Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:59

МАМЛЕКЕТТИК МААРАКЕНИН ДҮЙНӨЛҮК ДАҢАЗАСЫ


15-октябрда президент А.Акаев кош палаталуу парламентке, калкка кайрылуусун жарыя кылды. Мамлекет башчысынын буга чейин аткарылган жана мындан ары аткарылчу иштерди аныктаган сөзүндө жардылыкты азайтуу, элди бардар жашоого үндөө чакырыгы басымдуулук кылды. Президент Кыргызстан демократиялык жолдо ишенимдүү илгерилеп баратканын, саясий турмушунда туруктуулук сакталып, экономикалык дурус дегидей өсүштөр болуп жатканын белгиледи.

Буга чейин аткарылган коомдук-саясий иштердин ирдүүсү катары президент Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесин атады:

- Өлкөбүздө кеңири майрамдалды жана аймагыбыздан тышкары жактарга чыгып, алыс-жууктагы өлкөлөргө даңаза болду, - деди мамлекет башчысы бул туурасында.

А.Акаев мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгын, эгемендиктин 12 жылдыгын майрамдап аткан Кыргызстандын дүйнөгө таанылышын өзгөчө ынтаа менен мындайча белгиледи:

- Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын жана өзүнүн эрктүү 12 жылын белгилеп жаткан өлкөбүз байыркы тарыхынан бери бүткүл дүйнөгө мынчалык даңаза болуп көргөн эмес.

Чоң мааракенин урматына уюштурулган илимий иш-чаралар да үдөөсүнө чыкканын белгилеген президент, Кыргызстан демократия жолунда түз баратканын, мамлекет менен атуулдук коомдун өнөктөштүгү артып, проблеманы саясий ымала менен чечүү аракети кулач жайып баратканын белгиледи. Президент Кыргызстан адам укуктары менен эркиндигин коомдук дөөлөт иретинде тандаган өлкө катары кандай саясий-экономикалык жол менен өнүгүшү керектигин аныктап алганын айтып, эми туруктуу өнүгүүнүн жолунан тайбай алгалай берүү зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, туруктуу экономикалык өсүштү колдон чыгарбаш үчүн негиздүү деп эсептелген үч милдетти жүзөгө ашыруу зарыл:

- Биринчиден, мамлекеттик натыйжалуу аппарат жана күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу аркылуу өлкөдө акыйкат башкарууну орнотуу. Экинчиден, өлкөбүздү дүйнөлүк базарга чыгарууга жана адамдардын жыргалчылыгын олуттуу өстүрүш үчүн негиз түзүүгө жөндөмдүү, натыйжалуу экономикалык саясатты жүзөгө ашыруу. Үчүнчүдөн, кедейликти жоюш үчүн социалдык мобилизациялоо ресурстарын толук аракетке келтирүү.

Президент мамлекеттик ийкем башкаруу аппаратын камсыз кылуу, акыйкат башкарууну орнотуу, коррупциялык кысымдан өлкөнү алып чыгуу, жергиликтүү башкарууну кайра куруу жайында аткарылчу иштерге токтолду. Бул багытта административдик реформа, сот реформасы нугунда жүрүп жатканын белгиледи. А.Акаев Н.Танаев башкарган кыргыз өкмөтү ырааттуу иштеп жатканын белгиледи. Мамлекеттик башкаруу аппаратындагы артыкбаш кызмат орундарын кыскартуу, аймактык бийликти зарылдыгына жараша өзгөртүү керектиги айтылды. Мамлекеттик башкаруу аппаратынын маселесин президент Акыйкат башкаруучулардын улуттук кеңеши, административдик башкаруунун дүйнөлүк стандарты менен байланыштуу карады. Мына ушул эки механизмдин жардамы менен коррупциянын тизгинин тартууга болоорун отургандардын эсине салды.

Кыргызстан экономикалык жагынан дурус дегидей өсүп баратканына токтолгон президент, быйылкы жылдын 9 айында баа туруктуу сакталганын, инфляциянын көлөмү 2,5% жетпегенин, жалпы экономикалык өсүш 5,2% жеткенин белгиледи. Экономикалык эркиндик мыйзамдык негизде теске салынышы керек экендигине токтолгон президент, салык саясатында да бир топ иштерди аткаруунун зарылдыгына токтолду. Агроөнөржай тармагында жылдык өсүш 7% жеткенин канааттануу менен белгилеген мамлекет башчысы, кайра иштетүү өнөр жайын жандантуу, өлкөнүн тышка товар чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча сунуш-пикирин айтты.

Президент А.Акаевдин кайрылуусунун негизин элге социалдык дем-шык берүү, калкты бардар жашоого үндөө пафосу түздү.

- Бүгүнкү күндүн максаты жана урааны – ар бир үйгө байгерчилик! 2010-жылга чейин кабыл алган милдеттерибизди орундап, жардылыкты кеминде эки эсе азайтуу жана он жыл аралыгында калктын реалдуу кирешесин эки эсе жогорулатуу зарыл, - деп айтты президент.

Эл аралык финансы уюмдарынан алынып жаткан инвестициялардын басымдуу бөлүгү калк турмушун көтөрүүгө жумшалаары, бул милдеттин аткарылышы алдыдагы шайлоонун биринчи шарты экени кайрылуунун негизин түздү.

XS
SM
MD
LG