Эң алды Иракты кайра куруу жоопкерчилигин Пентагондон алып, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс айымга жүктөдү. Андан соң өзү жана жакын жардамчылары Ак Үй администрациясынын саясатын түшүндүргөн кайрылууларды жасашып, жолугушууларды өткөрүштү.
Кошмо Штаттарындагы өткөн жуманын башкы саясый жаңылыгы президент Жорж Буштун Иракты турукташтыруу тобун түзүүсү болду. Иракты кайра крууга жооптуу бул топту Улуттук коопсуздук маселеси боюнча президенттин кеңешчиси Кондолиза Райс айым жетектейт. Буш топту түзүүнүн зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:
- Улуттук коопсуздук кеңеши алдындагы бул топ Коргоо министрлигине жана Бремерге колдоо көрсөтүү, ошондой эле, алардын аракетин координациялоо максатында түзүлдү.
Пол Бремер Ирактагы америкалык администрациянын башчысы. Президент Буш эми өзүнүн жакын кеңешчилеринин бири Райс айым аркылуу Ирактагы кырдаалды жана согушта кыйраган граждандык инфраструктураларды калбына келтирүүнү көзөмөлдөп турат.
Вашингтондогу Америка университетинин профессору Алан Лихтман Иракты турукташтыруу тобун түзүүнү коомчулуктун көңүлүн алууга багытталган жана ишти уюштуруудагы олуттуу чара катары баалады:
- Буш, арийне, каршы кепти сүйбөгөн жана чуулуу сөзгө жакын Рамсфелд эми Иран саясатынын негизги жүзү болбойт деген үмүттө. Президент үчүн жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи үчүн бир кыйла жакшы болду. Кондолиза Райс өтө ажардуу адам.
Ирактагы АКШлык аскерлерге кол салуу тынбай уланып жатканга,
Саддамдан соңку өлкөнү кайра курууга жана аерде аскерлерди кармоого кеткен олчойгон чыгымга байланыштуу акыркы кезде Бушту сындаган америкалыктардын катары ылдам өсүүдө.
Иракта 1-майда ири салгылашуулар токтоду деп жарыялангандан бери америкалык 95 жоокер курман болду. Ал эми согуш башталгандан бери АКШлык 210 аскер окко учту.
Өткөн шаршемби күнү Буш жана Райс айым эки башка жолугушууда Саддам Хусейн Кошмо Штаттарына түздөн түз коркунуч жараткан деген бекем ишеничте экенин билдиришти. Ага далил иретинде, Иракта массалык кыргын салчу куралдарды издеген АКШлык адистердин башчысы Дэвид Кейдин тыйуу салынган карауу жаракты жасоого керектүү материалдар жана жабдуулар табылды деген сөзүн бетке тутушту.
Анын эртеси, бейшемби күнү Пол Бремер Багдадда сүйлөп, билим берүү, коопсуздук, саламаттыкты сактоо, социалдык жана саясый тармактарындагы оң жылыштарды белгиледи:
- Алты айдын ичинде биз көп иштерди бүткөрдүк. Бирок, бул оң жылыш жумуштун башталышы гана экенин билебиз. Чейрек кылым өкүм сүргөн шалаакылык, жек жаатчылык жана согушка тукуруучулук бул өлкөнү бүлүндүрдү. Мындай чоң зыян бир түндө оңдолбойт.
Жума күнү вице-президент Дик Чейни Вашингтондогу Heritage фондунда өткөн кездешүүдө Буш, Райс жана Бремер сыяктуу эле Ирактагы жакшы иштерди санап, президенттин Ирак саясатын сындоочуларга да жооп айтты:
- Мен, өлкөбүздүн душмандары адамзатка белгилүү өтө коркунучтуу куралдардан бизге сокку урмак болгон 11-сентябрдан кийин, президент кабыл алган абдан олуттуу иштерди сынчылардын эсине сала кетейин. Биздин душмандарга каршы шашылыш чара көрбөө жана аларды бүгүнкү күнгө чейин тийбей сактоо акылы жоктук болмок.
Профессор Алан Лихтмандын сөзүнчө, Жорж Буш контрчабуулду өтө кеч баштады. Себеби, согуш жөнүндөгү коомчулуктун пикири бир калыпка түшүп калган. Иракка басып кирүүгө негиз жок болчу жана согуштун максаты белгисиз деген адамдардын саны күн сайын көбөйүп баратат дейт профессор.
Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун талдоочусу Симон Серфэти Ирактагы катаал кырдаалга карабай, Саддамдын режими кулатылгандан бери элдин турмушу оңолуп калганына көңүл буруп, Буш жана анын жардамчылары мындай оң көрүнүштөрдү америкалктардын эсине салып турганы жөндүү дейт:
- Коомчулукка түшүндүрүү иштери эртерээк башталса пайдалуу болмок. Деген менен, Буш азыр согуш зарыл деген ишенимде болгонун кайра ырастаганга аракет кылууда. Согуштан кийинки айлар болжолдогондой жеңил болбосу талашсыз чындык. Иракта айрым жакшы өзгөрүштөр бар жана коомдук пикир андан артта калбаш керек.