Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоганды Бишкекке келээри менен премьер-министр Николай Танаев кабыл алып, көзмө-көз жолугуп сүйлөштү. Анын соңунан кеңири чөйрөдө жолугушуу болуп өттү. Анда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын саясий, экономикалык, билим жана маданият багытындагы өңүттөрү талкууланды. Жолугушуулардын соңунда эки премьер-министр журналисттер менен кезигип, эки өлкөнүн кызматташтыгында өз ара түшүнүшүү жана өзгөчө мамиле бар экенин белгилешти.
- Жалпыга белгилүү, Кыргызстан менен биздин өзгөчө карым-катышыбыз бар, - деди Режеп Тайып Эрдоган маалымат жыйынында.
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Музафер Эрөктөмдүн маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык боюнча 1991-жылдан бери 105 документ кабыл алынган. Алардын ичинен эки өкмөт башчы жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселесине маани беришти. Учурда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн өлчөмү 40 млн. доллардын тегерегинде.
- Биз өкмөт башчысы менен товар жүгүртүүнүн өлчөмүн 2004-жылы 200 млн. долларга чейин жеткирүүнү макулдаштык. Бул биздин кызматташтыгыбыздын башталышындагы биринчи кадам, - деди Эрдоган.
Түркиялык премьер-министрдин иш сапарынын алкагында боло турган Ишкерлер кеңешинин жыйынында да соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланмак болду.
- Биз соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу жана тереңдетүү максатында түркиялык делегациянын иш сапарынын алкагында эртең боло турган Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешине олуттуу маани беребиз, - деди Н. Танаев.
Ишкерлер кеңешинен тышкары, «Манас” кыргыз-түрк университетинин эки жаңы имаратынын шаршембиде өтө турган ачылыш аземи маанилүү иш-чара катары бааланды. Ага президент Аскар Акаев да катышмакчы. Премьер-министрлер жолугушуу учурунда саясий, экономикалык маселелерден тышкары коопсуздук жагдайындагы кызматташтыкка да кайрылышты.
- Терроризм, баңги ташууга каршы күрөш жана региондогу коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде премьер-министр мырза менен пикирлерибиз да, көз караштарыбыз да бирдей, - деди Эрдоган өз сөзүндө. Ал эми Н.Танаев түрк кесиптешинин иш сапарын кызматташтыктын бурулуш учуру катары баалады.
- Түркиянын улуу урматтуу өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы иш сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары бекемдөөнүн жана тереңдетүүнүн бурулуш учуру болуп калды, - деди Кыргызстандын өкмөт башчысы.
Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга премьер-министр катары алгачкы ирет келип отурат. Түркиядагы «Ислам акыйкаты» партиясынын башчысы өкмөт башчылык кызматка былтыр жыл этегинде келген болчу. Кыргызстандын өкмөт башчысы Түркияга расмий иш сапары менен быйыл жазында барып келген. Эрдоган жооп иретинде келген өзүнүн бул иш сапарын кызматташтык багытындагы сүйлөшүүлөрдүн уландысы катары баалады. Иш сапарынын жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүү кабыл ала турган болушту.