Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

БҮГҮН КЕЧИНДЕ БИШКЕККЕ ТҮРКИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ РАСМИЙ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛЕТ


Бүгүн кечке жуук Кыргызстанга Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган алгачкы иш сапары менен келет. Эки күнгө созулуучу иш сапардын учурунда Таип Эрдоганды президент, премьер-министр, парламенттин төрагалары кабыл алышы күтүлөт. Р.Т.Эрдоган «Манас» университетинин имараттарынын ачылышына да катышып, кыргыз-түрк биргелешкен ишканаларын кыдыраары болжолдонууда.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоганды Бишкекке келээри менен премьер-министр Николай Танаев кабыл алып, көзмө-көз да, кеңири форматта да сүйлөшөт. Түркиянын өкмөт башчысынын Кыргызстандагы алгачкы иш сапарынын учурунда кандайдыр-бир документ кабыл алынаары азырынча белгисиз. Бирок буга чейин Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кызматташтык жөнүндө 105 документ кабыл алынган. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Музафер Эрөктөмдүн маалыматы боюнча, алардын эң негизгилери - эгемендүүлүк жылдарынын башында кабыл алынган “Түбөлүк достук жөнүндөгү» жана «Кыргызстан менен Түркия - бирге XXI кылымды көздөй» аттуу макулдашуулар. Ал эми аскердик макулдашууга тараптар 1993-жылы кол коюшкан. Элчинин маалыматына караганда, анын негизинде Кыргызстанга техникалык жабдык түрүндө маал-маалы менен жардам көрсөтүлүп турат.

- Жалпысынан аскердик кызматташтык тууралуу макулдашууну бир кылка, жумшак ишке ашырып келатабыз, - дейт элчи.

Бирок түркиялык премьер-министрдин бул жолу аскердик кызматташтык боюнча кандайдыр-бир жаңы багыттарды аныктоо максатында сүйлөшүү жүргүзөөрү, же Эл аралык антитеррордук коалициянын аскер күчтөрү жайгашкан “Ганси” авиабазасына барар-коёору тууралуу маалымат айтыла элек.

Эрдогандын иш сапарында өзгөчө көңүл бура турган жагдай – премьер-министрлердин катышуусунда эки өлкөнүн Ишкерлер кеңешинин кезектеги отуруму болот. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубековдун пикиринде, бул иш сапарынын Кыргызстан үчүн чоң мааниси бар.

- Биздин өкмөт бул иш сапарды эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап катары баалап атат, - -дейт Талант Кушчубеков.

Түркиянын өкмөт башчысы Кыргызстандан 23-октябрда жөнөп кетет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG