Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

БАКУ: ТОПОЛОҢ ТОКТОДУ, БИРОК ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛДӨРҮН КАМАККА АЛУУЛАР УЛАНТЫЛУУДА


Тынчтыкбек Чоротегин (Tynchtykbek Chorotegin), Прага шаары Бүгүн Бакуда кырдаал салыштырмалуу тынч болгону кабардалды. Президенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп бийликтерди айыптаган демонстранттар бейшембиде полиция менен кагылышып, бери дегенде бир киши набыт болгон эле. Бүгүн азери парламенти чукул жыйын өткөрүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулады. Парламент оппозициячыл Үмүт партиясынын жетекчиси Икбал Агазаденин депутаттык кол тийбестик укугун алып салды. Азери оппозициясы кечээки тополоңдун шыкакчысы катары бийликтерди күнөөлөөдө.

Азербайжан парламенти премьер-министр Илхам Алиев өз атасынан кийинки президент болуп шайланды деп жарыяланган алгачкы расмий жыйынтыктан соң башталып кеткен Бакудагы тополоңго байланыштуу жума күнү чукул отурумун өткөрүп, оппозициячыл депутат, Үмүт партиясынын жетекчиси Икбал Агазаденин кол тийбестик укугун алып салды. Прокурор президенттикке талапкер Иса Гамбарды колдогон депутат Агазадени жана башка оппозициячыл жетекчилерди бейшембидеги тополоңго шыкакчы болгон деп күнөөлөөдө. Көчөгө чыккан демонстранттар менен полициянын кагылышуусу маалында бери дегенде бир киши набыт болгон.

Бейшембидеги тополоңдон кийин полиция 190дон ашуун кишини камакка алды. Жума күнү борбор шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Такталбаган маалыматтарга караганда, оппозициячыл Мусават партиясынын бир катар жигердүү мүчөлөрү өлкөнүн ар башка аймактарында полиция тарабынан кармалды.

Өлкөнүн ички иштер министри Рамил Усубов бейшембидеги тополоңго айланып кеткен нааразылык чарасын уюштуруучулар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш деп жума күнү билдирди.

Ал эми Мусават партиясынын жетекчиси, президенттикке талапкерлердин бири Иса Гамбар Борбордук Шайлоо Комиссиясынын Илхам Алиев 79 пайыздан ашуун добушту, ал эми Гамбар – 12 гана пайыз добушту алды деген маалыматын добуш бурмалоонун жыйынтыгы катары айыптоодо. Бейшембиде Гамбар мырза “Азаттыкка” мындай деп билдирди:

- Биз элдин эркин жана берген добушун коргоп жана сактап калууга тийишпиз. Биз бул үчүн аракетибизди улантабыз.

Иса Гамбар конституциялык укугун пайдалануу менен, адилеттикке жетишүү үчүн бар аргасын жасаарын айтты. Анын оюнча, бийликтер шайлоодогу бурмалоо учурларын көз жаздымда калтыруу үчүн, бейшембидеги тополоңго өздөрү шыкакчы болгон.

Азербайжан Улуттук көз каранды эместик партиясынын лидери Этибар Маммедов жана башка оппозициячыл жетекчилер да шайлоо бүтүндөй бурмалоо жолу менен өткөнүн айтышууда.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары да шаршембиде өткөрүлгөн президенттик шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришкен.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлүнүн орун басары Адам Эрели Азербайжандагы шайлоо тууралуу мындай деп билдирди:

- АКШнын байкоочулары шайлоочулардын тизмеси менен байланыштуу, ошондой эле күч колдонуу учурларын жана башка мыйзам бузган көрүнүштөрдү байкашты. Ошондой эле шайлоо бүткөндөн кийинки кагылышуулар тууралуу кабарларга тынчсызданып жатабыз. Биз бардык тараптарды сабырдуулукка чакырабыз. Өткөн кездегидей эле, биз Азербайжан өкмөтүн ЕККУнун алдында алган милдеттенмелерин так аткарууга жана өз атуулдарынын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын көз карегиндей сактоо милдетин аткарууга чакырабыз.

Адам Эрели азери оппозициялык күчтөрүнө да кайрылып, аларды өз иш-аракеттерин мыйзам чегинде жана тынч жол менен жүргүзүүгө чакырды.

Орусия, Түркия, Казакстан жана Грузия сыяктуу өлкөлөрдүн расмий бийликтери Илхам Алиевди шайлоодогу жеңиши менен куттукташты. Батыштын көптөгөн өкмөттөрү бул окуяга карата өздөрүнүн расмий мамилесин дароо билдиргиси келген жок. Европа Кеңешинин баш катчысы Валтер Швиммер болсо Азербайжан президенттик шайлоону бул жолу да шайлоо жаатындагы европалык стандартка татыксыз деңгээлде өткөргөнүнө өзүнүн өкүнүчүн билдирди.

“Хюман райтс уотч” сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары “эгерде расмий Баку өлкөдөгү оппозицияга саясий көз карашын эч тоскоолдуксуз билдирүүгө жана эркин жыйналыш өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берсе, анда эч кандай тополоң болмок эмес” деген сын пикирлерин жарыялашты.

XS
SM
MD
LG