Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

БАГДАД ЖАРДЫРУУГА КАЙРАДАН КАБЫЛДЫ


Жекшембиде Ирактын башкалаасы Багдаддын борбору дагы бир күчтүү жардырууга кабылды. Башкалаадагы "Багдад" мейманканасынан 70 метр аралыкта болгон жарылуудан кеминде алты адам өлүп, ондогон киши жаракат алды. Аталган мейманканда АКШ баштаган коалициянын өкүлдөрү, Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү туруучу. Бул ирээт да жардыруу үчүн жанкечти айдаган автоунаа пайдаланылды. Ирактагы кырдаал Ислам конференциясы уюмунун кечээ Малазиянын Путуражайа шаарында башталган кезектеги жыйынынын башкы маселелеринин бирине айланчудай. Мунун аралыгында АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ирак боюнча жаңы резолюциянын кабыл алынышы үчүн аракеттенүүдө.

Жекшембидеги жардыруу Ирактагы кандуу окуялардын уландысы болуп калды. Өлкөнүн Башкаруу Кеңешинин мүчөлөрүнүн бири Мовфак ал-Рубайа жарылуу учурунда "Багдад" мейманканасынын ичинде эле. Ал белгилегендей, бул - жалпы эле ирактыктардын кызыкчылыгына каршы багытталган иш:

- Биз террорчулуука каршы күрөштөбүз. Ирак эли террорчулукка каршы күрөштө. Бул каршылык көргөзүүнүн бир түрү дегендер жаңылышат. Бул коалицияга каршы аракет дегендер жаңылышат. Бул - ирак элинин кызыкчылыктарына каршы чабуул.

Окуя АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинде Иракка аскер жана каражат берүүчү өлкөлөрдүн санын көбөйтүүгө жол ачкан резолюциянын кабыл алынышы үчүн аракеттенип жаткан учурга туш келди. Резолюциянын АКШ даярдаган долбооруна Коопсуздук Кеңешинин айрым мүчөлөрү, асыресе, Орусия, Франция, Германия макул эместиктерин билдиришкен. Алар документте Вашингтон Ирактагы бийликти тезинен ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүсү жөнүндө да сөз болуш керек деп эсептешет. Өткөн бейшемби күнү АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропонте документке олуттуу өзгөртүүлөр киргизилбей турганын айткан эле. Ал эми Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл жума күнү Вашингтондо сын –пикирлерди эске алуу жаатында "айрым идеялар" бар деп билдирди. Жекшембиде Колин Пауэлл аталган маселени телефон сүйлөшүүсүндө Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосинь менен талкуулаган. Мунун алдында ал БУУнун башкатчысы Кофи Аннан жана Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен да сүйлөшкөн. БУУнун башкатчысынын көз карашында да, Вашингтон сунуш кылган документте Ирактагы иштерди башкарууда Улуттар Уюму үчүн жетиштүү роль ыйгарылган эмес. Айтор, резолюциянын келечеги алдыдагы күндөрү аныкталмакчы. Бир катар баяндамачылар Коопсуздук Кеңешинде мунаса табылбаса, Иракты калыбына келтирүү боюнча ушул айдын соңунда донорлордун Мадридде өтүүчү конференциясы ийгиликке жетүүсү күмөндүү экенин белгилешүүдө.

Ирактагы кырдаал Ислам конференциясы уюмунун ишемби күнү Малазиянын Путуражайа шаарында ачылган кезектеги жыйынында башкы маселердин бирине айланчыдай. Бул уюмга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчылары катышкан саммит 16-17- октябрь күндөрү өткөрүлгөн жатат. Уюмдун башкатчысы Абделвахид Белезиз жыйында сүйлөгөн сөзүндө Ирактагы чет элдик күчтөр өлкөдөн чыгарылып, башкаруу иштери БУУга өткөрүлүп берилиш керектигине басым жасады:

- Эң башкысы - чет элдик күчтөрдү Ирактан чыгаруу, Ирактын иштерин ООНдун башкаруусуна жол ачуу.

Ал эми конок ээси, Малазиянын премьер-министри Мохаткир Мохаммад Би-би-сиге берген маегинде америкалык аскерлерге каршы жасалып жаткан кол салуулар, Ирактын эли аларды боштондукка чыгаруучулар катары кабыл албаганынын белгиси экенине токтолду.

Мунун аралыгында Ирактын өзүндө өлкөнүн улуттук валютасы - динардын жаңы үлгүсүн жүгүртүүгө киргизүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Америкалык аскерлер жер-жерлерге жаңы банкнотторду жеткире баштады. Алар 15-октябрдан тартып жүгүртүүгө чыгарылат. АКШ президенти Жорж Буш апталык радиокайрылуусунда Иракта жаңы акчанын киргизилишин кубаттап, ал өлкөнүн биригишине жардам берерин белгиледи:

- Он жылдан ашуун убакыт Ирактын ар кайсы аймактары динардын эки башка түрүн пайдаланып келди. Алардын көпчүлүгү жасалма болгондуктан чыныгыларынын баркын төмөндөттү. Жаңы динар Ирактын бүткүл аймагында колдонулушу менен экономиканы жана өлкөнү бириктирет. Жаңы валюта аны жасоого тоскоол болуучу өзгөчөлүктөргө ээ.

Ирактын Улуттук банкынын төрага орун басары Ахмед Салман Мохаммеддин билдиргенине караганда, элге эски акчаларды жаңыга айрыбаштоо үчүн үч ай убакыт берилет. Улуттук банк ишемби күнү Саддамдын сүрөттөрү түшүрүлгөн эски үлгүдөгү динарлардын ири өлчөмүн эл алдында өрттөгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG