Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

ИРАКТА КЫРДААЛ КООГАЛАҢДУУ КАЛЫБЫНАН ЖАЗА ЭЛЕК


Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага шаары Бүгүн Ирактын түндүгүндө америкалык эки аскер буктурмага кабылып, мерт болду. Дагы бирөө жаракат алды. "Согуш аяктады" деп расмий түрдө жарыялангандан бери курман болгон АКШлык жоокерлердин саны 100дөн ашты. Америкалык командачылык партизандык күрөш соңку кездери улам күчөп баратканын белгилейт. Сенат болсо Ирак менен Ооганстандагы антитеррордук иш-чараларга сарптала турган 87 миллиард долларга макулдугун берди.

Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында июл айында орун алган салгылашууда Саддам Хусейндин эки уулу тең өлтүрүлгөндөн кийин АКШнын айрым расмий адамдары эми партизандык согуштун күчү басаңдайт деген үмүтүн билдиришкен эле. Арийне, коалиция күчтөрүнө каршы кол салуулар ошондон бери азаймак турсун, улам күч алып баратат. Үстүбүздөгү айдын ичинде эле 10 чакты америкалык жоокер окко учту. АКШ аскерлеринин Ирактагы командачысы генерал Рикардо Санчестин айтымында, ирактыктардын туруштуулугу барган сайын татаал, чеберлик менен жасалган мүнөзгө ээ жана болжолдонгондон алда канча күчтүрөөк болуп баратат. “Коалиция жоготууларга даяр болушу керек”, - деген ойдо генерал. “Бирок акыры өлкөдө туруктуулукту орнотууга жетишебиз,” – деп үмүттөнөт Санчес.

“Нью-Йорк таймс” басылмасы жекшемби күнкү санында жазышынча, оккупациялык администрациянын башчысы Пол Бремердин кеңсеси атайын документ даярдап, анда коалиция күчтөрү туш болуп жаткан ар кандай кооптуу учурлар, кол салуулар талдоого алынган. Кеңири таратылбаган документ “расмий пайдалануу үчүн” иштелип чыккан.

Анда Багдад жана анын жака белдери өтө кооптуу аймак катары белгиленген. Оккупациялык жетекчилик өз кызматкерлерин жана башка өкмөттүк эмес адамдарды “кызыл” деп аталган коптуу 11 чөлкөмгө өтө зарыл учурларда гана барууну сунуш этти.

Ирактын башка жерлери салыштырмалуу туруктуу болуп эсептелет. Өлкөнүн түштүк-борбордук бөлүгү жалпысынан алганда тынч. Бирок Кербала шаарында бейшемби күнү шийи мусулмандардын согушчандары менен болгон ок атышуудан америкалык 3 жоокер, дагы бир нече жергиликтүү киши набыт болду. Ошону менен согуш аяктады деп расмий түрдө жарыяланган 1-майдан бери курман болгон америкалык аскерлердин саны 100дөн ашты. Бул кол салууга жергиликтүү диний кызматкер Хасанинин тиешеси бар деп шектелүүдө. Жекшембиде америкалык аскерлер анын үйүн курчоого алышты. Ушул эле күнү Ирактын Башкаруу Кеңеши Кербаладагы окуяга байланыштуу атайын билдирүү жасап, өлкөдө зордук-зомбулук күч алып баратканын белгилейт. “Кеңеш коопсуздукту камсыз кылуу аракеттерин токтотпойт, өлкөнү терракттардан коргоону уланта бермекчибиз. Эч ким мыйзамдан жогору боло албайт. Мыйзамдуулукту бузган ар бир адам катуу жазаланат”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Нью-Йорк таймстын” башка бир маалыматына караганда, Буш администрациясы Иракты башкаруу жаатында кеч болсо да айрым өзгөртүүлөргө барды. Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс жаңы түзүлгөн “Иракты турукташтыруу тобун” жетектейт. Бул - согуштан кийинки Иракты башкаруу ыйгарымынын бир даары коргоо министри Доналд Рамсфелдден Ак Үйгө өткөрүлүп берет дегенге жатат. “АКШ Иракта туш болуп жаткан кыйынчылыктарды эске алуу менен, бул кадамды түшүнсө болот”, - деп жазат гезит.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши бейшембиде кабыл алган резолюция башка өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн Иракка келүүсүнө жол ачууну көздөгөн эле. Айткандай эле, ишембиде Түштүк Корея коалицияга көмөк ирээтинде кошумча аскер жиберүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирди. Жапония өкмөтү да куралдуу күчтөрүнөн тышкары Иракка 1 жарым миллион доллар акчалай жардам берүүнү чечти. Айтмакчы, АКШнын Сенаты менен Өкүлдөр палатасы Ирак менен Ооганстанда тынчтыкты камсыздоого жана террордук коркунучту жоюуга президент Буш тарабынан суралган 87 миллиард доллар бөлүп берүүгө макулдугун берди.

Азиядагы сапарын улантып жаткан президент Буш ишембиде Манилада филиппиндик депутаттардын алдында сөз сүйлөп, Иракты кайра курууга жигердүү катышууга өлкөнү дагы бир ирет үндөдү. Парламенттин алдында болсо 3-4 миңдей киши чогулуп, анти-америкалык демонстрация өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG