Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:35

ТҮРКИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ РАСМИЙ ИШ САПАРЫ УЛАНУУДА


Шаршембиде Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы иш сапары уланды. Эки өлкөнүн соода-экономикалык, саясий, билим берүү жана маданият багыттарындагы кызматташтыгы тууралуу талкуу бул күнү эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларда улантылды. Тараптар «кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү зарыл» деген тыянакка келишти. Бирок Түркиянын өкмөт башчысынын бул жолку таанышуу сапарында кандайдыр жаңы макулдашуу кабыл алынган жок.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана кызматташтык мамиле 1991-жылы - эгемендүүлүктүн алгачкы жылы түптөлгөн. Ошондуктан эгемендүү өлкөнүн дүйнө коомчулугу тарабынан таанылышына Түркиянын кошкон салымы зор экенин Кыргызстандын жетекчилиги ар дайым белгилеп келет. Анын үстүнө эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кыргызстандын экономикасына инвестицияны көп берген өлкөлөрдүн катарында Түркия турат.

Бирок түбү бир эл катары бири-бирине жылуу караганы менен, бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катыш 1990-жылдардын этегинде солгундап кеткен. Байкоочулар буга «Аккеме-Пинара» мейманканасына жана «Импаш-Холдинг» курулушуна байланышкан чатактар бир топ таасир тийгизгенин айтып жүрүшөт. Мындай жагдайларды эске алган тараптар мындан ары экономикалык кызматташтыкты кайрадан калыбына келтирүүгө аракеттенип жатышат. Анын далили катары эки өлкөнүн ишкерлери «Пинара» мейманканасында 22-октябрда Ишкерлер кеңешинин жыйынына чогулуп, кызматташтыктын мындан аркы өңүттөрүн талкуулашты. Ал эми президент Аскар Акаев менен болгон жолугушууда Түркиянын премьер-министри Кыргызстанга инвестиция жумшоого өз мекендештерин чакыраарын айтып, өкмөт бул багытта аракет көрөөрүн билдирди. Ошондой болсо да, Түркиянын өкмөтү инвестициянын келиши үчүн Кыргызстанда ыңгайлуу шарт болбой жатканын кыйытууда. Мындай пикирин Режеп Тайып Эрдоган шейшембиде кечинде журналисттер менен жолукканда билдирди.

- Чет өлкөлүк инвесторлорго кандайдыр-бир ыңгайлуу шарттар түзүлгөндөн кийин инвестиция боюнча мурдагы деңгээл дагы жогорулаарынан үмүтүм бар, - деди Эрдоган.

Негизинен кыргыз өкмөтү Түркиядан келген инвестицияны арбытууга дилгир жана муну былтыр кызматка жаңы келген премьер-министр Р. Т. Эрдоган менен да байланыштырат. Маселен, президент Аскар Акаев Эрдоган менен жолугушуу учурунда премьер-министрдин бул расмий иш сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөөрүн билдирди. Ал эми премьер-министр Николай Танаев:

- Жолугушууларда биз эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо ниетибизди бекемдедик. Бизде пайдаланыла элек мүмкүнчүлүктөр арбын, - дейт.

Бирок саясий чөйрөдө жана талдоочулар арасында Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык кызматташтыгынын жакшы уланышынан күмөн санагандар да бар. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Аккеме-Пинара» мейманканасынын чатагын териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Ишенбай Кадырбеков Түркия менен экономикалык алакалар астейдил экенине ишенбейт.

- Эмне үчүн бизге салабаттуу ишкерлер келишпейт, инвестиция жасашпайт? Берсе кредитке берет, болгондо да чоң үстөккө. Ошол эле Жапония унчукпай эле миллиондогон гранттарды берип атпайбы, - дейт Кадырбеков.

Ал Режеп Тайып Эрдоган жетектеген азыркы түрк өкмөтү деле Кыргызстан менен экономикалык карым-катышты акыйкат ишке ашыраарына көзү жетпейт. Ошол эле учурда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келишин утурлаган Эрдогандын иш сапарына өлкөдө олуттуу маани берилүүдө. Айрыкча, билим жана маданият тармагындагы кызматташтыкка чоң маани берилди. Тараптар бул иш сапарынын Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана Түркия мамлекетинин негизделишинин 80 жылдыгына дал келип жатышын жакшы жөрөлгө катары баалашты. Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева эки расмий делегациянын бир учурда Кыргызстанда болушун кадыресе көрүнүш катары белгиледи.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG