2002-жылдын 23-октябрында Москванын түштүк-чыгышындагы Дубровка аянтындагы театрдын жанына Чеченстандын согушчандарынын барымтасында курман болгондорду эскерип, өкмөт тарабынан мемориалдык эстелик коюлду. Анын ачылыш зыяпатына өлкөнүн жетекчилери, курман болгондордун жакындары, жүздөгөн шаардыктар катышты. Эстеликти шаардын мэри Юрий Лужков ачып, буларга токтолду:
- Биз мындан урунтуктуу жыйынтык чыгарышыбыз керек. Мамлекеттик бийлик да биздин өлкөдөгү террористтик жагдайды пайда кылып жаткан күчтөргө каршы таасирдүү катуу чара көрүүсү зарыл. Биз дагы кырааккы, сак болушубуз керек. Терроризм биздин эркибизди майыштыра албайт.
Өткөн жылы барымтадагыларды бошотууга аракет кылып, чечен согушчандары менен сүйлөшүүгө барган белгилүү ырчы Иосиф Кобзон эскерүү кадаасында бул окуяга байланыштуу атайын жазылган чыгарманы аткарып берди.
Өткөн жылы 23-октябрда 50гө жакын курал-жаракчан чечен согушчандары Дубровка аянтындагы театрда “Норд-Ост” мюзиклинин артисттерин жана көрүүчүлөрдү барымтага алган. Алар орус бийлигинен Чеченстандагы согушту токтотуп, ал жерден аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылышкан. Үч күнгө созулган барымта, мурдакы Советтер Союзунун курамындагы элдин үшүн алды. Орусиянын коопсуздук кызматы, атайын даярдыктагы жоокерлер менен театрга капылет чабуул коюп, барымтадагы 912 адамды бошоткон. Жыйынтыгында 129 адам набыт болгон.
Дубровка аянтындагы театрдын жанындагы мемориалдык эстеликтин жанына барымтада курман болгондордун үй-бүлөсүн коргогон атайын уюм, “Каза болгон Дубровкадагы театрда террордук акттын курмандыктарынын өлбөс-өчпөс элесине”-деп жазылган колодон жазалган мемориалдык такта орнотушту. Уюм ал тактаны коюуга шаар бийлигинен уруксаат алып жана аны жасатууга атайын акча чогулткан. Бул тактаны ачууга өкмөт жетекчилери катышкан жок. Ал эми барымтада курман болгондордун үй-бүлөсү, жакын туугандары, достору гүл чамбар коюшуп, кайгы- муңун көз жаш менен жууду. Эскерүү каадасына келген жесир аял күйүтүн жашыра алган жок.
- Менин күйөөм уулумдун туулган күнүндө курман болду. Жолдошумдун каза болгон күнү менен уулумдун туулган күнү бир күнгө туш болуп калбадыбы. Уулум айтат, апа менин туулган күнүм жок деп. Бул мен үчүн кандай оор. Жашоо мен үчүн тозокко айланды, - деди кара кийген жесир аял.
Өлкөнүн президенти Владимир Путин Кыргызстанга барган иш сапарында да Дубровкадагы терактты эскерип кетти:
- Норд-Осттогу окуя биздин жүрөгүбүзгө так салды. Бул тууралуу силер да жакшы билесиңер. Эгерде биз террористтерге жол берсек, алар экинчи жерден баш көтөрүп чыгышат.