Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ТЫНЧТЫККА КИМ КЫЗЫКДАР ЭМЕС?


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/181344A4-643B-4EED-84B4-0FD5C07E21BB_w203.jpg Израилдин аскерлери 20-октябрда Газа шаарына чабуул жасагандан он адам курман болуп, дагы жүзгө жакын киши жараат алды. Жапа чеккендердин көпчүлүгү карапайым адамдар, ошондуктан Палестина жетекчилигинин пикиринде, мындай чабуулдар аймакта тынчтык орнотууга жардамдашпайт. Израил өкмөтүнүн айтымында болсо, тынчтык орнотууга эң негизги жолтоо - төрага Ясир Арафат болууда.

Палестина автономиясынын жетекчиси Ясир Арафат менен Израилдин азыркы премьер-министри Ариел Шарон илгертен бери бир-бирине душман. Арафат бир кезде террор аракеттерин өзү уюштуруп жүргөндө, Шарон Израилдин коргоо министри болуп, террорчуларга каршы далай чабуул жасаган. Бирок андан бери Арафат Израил менен бир нече тынчтык келишимине кол коюп, Нобел сыйлыгына да татыды, Шарон болсо - ал келишимдерге кол койгон жөөт жетекчилерине каршы чыгып жүрүп, акырында өлкөнүн өкмөтүн жетектөөгө жетишти. Анын өкмөтү азыр басылып алынган араб жерлерин палестиналыктарга кайтарып берүүгө ниеттүү эмес жана ал үчүн күрөшкөн Арафатты саясаттан таптакыр четтетип салууга да аракеттенүүдө.

Андай аракеттер өткөн май айында дээрлик ишке ашкан, анткени эл аралык коомчулук тарабынан түзүлгөн жаңы тынчтык планын аткаруу үчүн, Палестина автономиясынын премьер-министри дайындалган. Ага чейин бардык иштерди Арафат өзү жүргүзүп келген, бирок Америка Кошмо Штаттары ал планды ишке ашыруу жараянында Арафаттан башка адам менен гана иштеше турганына басым жасаган. Анткен менен, Израил жана АКШ менен тыкыз кызматташууга далалаттанган премьер Махмуд Аббас бийликте турган төрт айдын ичинде террор аракеттери токтогон жок жана Израил дагы басылып алынган араб жерлерин бошотууга шашпады.

Ошондуктан 6-сентябрда Аббас кызматынан чегинүүгө аргасыз болду жана Арафат анын ордуна өз кишиси Ахмед Корейини коюп, өз турумун бекитип алды. 11-сентябрда Израилдин өкмөтү атайын чечим кабыл алып, Арафатты Жакынкы Чыгыштан таптакыр кууп чыгууга аракеттенди, бирок ага бүткүл дүйнөлүк коомчулук каршы чыкты жана акырында Ариел Шарон дагы Арафаттын аймактан кеткенинен Израилге эч пайда болбостугун мойнуна алды. Анткен менен жөөт жетекчилиги Арафатты саясий жараяндан четтетүүгө дагы эле аракеттенүүдө, бирок АКШ ага көп колдоо көрсөтпөй калды, анткени, биринчиден, Арафатка каршы катуу чара көрүү менен Израил анын баркын ого бетер көтөрүп алды. Экинчиден, жаңы тынчтык планы баары бир иштебей жатканда, Арафаттын ага катышар-катышпасы өтө деле маанилүү эмес.

Араб экстремисттери тарабынан жасалган террор аракеттери жана ага жооп катары Израил уюштурган аскерий чабуулдар болсо уланууда. Жекшемби күнү арабдар буктурмадан үч жөөт аскерин өлтүрүп, Израилге каршы сегиз ракета аткандыктан, 20-октябрда жөөт аскерлери Газа шаарына бир нече чабуул жасады. Натыйжада 10 адам курман болуп, дагы жүзгө жакыны жараат алды, алардын көпчүлүгү карапайым адамдар, өлгөндөрдүн арасында 12 жашар бала да бар.

Палестина жетекчилигинин айтымында, алар экстремисттер менен күрөшүп, террор аракеттерин токтотууга аракеттенип жатканда Израил мындай чабуулдарды уланта берсе, тынчтык эч качан орнобойт. Автономиянын премьери Ахмед Корейинин пикиринде, андан эч кимге пайда жок:

- Ок атышууну токтотууга аракетенип жаткан биздин өкмөткө ал эч кандай жардам кыла албайт. Ошондуктан биз Израилге кайрылып, аны ок атышууну токтотуу боюнча келишим тууралуу олуттуу ойлонууга чакырабыз. Сүйлөшүү жүргүзүү үчүн, эң биринчи кезекте бардык чабуулдар токтотулууга тийиш.

Серепчилердин оюнча, аакыркы экстремисттик аракеттерден жөөт оңчулдары жана төрага Ясир Арафат гана пайда тапты. Арафат өзүнүн канчалык маанилүү экенин көрсөттү, жөөт экстремисттери болсо тынчтык орногонуна кызыкдар эмес, анткени анда басылып алынган араб жерлерин кайтарып бериш керек болот.

XS
SM
MD
LG