Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

ПАЛЕСТИНАНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АХМЕД КОРЕЙИ ТӨРАГА АРАФАТ МЕНЕН 1 АЙ ГАНА ИШТЕШЕТ


Палестинанын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Ахмед Корейи жекшемби күнү жасаган билдирүүгө караганда, ал министрлер кабинетин келерки үч жума бою жетектейт да, андан кийин жаңы премьер дайындалат. Бир жума гана премьер-министр болуп иштеген Корейинин билдирүүсү Палестин жетекчилигиндеги кризисти эле эмес, Жакынкы Чыгыштын АКШ колдогон тынчтык планы жакында аткарылбасын айгинелейт.

Палестина автономиясынын лидери Ясер Арафат шашылыш түзгөн убактылуу өкмөтүн башчысы Ахмед Хорейи министрлер кабинетин узак мөөнөт жетектөөнү каалабай турганын жекшемби күнү жарыя кылды:
- Бул өкмөт 20- 25 күн бою иштейт да андан кийин жаңы өкмөт келет. Премьер-министр да жаңы болот.

Ахмед Корейи өткөн шейшемби күнү гана Рамалла шаарында Палестина автономиясынын парламент мүчөлөрү алдында өкмөт башчысы катары ант берген.

АКШнын кысмагы астында дайындалган Палестинанын алгачкы премьери Махмуд Аббас төрт ай иштеп-иштебей, Арафат менен коопсуздук күчтөрүн башкаруу боюнча тил табыша албай, 6-сентябрда кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.
Ырас, Аббас кызматтан кетип жатып, Израил армиясын палестин аймактарына жортуулун токтотподу деп да күнөөлөгөн.

Төрага Арафат менен премьер-министр Корейинин талашы да ички иштер министри Насер Юсуфтун бийлигин кеңейтүү маселесинен келип чыкты. Палестинанын коопсуздук күчтөрү мыйзамга ылайык ички иштер министрине баш ийет.
Бийлигин кеңейтүүнү талап кылган Юсуф шейшемби күнкү өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү салтанатына катышпай койгон.
Эзелтен коопсуздук күчтөрүн жеке контролдоп жүргөн Арафат ички иштер министрине кошумча вазийпа берүүгө каршы.

Мындай талашка карбай, жекшемби күнү Арафат менен Корейи өз ара келишпестикти эптеп жымсалдашты. Арафаттын жардамчысы Набил Абу Рудейнанын билдиришинче, Юсуф өкмөттүн курамына кирет,ал, лекин, өкмөт мүчөсү катары антты кийин берет.

Байкоочулардын айтымында, Арафаттын ден соолугу начар экенине карабай, бийликти эч ким менен бөлүшкүсү келбени, демек, Израил менен мамилесин жакшыртууну каалабаганын соңку эки айда эки өкмөт башчынын аны менен иштешүүдөн баш тыртуусу күбөлөйт.

Израил бийликтери Ясер Арафатты жөөт жарандарына кол салган палестиналык козголоңчу топторду тып-тыйпыл кылуу жөнүндө автономиянын коопсуздук күчтөрүнө тапшырма бербейт деп үзбөй күнөөлөп жүрөт.
Ахмед Корейи алгач жасаган билдирүүлөргө караганда, ал экстремистчил палестин топторунун чабуулдарын токтотууга аракет кылат, бирок, коопсуздук күчтөрүнө согушчандарды камакка алып, кыралсыздандыргыла деген сыяктуу буйрукту бербейт.

Палестин лидери Ясер Арафаттын утурумдук өкмөттү парламентте талкуулабай туруп бекиткенине көпчүлүк мыйзамчылар нааразы.
“Палестиналыктар арасында убактылуу өкмөттүн кадыр-баркы жок. Бул өкмөт реформаны аркалай албайт. Ички иштер министри болбогон өкмөттүн коопсуздукту камсыздаары күмөндүү”,- дейт азыркы парламентарий жана өкмөттүн мурдакы мүчөсү Зияд Абу Амр.

Палестин жетекчилиги өз ара ымалага келе албай жатканда, Израил армиясы палестин аймактарындагы жортуулун улантууда.
Жөөт аскерлери Газа дөңсөөсүнүн түштүк четиндеги Рафах качкындар лагерин жума күнү басып алгандан бери ал жерде калышууда. Алар Рафах лагерин Мисир менен жашыруун байланыштырган жер астынан кеткен үч өткөөлдү таап, кыйратышты. Израил тарап туннелдер чек аранын ары жагынан курал ташып келүү үчүн пайдаланылган болушу мүмкүн деп шектенүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жардам көрсөтүү агенттигинин башысы Петер Хансендин билдиришинче, Рафахка жасалган жортуул учурунда жөөт күчтөрү палестиналык 8 жаранды өлтүрүштү, 100гө жакын үйдү кыйратышты. Анын натыйжасында, 1,5 миңдей адам үй-жайсыз калды.

“Өтө чоң зыян келтирилген”, -деп маалымдады Хансен жекшемби күнү Газа шаарында кабарчыларга жаңы эле Рафахтагы лагерди көрүп келгенден кийин.

XS
SM
MD
LG