Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

ШВЕЙЦАРИЯНЫН “СЫЙКЫРДУУ ФОРМУЛАСЫ” БУЗУЛАБЫ?


Швейцарияда жекшемби күнкү парламенттик шайлоодо улутчул Элдик партия ири жеңишке жетишти. Эми улутчулдар өкмөттө өздөрүнө кошумча орун талап кылышууда. Муну менен, байкоочулардын пикиринде, Швейцарияны башкарууда дээрлик 40 жылдан бери иштеп келаткан “сыйкырдуу формулага” залака тийиши мүмкүн.

Депутаттык мандат үчүн ат салышкан партиялардын ичинен эч кимиси жаңы өкмөт курууга жетиштүү добуш ала алган жок. Ошону менен бирге, добуш берүүнүн жыйынтыгында, Элдик партия Швейцариянын 7 мүчөдөн турган кабинетин же Федералдык Кеңештин курамын аныктоодо кеңири мүмкүнчүлүк алды. Бул өз кезегинде, өкмөттө улутчул маанайдын өкүм сүрүшүнө алып келиши ыктымал.
Элдик партия парламенттин төмөнкү палатасы, 200 орундан турган Улуттук Кеңештеги өкүлчүлүгүн 55 депутатка жеткирүүгө жетишти. Социал-демократтардын саны палатада 54тү түзүп калды.

Коалициядагы дагы эки партия – борборчулдар менен борборчул-оңчулдардын тарапкерлери, өткөн шайлоого салыштырмалуу, азайганы айкын болду. Радикал демократтардын лидери Кристиан Лангенбергер мунун себептерин жалпы экономикалык проблемалардан көрөт. “Ушундай заманда эл чыныгы позицияга караганда кадыресе ураандарга артыкчылык берет”, - деген ойдо Лангенбергер.

Чындап эле экономикалык кризис, жумушсуздуктун өсүшү, социалдык камсыздоо өңдүү олуттуу проблемалар адатта элдин социалдык кызыкчылыктарын коргогон солчулдарга добуш алып келет. Эң кызыгы быйыл ошол эле маселелердин жардамы менен оңчулдардын тараза ташы ооп кетти. Байкоочулардын баамында, популисттик ураандар, швейцариялыктардын улуттук аң-сезимине таасир этүү максатын көздөгөн чакырыктар Элдик партиянын ийгилигине огожо болду.

Өткөн жума күнү партия баш калка берүүгө каршы үгүтү үчүн БУУнун качкындар боюнча агенттигинин сынына кабылды. Шайлоо өнөктүгү маалында партиянын гезити шайлоочуларды өзүнө тартуу максатында “кылмыштуулук боюнча статистикада айрым этностук топтордун өкүлдөрү басымдуулук кылат” деп жазып чыккан эле. Баңгизат соодасына байланышы бар адамдардын 80 пайызы – чет элдиктер, асыресе, албандар менен батыш африкалыктар экени гезитте айтылган. Ошол эле мезгилде акыркы жылдары зордуктоо фактылары өлкө боюнча 70 пайызга, киши өлтүрүү – 32 пайызга өскөнү жөнүндө бир да сөз жазылган эмес. БУУнун качкындар боюнча комиссарынын басма сөз өкүлү Рон Редмонд партия баш паанек саясатына каршы салттуу амалдарды пайдалганын айтат. Баш калка сураган адам “террорист”, “кылмышкер”, “илдет”, “коркутуп-үркүтүү” өңдүү көрүнүштөр менен байланышта сүрөттөлгөн. Швейцарияга өзгөчө 1990-жылдары мурдакы Югославиядан көптөгөн качкындар агылып келген.

Элдик партия өлкөдөгү проблемалар үчүн жалгыз гана иммигранттарды күнөөлөбөстөн, жоопкерчиликти башкаруудагы коалицияга да жүктөйт. Партиянын Женева бөлүмүнүн жетекчиси Жак Паган жекшемби күнү Ройтерс маалымат агенттигине берген маегинде мындай деп билдирди:

- Эгемендүүлүк, өлкөнүн бейтараптыгы, демократиялык системасы, өкмөттүн улам көбүрөөк кийлигишип бараткан ролу, өлкөнүн жаман башкарылып жатканы, экономикалык кырдаалга шайкеш эмес саясаттын жүргүзүлүшү. Бул - абдан кооптуу.

Элдик партия Швейцариянын БУУга жана Евробиримдикке кошулушуна каршы туруму менен белгилүү.

Шайлоонун алгачкы жайынтыктары белгилүү болгондон кийин Элдик партия өкмөттөн кошумча орун талап кыла баштады. Партиянын жетекчиси Уели Морер: “Эч кандай күмөн саноого негиз жок калды”, - деп, эми коалицияга кирген партиялардын арасынан эң чабалы улутчулдарга бир орун бошотуп бериши керек, - деген пикирин кошумчалады. Анын ырастоосунда, ошол орунду партиянын эң атактуу мүчөсү, миллиардер Кристоф Блошер ээлейт. Андай болбогон учурда партия азыркы министрлик портфелинен баш тартат да, коалициядан чыгып кетет деп билдирди Морер. Ал партиянын оппозицияга өтүүсү да ажеп эмес деген кыйыр ишаара берди.

Конфедерациянын саясий системасына ылайык, өкмөт парламент тарабынан жылга шайланып турат. Быйыл ошондой шайлоо 10-декабрга белгиленүүдө. Айрым саясий лидерлер Элдик партиянын мындай ультиматумуна ачык нааразы. Христиан-демократтардын төрагасы Филипп Стэлен: “Эми Элдик партия башкаларга эмне кылыш керектигин таңуулап кирди”, - дейт. Жашылдар партиясынын жетекчилеринин бири Рут Геннер болсо “Алардын кабинеттен сүрүлүп чыгуусуна убакыт келди”, - деп кесе билдирди.

1959-жылы Альпы тоолорундагы бул мамлекетте башкаруунун саясий консенсусун көздөгөн “сыйкырдуу формуласы” киргизилген. Көп жылдардан бери өкмөт 2 радикалдан, 2 социалист, 2 христиан-демократ жана 1 элдик партиянын мүчөсүнөн куралып келген. Кабинеттин дагы бир министрлик орду улутчулдарга ыйгарылса, бул консенсус кыйрап калышы ажеп эмес. Айрым сурамжылоолор көрсөткөндөй, швейцариялыктар 40-жылдан ашуун мезгилден бери дурус иштеп келаткан формуланы жактырышат.

Башка бир сурап билүүлөр айрым атуулдар жергиликтүү саясаттын бир аз жандуурак болушун каалашаарын айгинелейт. “Кеп улутчулдардын чет элдиктерге каршы ураандарын колдоодо эмес. Жай-баракат өнүгүүлөрдөн чарчадык. Биздин саясатка кыймыл-аракет, динамизм жетишпейт”, - деген пикирин айтат кичинекей дүкөндүн ээси женевалык Шарль-Андре Жакар карыя.

XS
SM
MD
LG