Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

ИРАКТЫН 4 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР АКЧАСЫ ЖОГОЛДУ...


Байян Жумакадыр кызы, Прага Мадриддеги донорлор конференциясында Христиандык Жардам деген соопчулук уюму Ирактагы Коалициялык Убактылуу Өкмөттөн өлкөнүн мунайынан түшкөн акчанын кантип жана кайда сарпталганы жөнүндө эл аралык коомчулукка отчет берүүсүн талап кылды. Британияда жайгашкан гуманитардык уюм Ирак элинин 4 миллиард доллар акчасы ың-жыңсыз жок болуп жатканын билдирет.

Христиан Эйд, же Христиандык Жардам аттуу соопчулук уюмунун айтымында, Саддам Хусейин бийликтен четтетилгенден бери, Ирактын мунайын сатуудан Иракты башкарып жаткан Коалициялык Убактылуу Администрациянын карамагына кеминде 5 миллиард доллар акча түшкөн. Бирок ал акчанын бир миллиар доллары, же кеминде 20 проценти жөнүндө так отчет берилген, калган 80 процентинин кандайча сарпталганы жөнүндө маалымат жок. Христиандык Жардам уюмунун өкүлү Жон Дэвисон 4 миллиард доллар "жер куйга түшкөндөй " жок болуп жатканын билдирди.

"Ирактын акчаларын Коалийциялык Убактылуу өкмөттүн карамагына которуу жөнүндөгү чечимди Улуттар Уюму "акчалар качан, кайда жана кантип жумшалганы жөнүндө так маалымат берилип турууга тийиш" деген шарт менен кабыл алган. Биз убактылуу администрация берген баардык документтерди кылдат текшерип чыктык. Бирок акчанын олчойгон бөлүгүнүн кайда кеткендигин аныктай алган жокбуз. Мындай тыянакка жалгыз биздин эле уюм келип отурган жери жок. Улуттар Уюмунун дипломаттары да акчалардын кайда кеткенинен кабарлары жок экенин айтышат. Акча жер куйга түшкөндөй эле, ың- жыңсыз жок болууда!” - деди Дэвисон Мадриддеги донорлор жыйынында.

Христиан Эйддин бул билдирүүсүнө Коалициялык Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү "ал жөнүндө отчет берилет" дегенден башка жооп бере алган жок. Ал эми Дэвисон болсо Ираккты кайра куруу үчүн акча топтогондон мурда коалициялык администрация өзүнө кожойун боло албай, чет элдик бийликтин көзүн карап отурганга мажбур ирак элинин акчасын кайда жумшап, жоготконун Мадрид жыйынында ачыктоосун талап кылды.

Улуттар Уюмунун соңку резолюциясына ылайык, Иракты кайра куруу ишин финансылык жактан жөндөө милдети Улуттар Уюму менен Дүйнөлүк Банкка жүктөлөт. Дүйнөлүк Банк менен Улуттар Уюму Иракты кайра куруу үчүн жакынкы жылдарда керек боло турган финансылык каражаттын көлөмү менен өлкөнүн эң ириде калыбына келтириле турган приоритетик тармактарын аныктады.

Бирок эл аралык коомчулукта бул эки мекеме каражаттардын качан жана кайда сарпталганы жөнүндө толук айкындуулукту камсыз кыла албайт деген пикирлер да жок эмес. Херитэж Корунун жооптуу кызматкери Найл Гардинер:

"Иракты калыбына келтирүүнү каржылоодо эки башка атаандаш кордун түзүлгөнү абалды ого бетер татаалдантат. Улуттар Уюму Балканда жана Косоводо өзүнө жүктөлгөн ишти начар аткарган. Анын ишин кайра курууну көзөмөлдөөнүн эң жаман мисалы деп сыпаттасак жаңылбайбыз. Уюм менен Дүйнөлүк Банктын ишинде айкындуулук азыркыдан алда канча аз болот. Улуттар Уюму жалпыга банк эсептердеги киреше чыгашалар жөнүндө отчет берип көнгөн эмес", - деп айтты.

Гардинердин мындай кескин сыны негизсиз эместей көрүнөт. Ирактын финансылык каражаттарын көзөмөлгө алуу үчүн Улуттар Уюму Саддам Хусейин бийликтен кулатылып, согуш негизинен аяктады делинген май айында эле эл аралык көзөмөлдөөчүлөр тобун түзүүнү чечкен. Бирок Коопсуздук кеңешинин бул чечими кабыл алынгандан төрт ай өткөн соң, Мадриддеги жыйын өтүп жатканда, араң ишке ашты. АКШнын Ирактагы администрациясы менен жүргүзүлгөн соодалашуу создугуп кеткендиктен, сөз болуп жаткан Эл Аралык Кеңешчилер жана Көзөмөлдөөчүлөр Тобунун иш эрежелери менен укуктарын иштеп чыгууга ого эле көп убакыт кеткен.

Улуттар Уюму менен АКШнын Ирактагы администрациясынын ыкшоолугу өлкөлөрдүн кескин сынына дуушар болууда. Алар мындай кенебестик Ирак элине тийешелүү акчанын максатсыз сарпталып кетүүсүнө өбөлгө түзүп, Иракты кайра куруу демилгесине эл аралык коомчулук менен ирактыктардын ишенимин кетирүүдө дешет. Алдыда сөз болгон 4 миллиард доллардын ың-жыңсыз жоголгону анык болсо, АКШнын Ирактагы администрациясынын жана анын иш аракеттерин өз убагында көзөмөлдөй албаган Улуттар Уюмунун абройун арттырбасы бышык.

XS
SM
MD
LG