Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

АКШ коргоо министринин орун басары Волфовиц Иракка келди


АКШ коргоо министринин орун басары Пол Волфовиц бүгүн Иракка келип, үчкө бөлүнгөн өлкө аймактарынын бирин көзөмөлдөгөн польшалык башкаруучулар менен жолукту. Волфовицтин айтымында, Ирактагы бийлик акырындап ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берилүүдө жана алар коопсуздук камсыз кылуу иштерине да кеңири катышууда. Түндө Бакыба шаарынын алдында куралдуу кагылышуу болуп, америкалык аскерлер эки куралчанды өлтүрдү. Алар америкалыктарга каршы ракета атууга аракеттенген.

XS
SM
MD
LG