Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

КАНТТА ОРУС АСКЕРИЙ БАЗАСЫНЫН АЧЫЛЫШЫ, ОРУСИЯ ПРЕЗИДЕНТИНИН, ТҮРКИЯ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНЫН ИШ САПАРЫ ЖАНА СӨӨК ЭКСПОРТТОО ЧАТАГЫ


Өтүп бараткан апта олуттуу саясий окуялардын көптүгү менен айырмаланды. Кантта Орусиянын аскерий аба базасынын ачылышы, Бишкекте «Кыргызстан- Орусия» инвестициялык форумунун өтүшү, бул иш-чараларга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга иш сапары менен келиши коомчулуктун көңүлүн бурган негизги окуялар болду. Түркиянын премьер министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары да ушул аптада ишке ашты. Ал эми Кыргыз парламенти сөөк экспорттоо маселесине байланышкан чырлуу маселени талкуулады.

Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Мындай пикирин президент Аскар Акаев жума күнү өткөн Кыргыз-Орус (Славян) университетинин 10 жылдык мааракесине арналган салтанатта билдирип, аны эки күн мурда Кантта расмий ачылган Орусиянын аскер-аба базасы жана «Кыргызстан-Орусия» инвестициялык форуму менен байланыштырды. Мурда белгиленгендей, аталган иш чаралар Орусия президенти Владимир Путиндин катышуусунда өттү. Путиндин Кыргызстанга келишин президент Акаев тарыхый учур катары баалап, муну постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Орусиянын аскерий базасы Кантта биринчи ачылып жаткандыгы менен байланыштырды.

- Биз, кыргызстандыктар, өзүбүз үчүн XXI кылымда улуу Орусия менен бирге болуу тууралуу бекем, бир жактуу чечим кабыл алдык.

Ал эми Владимир Путин Кант базасынын ачылышындагы сөзүндө бул иш чараны эки өлкө үчүн маанилүү кадам катары белгиледи:

- Урматтуу достор, мен бул окуя - теңата орус-кыргыз кызматташтыгынын өнүгүшүндөгү жаңы маанилүү кадам экенине ишенем.

Эки президенттин катышуусунда ачылган Орусиянын Кантта жайгашкан аскерий базасы эки тараптын макулдашуусуна ылайык Жамааттык Коопсуздук Кызматтыштык Уюмунун алкагында туруктуу иш алып барат. Антитеррордук күчтөрдүн эл аралык коалициясынын Манас аба майданында жайгашкан Ганси базасынан анын айырмасы да ушунда. Президент Акаев буга чейин такай айтылып келген пикирди эки президент Кантта 23-октябрда дагы бир ирет бышыкташты.

- Бул эки базанын макамдары ар башка жана ар башка милдеттерди көздөйт, - деди Акаев.

Орусия расмий делегациясы катышкан экинчи маанилүү окуяны - «Кыргызстан-Орусия» инвестициялык форумун тараптар экономикалык өңүттөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө жасалган чечкиндүү кадам катары баалашты. Форумдун катышуучулары эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын деңгээли өсүп баратканын белгилешти. Ал эми Орус президенти болсо соода-экономикалык карым катыштын азыркы деңгээлин мындайча баалады:

- Бул өтө аз, жарабаган сан. Бирок, аракеттин өзү жакшы. Биз кыргыз өкмөтүнүн инвестициянын келишине жагымдуу шарт түзүү аракетин абдан колдойбуз.

Путиндин иш сапарынын алдында соңуна чыккан Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын расмий иш сапары Кыргызстанда кызматташтык тууралуу кандайдыр бир маанилүү жаңы документтер менен коштолгон жок. Талкууланган экономикалык маселелер боюнча кеңири маалымат таратылбады. Бирок, Түркия премьер министри менен Кыргызстандын мамлекеттик деңгээлдеги бардык жетекчилери жолугушту.

Мындан тышкары Эрдогандын келишине байланыштуу көптөгөн маданий иш чаралар өттү. Алардын катарында “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин жаңы курулган эки имараты пайдаланууга берилди. Ал эми Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев Эрдогандын сапарын Кыргыз-Түрк кызматташтыгындагы бурулуш учур катары баалады:

- Түркиянын улуу урматтуу өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөнүн, тереңдетүүнүн бурулуш учуру болуп калды.

Бул аралыкта адам сөөгүн экспорттоо маселесине байланышкан чыр-чатакка өз жообун берүү үчүн Бишкекке германиялык окумуштуу Гюнтер фон Хаагенс келди. Ал эми жума күнү бул маселени Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны талкуулап, кылмыш ишин козгоого бир катар негиздер бар деп, маселени териштирүүнү өз токтому менен тартип коргоо органдарына тапшырды. Сөөк экспортунун мыйзамсыз жактарын иликтеп жаткан депутат Акбөкөн Таштанбековдун билдиришинче:

- Хаагенстин ондогон миллион долларынын тагдыры чечилип атат бүгүн. 2000-жылы 40тай сөөк кеткен экен. 2001-жылы 217 сөөк кеткен экен.

Депутаттын дооматтары Кыргызстан менен бул багытта кызматташып жаткан германиялык окумуштууну ынандырган жери жок. Ошондон улам Бишкекте ал маалымат жыйынын өткөрдү. Ал эми «Таштанбеков адамдык арнамысыма шек келтирди» деп, доктор Гюнтер фон Хаагенсти сотко берүүгө кам көрө баштады. Байкоочулар болсо сөөк экспортуна байланышкан бул маселе саясий чатакка айланып баратканын белгилешүүдө.

Бул аралыкта Кыргызстандын жамы мусулмандары орозо айына камылга көрүштү. Орозо өлкөдө бүгүн башталды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG