Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

ИНДОНЕЗИЯ. БАЛИДЕГИ ТЕРРОРДУК ЖАРДЫРУУДА ӨЛГӨН АДАМДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЗЫЯПАТЫ


Амирбек Азам уулу (Amirbek Azam-uulu), Прага шаары 12-октябрь, жекшемби күнү Индонезиянын Бали аралында өткөн жылы түнкү клубда болгон террордук жардыруудан өлгөн адамдарды эскерүү аземи болду. Түнкү клубдагы бомба чабуулунан 22 өлкөдөн келген 202 туристтин, анын ичинде 88 австралиялыктын өмүрү кыйылган. Индонезия полициясы жардырууга жооптуу деп шектелген 34 адамды кармаган жана алардын үчөө атууга өкүм кылынган.

Индонезиянын өтө ажайып Бали аралындагы Кута курорт жайында жекшемби күнү өткөн эскерүү аземине үч миңдей адам катышты.

Дүйнөдөгү эң кооз жерлерди кыдырып көргөн адамдардын айтымында, Балиде күндүн кызарып атканы өзгөчө керемет. Анын суулары акак таштай кубулжуп, толкунга жарышып ойногондордун (сөрфинг тебүүчүлөрдүн) сүйүктүү жайы саналат.

Австралиянын премьер-министри Жон Ховарт 12-октябрь күнү аптаптын астында өткөн шейиттерди эскерүү зыяпатында: “Биз силерди унутпадык. Биз эч качан унутпайбыз”, -деди. Ховарттын сөзүнө караганда, дүйнө коомчулугу террорчулукка каршы чогуу күрөшкөндө гана ийгиликке жетишет:

-...биз дүйнөнүн бул четинде жашагандап терроризмдин сазайын берүү үчүн чогуу иштешибиз абзел. Өткөн жылкы кандуу калаба Австралиянын жана Индонезиянын элин дагы жакындатты.

Ховарт менен кошо Балиге 700 чамалуу австралиялык келди.

Индонезиянын президенти Мегавати Сукарнопутри айым жаңы көпүрөө ачуу салтанатына катышкандыктан, Балидеги зыяпатка келген жок. Бирок, зыяпатка келген 500-дөй индонезиялыктын арасында өлкөнүн коопсуздук министри Сусило Бамбанг Юдхойоно да болду.

“Улутуна, расасына, динине, тегине карабай, маркумдардын баары биздин уулдарыбыз, кыздарыбыз, аталарыбыз жана энелерибиз, тууганыбыз жана мыкты досторубуз болушкан”,- деди Юдхойоно шейиттерди эскерген сөзүндө.

Австралиянын аскерий күчтөрүнүн диний кызматкери жетектеген зыяпат Индонезия менен Австралиянын мамлекеттик гимндерин ойноо жана “Инжилден” аяттарды окуу менен коштолду. Маркумдарды эскерүү жөрөлгөсүнө катышкан мусулмандар менен индустар террорчулукка каршы күрөштү жакташарын билдиришти.

Австралиянын Балидеги мурдагы башкы консулу Росс Тайсоу жардырууда өмүрү үзүлгөн адамдардын тизмесин 13 мүнөт бою окуп берди. Андан соң “Эскерүү аянтына” 22 шам коюлду.

“Ал-Каида” менен кызматташкан “Жемаа- Исламия” тобунун желдеттери уюштурган түнкү эки клубдагы жардырууда 22 өлкөдөн келген 202 адам, анын ичинде Австралиянын 88 атуулу, Индонезиянын 38 жана Британиянын 22 атуулу мерт болгон.

“Жемаа-Исламия” бул чабуулу менен мусулман дүйнөсүн кысмака алган Батыштан өч алган.

Түнкү клубдагы жардырууда баласын жоготкон Кевин Полтриж шейиттерди эскерүү салтанаты жөнүндө мындай деп ой бөлүшөт:

- Аза күтүп эскерүү зыяпаты өтө жакшы өттү. Мени, өзгөчө, биз гүлчамбарларды койгондон кийин музыка ойнолгону аябай толкундатты.

Полтриждин уулу Кинглей футбол клубунда бирге ойногон жети жолдошу менен чогуу Балидеги кандуу зобунда курман болушкан.

Эскерүү зыяпатынын коопсуздугун аскерлер менен 2 миңдей индонезиялык полицай камсыздашты. Абада тикучарлар тынбай учуп жүрүштү. Себеби, ишемби күнү Балинин полициясынын акими Имаде Мангку Пастика жаңы террордук чабуул болушу ыктымал деп эскерткен болчу.

Бир жыл аралыгында Индонезия полициясы австарлиялык коллегаларынын жардамы менен түнкү эки клубдагы жардырууга жооптуу деп шектелген 34 адамды кармашып, алардын үчөө өлүм жазасына тартылган.

Ырасмий Жакарта Балиге чет элдиктерди кайра тартуу үчүн бийликтер көп иштерди жасады. Анын натыйжасында, Балиге туристтер мурдакыдай көп келе баштады деп билдирет Бали полициясынын акими Пастика мырза:

- Азыр Балиге күнүнө 3 миңден 4 миңге чейин чет элдик турист келүүдө жана жагдай 2002-жылдын 12-октябрына чейинкидей кадыресе калбына түшүп калды.

Жекшемби күнү Австралиянын Сидней шаарында да Балидеги террордук чабуулда өлгөн атуулдардын зыяпаты болду.

XS
SM
MD
LG