өткөрүп алуу иштерин баштады. Орусиянын аскер күчтөрүнүн Кантка келиши Кыргызстанга эмне берет? Орус аскерлеринин Кантка келишин Орусиянын Борбор Азиядагы бошоңдой түшкөн таасиринин кайра калыбына келиши катары кароо керекпи?

«Манас» аба майданына Кошмо Штаттары баштаган антитеррордук коалицияга мүчө бир нече мамлекеттердин аскердик күчтөрү отурукташканына жакында эки жыл толот. Ал эми Кантка бир эле Орусиянын 500дөй аскерлери жана учактары жайгашмак болду. Белгилеп коё турган маалымат, алгачкы учурларда Кантка Коллективдүү коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерий күчтөрү жайгашаары айтылган болчу.

Ушул жылдын 22-сентябрында Москвада эки мамлекеттин президенттеринин катышуусунда Кантка орус аскерлерин жайгаштыруу жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул окуяга байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын аскерлеринин Кыргызстанда турушу Борбор Азия аймагынын коопсуздугу үчүн да, Күнкорсуз мамлекеттердин шериктештиги үчүн да пайдалуу экендигин белгиледи:

- Орто Азия биз үчүн өтө маанилүү аймак. Биз ал жакта стабилдүүлүк сакталып жатканын, бирок, кырдаалдын жеңил эместигин жакшы билебиз. Биздин аскерлердин ал жакта болгондугу бизге да, биздин Шериктеш мамлекеттердеги өнөкөтөштөрүбүзгө да керек.

Владимир Путин менен Аскар Акаевдин катышуусунда 23-октябрда Кант аба майданындагы орусиялык аскер аба базасы ырасмий ачылат. Ага даярдыктын жүрүшү менен таанышуу максатында 9-октябрда Кыргызстанга келген Орусиянын Аскер аба күчтөрүнүн колбашчысы Владимир Михайловдун айтымында, Кант аба майданы негизинен орус учактарын кабыл алууга даяр:

- Муну Кантка Орусиянын Ил-76 учактарынын конгону жакшы далилдеп турат.

Владимир Михайловдун Кыргызстандагы иш сапары 11-октябрда карыды. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаевдин айтымында, 10-октябрда Владимир Михайлов менен Коргоо министри Эсен Топоев жолугушуп, Кант аба майданын Орусияга өткөрүп берүү тууралуу пикир алмашышты:

- Авиабазаны өткөрүп берүү-өткөрүп алуу иштери 20-октябрга чейин аяктасын деп чечилди. Орусия авиабазаны өткөрүп алгандан кийин ал тууралуу протоколго же келишимге кол коюлат.

Кантка минтип орус аскерлеринин жайгаша баштаганына карата кыргыз коомчулугунда ар кыл пикирлер айтылууда. Кыргыз парламентинин айрым депутаттары «бийлик өкүлдөрү Кантты Орусияга берип жатып, парламенттин буга карата ой-пикирине бир ирет да кызыгып койгон жок» деген нааразылыктарын ортого салышат. Алсак, депутат Адахан Мадумаров бул жерде бир катар мыйзамдар бузулду деген пикирде:

- Мен бул иштер Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун алкагында жасалып жатканын жакшы түшүнөм. Бирок, Орусия менен кол коюлган келишимди парламентте ратификациялабай туруп, депутаттарды фактынын алдына коюп койгону туура эмес болуп калат.

Ал эми армиянын генералы, депутат Исмаил Исаковдун пикиринде, Орусиянын аскерлеринин Кантка келиши Кыргызстандын коопсуздугу үчүн жакшы окуя болду:

- Азыр Кыргызстандын асманын кайтара турган эч кандай күч жок. Асманыбызды Кантка жайгашкан орус аскерлери эми Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун алкагында кайтара баштайт. Орустар кеч келип жатса дагы, бул Кыргызстан үчүн чоң пайда болду.

Айрым талдоочулар «Кошмо Штаттары баштаган антитеррордук коалициянын аскерлеринин жайгашуусунан Кыргызстандын казынасына аз да болсо каражат түшүп жаткан болсо, Канттын Орусияга акысыз берилип жатканы түшүнүксүз» дешет. Депутат Адахан Мадумаров «эки авиабазанын Кыргызстанда жайгашуусунан аймактын коопсуздугу чыңдалганы менен, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына да, Орусияга да жана Кытайга да тең ата өнөктөш эмес, алардын «иниси» катары басынган абалда келатат» дейт:

- Орусия Кыргызстанга жасап келген мурдагы империялык мамилесин өзгөртүшү керек. Кыргызстан Америка болобу, Орусия болобу же Кытайбы – алар менен тең ата мамиледе болушу зарыл. Бирок, азыр Кыргызстан алар менен андай мамиледе эмес. Себеби, Кыргызстандын жүргүзүп жаткан тышкы саясаты түшүнүксүз.

НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин акыркы жыйынында сөз сүйлөгөн Орусиянын Коргоо министри Сергей Иванов Кантка орус аскерлери Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун жердеги күчтөрүн асманда колдоо максатында жайгашып жатканын айтты. Андан тышкары Сергей Иванов «Манаска» жайгашкан антитерррордук күчтөр Ооганстандагы операциялар бүткөндөн кийин кетиши керектигин дагы бир ирет белгиледи. Айрым жергиликтүү талдоочулардын оюнча, Ивановдун мындай пикири Борбор Азия аймагында Орусия менен АКШнын ортосунда тымызын аскерий атаандашуу болуп жатканына ишаара кылат.

XS
SM
MD
LG