Ирак бийликтери мурдакы президент Саддам Хусейндин тушунда өлкөнүн экономикалык кудурети эске алынбастан туруп, өтө эле көп чыгарылган эски акчаларды өрттөп, жок кылууну август айында эле баштаган. Коалициялык өкмөттүн маалыматына караганда, жүгүртүүдө азыр 4 триллионго жакын динар бар.
Борбордук банктын орун басар төрагасы Ахмед Салман Мохаммеддин билдиришинче, Саддамдын сүрөтү бар эски динарлардын чоң суммасы өртөлүп жок кылынды:
- Биз мурда чыгарган рыноктогу бардык эски акчаларды өрттөп жок кылабыз.
Сегиз жылдык Ирак-Иран согушунан, андан кийинки Кувейтке каршы жортуулдан жана Бириккен Улуттар Уюмунун экономикалык 10 жылдан ашык чектөөсүнөн кубаты тайган акчанын жетишсиздигин толтуруу үчүн Саддамдын режими динарды аянбастан басып чыгарган.
Сентябрдын аяк ченинде Багдадда болуп келген Россиянын мурдакы өкмөт башчысы Егор Гайдардын айтышынча, Саддамдын заманында динардын алмашуу курсу ортосундагы айрыма миң эсеге чейин жеткен. Ырасмий курска ылайык, 1 динар АКШнын 3 долларына барбар болсо, “кара базарда” 1 долларды 3000 динарга алмаштырышкан.
Согушта кыйраган Иракты калбына келтирүүдө негизги жүктү өзүнө алган АКШ президенти Жорж Буш жаңы акчаларды колдонууга чыгаруу планын, Ирактын экономикасындагы бурулуш учур деп атады 11-октябрдагы радиокайрылуусунда:
- 10 жылдан көп мезгилден бери Ирактын түрдүү аймактарында динардын эки башка түрү колдонулуп жүрдү жана ал акчалардын көбү жасалма болгондуктан, чыныгы акчалардын наркын пастатты. Жаңы динар бүтүндөй Иракта колдонулгандыктан, экономика менен өлкөнү бириктирет. Жаңы акчанын өзгөчө белгиси болгондуктан, аны жасоо кыйын болот.
Ирактын жаңы акчалары Англияда басылып, 50, 100, 250, 1000, 10 000 жана
25 000дик банкноттон турат. Азыр жүгүртүүдөгү акчалырдын дээрлик баары 250 динарлык банкноттор.
Бирок, акчанын курсу мурдакыдай эле калат же 2 миң динардын кубаты 1 АКШ долларына барабар болмокчу.
Жаңы акчага байыркы Вавилондун падышасы Хаммурапи менен 10 кылымда жашап өткөн ирактык математик Абу Али ал-Хасан ибн ал-Хасамдын сүрөтү түшүрүлгөн. Жаңы банкноттор эски акчага теңме тең алмаштырылып, Ирактын түндүгүндөгү күрд аймактарында пайдаланылып келген “швейцариялык” деп аталган 150 динар да токтотулат.
Ирактын коалициялык администрациясы жаңы акчаларды пайдаланууга чыгаруу менен өлкөдө монетардык туруктуулукка жетишүүнү көздөйт.
Президент Буштун айтымында, эски динарларды алмаштыруу жарым жылда аяктайт:
- Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Батыш Германияда жаңы акчаны киргизүүгө үч жыл кеткен. Иракта бул жараян алты айда бүткөрүлөт жана жаңы акча Ирактын экономикасынын кайра жаралуусунун символу болот.
Ал эми Ирактын улуттук банкынын жетекчилеринин бири Мохаммеддин айтышынча, элдин колундагы эски акчаларды жаңы динарларга алмаштыруу үч айда аякташы ыктымал:
- Менин оюмча, үч ай жетерлик мөөнөт. Непада бул убакытта үлгүрбөсөк, иш дагы эки же үч айды алышы мүмкүн.
Башкаруучу кеңештин Соода министри Али Абдул-Амир Алави Буштун администрациясынын Иракты рынок экономикасына өткөрүү ылдамдатылыш керек деген пикирине жооп кылып, өлкөнү эркин экономикалык системага тезинен өткөрүүгө шашпаш керек деп эскертти. Анткени, Саддам тушунда социализм менен марксизмдин экономикалык теориясынан жана илик жаатчылыктан азар көргөн өлкөдө менчиктештирүүнү тездетүү жумушсуздардын санын көбөйтүп, саясый бейстабилдүүлүккө шыкак болот. Алави мындай эскертүүнү Сингапурда өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдун Чыгыш Азия экономикалык саммитинде жасады.