Бул туурасында партиянын уюштуруу иштери боюнча координатору Галина Куликова мындайча маалымдады:
- Эртең бизде бир жагынан кезектеги, экинчи жагынан салтанаттуу пленум болуп, ал партиябыздын түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналат. Туура 5 жыл мурда, 25 октябрда, Көздүн микрохирургиясы боюнча ооруканада 52 делегат чогулуп, «Менин өлкөм» аттуу аракетчил партиянын түзүлгөнүн жарыялашкан. Пленумга өлкөбүздүн бардык региондорунан 230дай делегат келет.
Жакында «Менин өлкөм» партиясы 2005-жылдагы президенттик шайлоого өз талапкерин көрсөтө тургандыгын жарыялаган. Бирок партиянын өкүлү биз менен болгон маегинде талапкерлердин атын айтууга азыр эртелик кылаарын билдирди.
- Эртең биз, «Менин өлкөм» партиясы катышмайынча бир дагы шайлоо өтпөй тургандыгын айтабыз. Ал эми конкреттүү талапкерлердин аты-жөнүн биз шайлоо өнөктүгү жакындаганда гана ачыкка чыгарабыз, - деди Галина Куликова.
«Менин өлкөм» – борборчул партиялардын бири. Партияны алгач айтылуу дарыгер Алмазбек Исманкулов жетектеп келсе, кийин анын эки тизгин, бир чылбыры азыркы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге өткөн. Айрым адистердин айтуусуна караганда, анын талапкерлиги 2005-жылдагы президенттик шайлоодо көрсөтүлүшү мүмкүн.