Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

ИРАК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК ТОЛУГУ МЕНЕН АКШда КАЛА БЕРҮҮДӨ


Байян Жумакадыр кызы, Прага Жума күнү АКШнын Сенаты менен Өкүлдөр палатасы Ирак менен Ооганстандагы чыгымдарды каржылоо үчүн 87 миллиард доллар бөлүп берүүнү чечти. Америкалык саясатчылар Конргесстин бул чечими менен АКШ сунуш кылган резолюциянын кабыл алынышын президент Жорж Буштун чоң жеңиши катары баалап жатышат. Бирок көптөгөн байкоочулар Ирак проблемасындагы абал анчейин өзгөрбөгөнүн, Ирактын тагдыры үчүн жоопкерчилик Ак Үйдүн мойнунда кала берип жатканын айтышат.

Резолюция Улуттар Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн баарын тынчтыкты орнотуу үчүн Иракка өз аскерлерин жиберүүгө жана өлкөнү кайра куруу ишине финансылык жардам берүүгө чакырат. Ошону менен катар документте Ирактагы процессттерде Улуттар Уюмунун ролун жогорулатуу керек экендиги белгиленет. Алты аптага созулган талкуулардан кийин Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү тең сунуш кылынган резолюция долбоорун бир добуштан жактырышты. Жума күнү болсо АКШ Конгресси президент Жорж Буштун өтүнүчүн канааттандырып, Ирак менен Ооганстандагы чыгымдарды каржылоо үчүн 87 миллиард доллар бөлүп бергенге макул болду.

Бирок саясий байкоочулар Ирактын тагдыры үчүн саясий жана финансылык жоопкерчилик толугу менен Ак үйдүн мойнунда кала берип жатканын айтып жатышат. Ирактагы согушка каршы чыгышкан Россия, Германия менен Франция добуш берүүнүн алдында эле Иракка өз аскерлерин жибербей турганын, өлкөнү калыбына келтирүүгө финансылык көмөк көрсөтө албаарын билдиришкен. Ал эми Иракка тынчтык күчтөрүн жибергенге ниеттери бар экенин каңкуулашкан өлкөлөрдүн ичинен бир гана Түштүк Корея жума күнү ага расмий макулдугун берди. Индия резолюцияны кубаттаганы менен аялдай турууну туура көрүп жатканын айтат. Ал эми АКШнын жакын шериги Пакистан Иракка ирактыктардын өзүлөрүнүн чакыруусуз барууну туура көрбөй жаткандыгын билдирди. Иракка бейпилдик күчтөрүн жиберүүдөн азырынча Япония дагы тайсалдоодо. Япон премьер-министри Юнихиро Койдзуми жума күнү Жорж Буш менен жолугушканда Япония Иракты кайра курууга бир жарым миллиард доллар бере турганын, бирок аскер жиберүү маселеси дагы эле талкууланып жатканын кабарлады.

Ирак чыгымдарын каржылоо маселеси Конгрессте оң чечилгени менен, эл аралык коомчулук капчыгын оңой-олтоң ача койоору дагы эле күмөн. 23-24 октябрда Мадридде өтө турган спонсорлор конференциясында АКШ Иракты кайра куруу үчүн кеминде 15-20 миллиард доллар топтогонго үмүттөнөт. Алдыда айтылган Япониядан сырткары, Британия 900 миллион доллар, Европа Шериктештиги 230 миллион, Испания 300 миллион доллар убада кылышкан. Мындан тышкары Дүйнөлүк Банк өлкөгө 2005-жылга чейин 4 миллиард доллар карыз берүүнү убада кылууда. Бирок спонсорлордун баары эле Иракты башкарып турган оккупациялык бийлик эмес, Ирактын мыйзамдуу өкмөтү менен алака жүргүзүүнү каалашат. Ал эми андай мыйзамдуу өкмөт качан түзүлөөрү белгисиз. Резолюцияда Иракты башкаруу вазыйпасы ирактыктардын өзүлөрүнө качан өткөрүп берилээри конкреттүү айтылбаган. Анда тек гана бийлик ирактыктар аны жүргүзгөнгө даяр болгондо гана өткөрүлүп берилет деп белгиленет.

Жагдайды Улуттар Уюмунун жума күнкү билдирүүсү ого бетер оорлотту. Баш катчы Кофи Аннандын өкүлү Фред Экхард Ирактагы абал өтө кооптуу болуп кала берип жаткандыктан, учурда уюм өз кызматкерлерин Иракка жибере албай турганын маалымдады. Август жана сентябрдагы террордук чабуулдардан кийин уюм ирактагы жарым миңдей кызматкерин башка жакка чыгарып кеткен.

Жума күнү Америкалык аскердик жетекчилик Иракта дагы төрт америкалык солдат курман болгондугун жана 1-майдан бери Иракта өлгөн америкалык солдаттардын саны 101ге жеткендигин билдирди.

Ошентип, резолюциянын кабыл алынышы абалды өзгөрткөн жок. Ирактагы чыгымдарды мурдагыдай эле америкалык салык төлөөчү көтөрөт. Ирактагы коопсуздукту камсыздоо иши да америкалык аскерлердин мойнунда кала берет. Мындайда президент Жорж Буштун жеңиши жөнүндө кеп кылуу али эртелик кылат дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG