Ошентип, Кытай мурдагы СССРдин жетишкендигине 42, Кошмо Штаттардыкына 34 жылдан кийин гана келип олтурат. Бортунда өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн 38 жаштагы подполковниги Яң Ливэй (Yang Liwei) бар "Шеньчжоу–5" кемеси Ички Монголияга жакын Ганьсу провинциясындагы Цзюцюань космодромунан Бишкек убактысы боюнча эртең мененки 7де көтөрүлдү. Белгиленген план боюнча ал Жерди 20 сааттан ашуун убакыттын ичинде 14 ирээт айланып, бейшемби күнү таңга жуук коноору күтүлүүдө. Космоско адам башкарган кеменин учурууга жетишүү Кытайдын Улуттук Космос агенттиги менен башка бир катар мекемелеринин көп жылдык ишинин натыйжасы болду. Буга чейин алар "Шеньчжоу" үлгүсүндөгү кемени космонавты жок бир нече ирээт учуруп, сынап көрүшкөн эле.
Ал эми туңгуч космонавт ким экени, аны учуруу пландары акыркы күндөргө чейин жашыруун сакталып келди. Яң Ливэй үч талапкердин ичинен учуу убактысынан бир нече саат мурда гана тандалып алынган. Өлкөнүн Борбордук сыналгысы, мурда белгиленгендей, космос кемеси абага көтөрүлүп жатканын түз алып көргөзүүдөн баш тартты. Президент Ху Цзиньтао окуяны кытай эли үчүн "тарыхый кадам" деп атады:
-Жолдоштор, "Шеньчжоу-5" кемесинин көптөн бери күтүлгөн учуусу ийгиликтүү болду. Биздин өлкөбүз өзү өнүктүргөн, өзүбүз даярдаган космонавты алып бара жаткан кеме космоско эч проблемасыз кирди.Башкаруудагы космос программасы үчүн күрөштө биз биринчи жеңишке жетиштик. Кытай эли глобалдык илимдин жана техниканын бийиктигин багындыруу жаатында өтө маанилүү тарыхый кадамды жасады.
Окуяны космос боюнча эл аралык жамаат да кубаттоо менен кабыл алды. АКШнын жана Орусиянын, Европанын космос агенттиктери кытайлык кесиптештерин куттукташты. Учурда Байкоңурда орусиялык кесиптеши менен космоско чогуу учууга даярданып жаткан америкалык астронавт Майкл Фоэл (Michael Foale) мындай дейт:
- Биз Кытайдын космоско адамды учуруу чөйрөсүнө кошулуп жатышын кубаттай гана алабыз. Менимче, бул биз үстүбүздөгү кылымдын башында белгилей турган тарыхый окуя болот.
Ал эми Майкл Фоэл менен космоско бирге учууга даярданып жаткан орусиялык космонавт Александр Калери буларга токтолду:
- Байыркы маданият (Кытай) муну үчүнчү болуп ишке ашырып жатканына кубанбай койо албайбыз. Бул алардын илимий жана өнөр жай потенциалы жогору экенин көргөзүп турат.
Лондондо чыгуучу "Jane's Defence Weekly" басылмасынын Азия – Тынч океан өлкөлөрү боюнча адиси Роберт Карниол (Robert Karniol) болсо ири армиясы бар, бирок аскердик технология жаатында алдыга чыга албай келе жаткан Кытай үчүн космоско адам учуруунун саясий жана стратегиялык мааниси да чоң деп эсептейт:
- Алар куралдын бир түрүнөн аскердик ишмердүүлүктүн жалпы спектринде АКШ менен жалгыздап жарышып, куйрук улаш жүрө албайт.Мунун ордуна алар жасап көрө турган, өнүгүү мүмкүнчүлүгүн топтоштура турган нерсе "сыйкырдуу октор" деп атаган концепцияга ылайыкташтырылган. Космоско негизделген иш алар АКШнын бийлигине жана таасирине каршы туруу үчүн ишенимдүү түрдө караган "сыйкырдуу октордун" бири.
Бул олуттуу окуяны утурлай Пекинде, шейшемби күнү Кытай Компартиясынын Борбордук Комитетинин кезектеги пленуму өз ишин аяктады. Анда социалдык-экономикалык реформалардын жүрүшү талкууланды. Кытайдагы азыркы реформалардын максаты - экономиканы бюрократиялык тоскоолдуктардан бошотуу. Ошол эле учурда партия базар механизмдери күчөп жаткан шартта коомдун жиктелүүсүн азайтып, байлар менен кедейлер ортосундагы ажырымды жоюуга далалат кылууда. Кытай Компартиясы космос жаатындагы ийгиликти өз келечеги үчүн үгүт өнөктүгүндө пайдалангысы келээри да жашыруун эмес.