Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

ОРУСИЯ МЕНЕН УКРАИНАНЫН ЧЕК АРА ТАЛАШЫ УЛАМ КУРЧУП КЕЛЕТ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Украина менен Орусиянын ортосундагы чек-ара маселеси курчуп баратканын эске алып, Украина президенти кечээ Латын Америкага болгон расмий иш-сапарын чукул кыскартты. Жума күнү Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украина мамлекет башчысы Леонид Кучманын бул маселе боюнча сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Украина өкмөтү тарабынан бир канча жолу айтылган суранычка карабастан, Орусия Азов жана Кара деңиздеринин ортосундагы Керч кысыгындагы тосмону куруу ишин токтоткон жок.

Бул эки өлкөнүн алакаларында чек ара маселелери боюнча пикир келишпестик 1991-жылдан тартып уланууда. Украина президенти Леонид Кучма (Leonid Kuchma) Латын Америкага болгон расмий иш-сапарын чукул кыскартса, жумурияттын премьер-министри Виктор Янукович (Viktor Yanukovich) Эстонияга жана Латвияга белгиленген сапарын башка мезгилге жылдырды.

Орусия тосмону Краснодар облусунун түштүгүнөн тартып, Украинага караштуу Тузла аралчасына чейин жеткирүүгө аракеттенүүдө. Мындай зарылчылык, орусиялык тараптын билдирүүсүндө, табигый экологиялык себептерден улам пайда болду. «Курулуп жаткан жаңы тосмо 1925-жылы катуу бороондон шыпырылып кеткен эски тосмонун ордун ээлейт. Анын жоктугу жүздөгөн гектарга созулган деңиз жээгинин сүрүлүп кетүүсүнө жана Азов деңизинин туздуулугунун жогорулашына, акыр аягында, балык уулоого зыянын келтирип жатат», - дешет орусиялыктар.

Бирок, Украина өкмөтү анын уруксатысыз тосмонун курулушун баштаган Орусияга нааразы. Леонид Кучма жана анын өкмөтү бул ишти Орусиянын Украинага болгон кас мамилесинин көрүнүшү катары баалашты. Алар Тузла аралчасына аскер бөлүктөрүн жайгаштырып, тосмо эки мамлекеттин ортосундагы деңиз жээгин кесип өтпөшү керектигин, эгер өтө турган болсо, Украина өз чек арасын коргоо үчүн эң катаал жолдорго да барууга даяр экендигин кайталап айтышууда.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министри Игорь Иванов (Igor Ivanov) «тосмо курулушу жалаң гана экономикалык жана экологиялык себептерден улам ишке ашып жаткандыгын жана Азов проблемасына эч кандай тиешеси жок экендигин» айтат. Канткен менен, Украина жана Орусиянын тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери бул проблеманы 30-октябрга чейин карашпай тургандыктары маалым.

Украина бир катар мамлекеттер жана эл-аралык уюмдарга бул чатакты чечүүдө колдоо сурап кайрылган. АКШнын Украинадагы элчиси Жон Хербст (John Herbst) Вашингтондун маселеге карата көз карашын мындайча билдирди:

- Биздин позиция ачык – биз Украинанын аймактык бүтүмдүгүн жактайбыз. Ошол эле учурда Орусия жана Украина ортосундагы жылуу мамиленин болушун колдоп, алар абалдан тынчтык жолу менен чыгып кетишет деп ишенебиз.

Профессор Сергий Комисаренко (Serhiy Komisarenko), Украинанын Британиядагы жана Улуттар Уюмундагы мурдагы элчиси, Киевдеги «Тынчтык жана Демократия» эл аралык институтунун жетекчиси. Анын айтымында, Украина менен Орусиянын чек арасына жакын жерде курулуш ишин жүргүзүү, адатта, ресурстардын тартыштыгынан улам өтө жай жүрчү. «Бул жолу тосмонун курулушу болуп көрбөгөндөй тездик менен ишке ашырылып жатышы, албетте, шек туудурат, - дейт Комисаренко.

- Негизи, болуп жаткан окуялардын маанисин толук түшүнүү аябай татаал. Балким, бул Украинада да, Орусияда да өтүүчү шайлоолор алдында айрым кызыкчылыктар үчүн жасалган эки тараптуу макулдашуудур. А балким, эки мамлекеттин карым-катнаштарына жоопкерчиликтүү адамдар атайын эле кыйынчылыктарды жаратуу үстүндө иштеп жатышкандыр. Бир эле мисал, он жыл мурда, 1993-жылы Орус Парламенти Севастополду Орусиянын шаары деп жарыялоого чейин барган. Ушундан улам, бардык иштин артында Орусия жана Украинанын өз ара алакаларынын дурус өнүгүүсүнө каршы турган күчтөр бардай сезилет, - дейт профессор Сергий Комисаренко.

Украина президенти Леонид Кучма колдоо сурап, НАТОнун башкы катчысы Жорж Робертсонго (George Robertson) да кайрылган. Бирок Робертсон бул Орусия менен Украинанын жеке маселеси экендигин айтты. Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясат жана коргоо боюнча комиссары Хавьер Солана (Javier Solana) бул суроону Россия-Евробиримдиктин 6-ноябрга белгиленген саммитинде көтөрө тургандыгын белгиледи.

Ал эми эки өлкөнүн мамлекет башчылары Владимир Путин (Vladimir Putin) жана Леонид Кучма бул талаш-тартыштуу маселени 24-октябрда талкууга алаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG