Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

ВОЛФОВИЦ: АКШ ИРАКТАН БАШ ТАРТПАЙТ


Багдадда бүгүн (ушул жекшембиде) катуу кайтарылган мейманкана ракетадан аткыланып, бир америкалык атуул окко учту. 15 кишинин жараат алгандыгы кабарланууда. Чабуулдун убагында мейманканада турган АКШнын Коргонуу катчысынын орун басары Пол Волфовиц аман калды. Кийин Волфовиц мындай карасанатай кол салууга карабастан, Кошмо Штаттары Иракты кайра куруу нийетинен баш тартпайт деп билдирди.

Жаңы эле беш-алты снаряд келип түшкөн ар-Рашид мейманканасынан чыгып келип, кабарчылар менен учурашкан Волфовиц мындай деди:

- Бул террордук чабуул бизди өз миссиябыздын өтөөсүнө чыгуу вазийпабыздан алагды кыла албайт. Биздин миссия – Ирактын элин ушул кол салгандар сыяктуу кылмышкерлерден арылтуу жана Американын элин ушул өңдөнгөн терроризмден коргоо болуп саналат.

Пол Волфовиц мунун алдыңкы күнү Саддам Хусейндин туулган шаары Тикритке барып келгенден кийин, бул шаарда АКШ армиясынын тикучмасы аткыланып, беш аскер жараат алган эле.

АКШ армиясынын маалымат катчысынын билдиришинче, Багдад мейманканасында жараат алгандардын жетөө - америкалык карапайым атуулдар, төртөө - америкалык аскер кызматчылары жана калган төртөө - чет элдиктер болушту.

Ишемби күнү АКШнын эр-Рияддагы элчилиги террористтик чабуулдар болушу мүмкүн экендигин эскертип, Саударабиядагы америкалык жарандарды мусулмандардын ыйык Орозо айында айрыкча этиет болууга чакырган эле. Саударабияда май айында батыш өлкөлөрүнүн атуулдары жашаган жайда жардыруу болуп, 26 киши жана кол салган 9 жанкечти күм-жам болгон.

25-октябрь ошондой эле АКШнын өзүндө Буш администрациясынын Ирак саясатына каршы ири демонстрациялар менен өзгөчөлөндү. Вашингтондогу тынчтык жүрүшүнө 20 миң чакты киши катышты. Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында 4 миң чакты киши көчөгө чыкты. Президент Буш Иракта негизги согуш аракеттери токтоду деп жарыялаган 1-майдан бери мынчалык көп киши катышкан тынчтык жүрүшү боло элек эле. Демонстранттар Ирактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылышты. Алар Иракка миллиарддаган доллар сарпталып жатканда, АКШнын эл чарбасы жана карапайым америкалыктар колдоого муктаж экендигин айтышты. Вашингтондо демонстранттар Ак үйдүн алдына келишти. Бул убакта президент Буш апта соңуна эс алганы Кэмп Дэвид өргүүсүнө кеткен эле.

Ишембиде Буш Американын элине радиодон кайрылып, Иракта иш али көп экенин айткан:

– Иракта эркиндиктин душмандары (жок кылына элек), ошондуктан, кыйын иштер али алдыда.

АКШнын президенти ошондой эле өткөн аптада Мадридде донор өлкөлөрдүн Иракты тикелөөгө 33 миллиард доллар бөлүүгө макулдашканын жакшы жышаана деп мүнөздөдү. Бул каражаттын 20 миллиарды Кошмо Штаттарынан келет. Мадрид жыйынында күтүлгөндөн көп каражат убада кылынды, бирок зарыл сумма чогултулган жок. Дүйнөлүк Банк жана Бириккен Улуттар уюму Ирактын эл чарбасын калыбына келтирүүгө келээрки 4 жылда 56 миллиард зарыл деп эсептеп чыккан.

XS
SM
MD
LG