Шаршембиде өтө турган президенттик шайлоодо сегиз талапкер ат салышмакчы. 42 жашар Илхам Алиев - расмий бийлик бар күчү менен колдоого алган талапкер. Ал октябрдын 2сине чейин өз атасы, ушул тапта АКШда дарыланып жаткан Гейдар Алиев менен атаандаш талапкер болуп келди. Акыры атасы уулуна “ак батасын” берип, мамлекеттик машине жалаң гана Илхам үчүн иштей баштады.
Дүйшөмбү күнү эл аралык укук коргоо уюму “Хюман райтс уотч” Азербайжандагы шайлоо өнөктүгү боюнча өзүнүн санааркоосун билдирди. Уюмдун айтымында, шайлоо комиссияларынын курамы Илхамдын кишилеринен куралган; өкмөттүк эмес уюмдарга шайлоого байкоо жүргүзүүлөрү үчүн тоскоолдуктар түзүлүүдө жана оппозициячыл талапкерлерди колдогон жүздөгөн кишилер тынч демонстрациялар маалында полиция тарабынан кармалып, ур-токмокко алынды.
Премьер-министр Илхам Алиев бул сыяктуу айыптоолорду өзүнө жуутпай, өлкөдөгү шайлоонун демократиялык мүнөздө, калыс, ачык өтүшүнө кепилдик бар деп билдирди. Дүйшөмбүдө Баку шаарында басма сөз жыйынын өткөрүп, Алиев мырза өкмөттүн буга чейинки саясаты ырааттуу улантылышы керектигин баса белгиледи:
- Деги мындай саясатты эмне үчүн өзгөртүүгө тийишпиз? Эгерде кишилердин жашоо шарты улам жакшырып баратса, жакырчылыкты ооздуктап жатсак, инфляция деңгээли эки гана пайызды түзсө, анда мындай саясатты өзгөртүүнүн кажети барбы? Аны өзгөртүүгө эч себеп жок.
Илхам Алиев азери эли “туура талапкер үчүн добуш берет ко” деп үмүттөнөөрүн айтты.
Ал эми анын негизги атаандаштары өкмөт жетекчилигин авторитардык режимди жаңы деңгээлде улантууга тырышып жатат деп айыптоодо. Оппозициячыл Мусават партиясынын жетекчиси, президенттикке талапкер Иса Гамбар дүйшөмбүдө азери куралдуу күчтөрүнө кайрылып, оппозицияга каршы күч колдонбоого чакырды. Гамбардын сөзүнө караганда, шайлоо бурмалоо жолу менен өтчү болсо, эл көтөрүлүшү да ыктымалдан алыс эмес. Октябрдын 12синде Гамбар мырза алдыдагы шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо аракеттери болоорун эскертти:
- Бийликтер шайлоо жыйынтыгын бурмалоого аракеттенээринде эч шегим жок, анткени алар эл өздөрү үчүн добуш бербей турганын, шайлоочулар аларга каршы экенин жана өзгөрүүлөрдү каалаарын дурус билишет. Мындан улам, бийликтер баары жоктун баарын бурмалоого камынууда.
Иса Гамбар 1957-жылы Бакуда туулган. Баку мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Мурдагы президент, маркум Абулфаз Элчибей бийлеп турган чакта, 1992-1993-жылдары, Иса Гамбар парламент спикери да болгон. Азыр аны 30дай оппозициячыл партиянын өкүлдөрү колдоодо.
Дагы бир кубаттуу талапкер - Улуттук боштондук партиясынын жетекчиси Этибар Маммедов. Ал 1955-жылы Бакуда туулган. Тарых илиминин кандидаты. Айтылуу Азербайжан Элдик майданынын негиздөөчүлөрүнөн болгон саясатчы. 1998-жылы Маммедов президенттик шайлоодо Гейдар Алиевден кийинки көрсөткүчкө жетишкен.
Азери оппозициясы президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерди көтөрүп чыга алган жок. Эгерде Илхам Алиев шаршембидеги шайлоодо жеңчү болсо, анда ал пост-советтик мейкиндикте атасынын бийлигин өзүнө өткөрүп алган алгачкы мамлекет башчы болуп калмакчы.
Мунайга бай бул кавказдык өлкөгө сырттан байкоо салган бир катар мамлекеттер, алардын ичинде АКШ, Орусия, Түркия жана башка өлкөлөр шайлоо жыйынтыгы кандай болсо да расмий Баку менен буга чейинки кызматташтыгын үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүүгө ынтызар.