Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Газа тилкесинде Израилдин аскер учактарынын бомбалоосунан 9 палестин набыт болду


Жакынкы Чыгыш. Кечээ Израилдин согуш учактары жана тик учактары “Хамас” уюмунун жайы катары жоромолдонгон бир нече бутага чабуул койду. Бери дегенде тогуз киши бул чабуулдан набыт болду. Мурдагы күнү Палестина тараптан атылган ракета Түштүк Израилге түшкөн.
Кечээ Тел-Авивде Израилдин премьер-министри Ариел Шарон парламентте чыгып сүйлөп, Йасир Арафатты кызматтан кетирүү – Израил өкмөтүнүн мүдөөсү экенин билдирди. Анын айтымында, Арафат тынчтык жараянына кедерги болууда:

- Тынчтык жолунан четтөөнүн даана дареги бар – Арафат тынчтык үчүн эң чоң тоскоолдук. Ал ар кандай илгери жылышты коркунучка кептеп келет.

Премьер Шарондун оюнча, Махмуд Аббастын өкмөтүн Йасир Арафат тынчтык жараянына тоскоолдук кылуу үчүн кетирди.
Бүгүн Араб лигасы Израилдин аскердик иш-аракетинин күчөшү тууралуу маселени өз жыйынында талкуулашы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG