Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:40

ГАЗА ТИЛКЕСИНДЕГИ СОҢКУ ТИРЕШҮҮ


Израилдин маалымат каражаттарынын кабарлашынча, жекшембинин таңында Газа тилкесиндеги салгылашууда палестиналык бир куралчан киши атып өлтүрүлдү. Дагы бир нече жоочу жөөт конуштарына кирүү аракеттери учурунда жарадар болушту. Иерусалимде болсо Шарондун саясатына каршы демонстрация болуп өттү. Анын аралыгында Сирия өкмөтү Израил дагы бир ирет өлкөнүн аймагына сокку урчу болсо, тийиштүү жооп кайтараарын билдирди.

“Палестин премьери Ахмед Корейи “Хамастын” өкүлдөрү менен жолугушууну пландап жатат”, - деп билдирди жекшемби күнү радикал кыймылдын басма сөз катчысы. “Корейи “Хамаска” кат аркылуу кайрылып, агайындар менен сүйлөшүүнү суранды. Аны четке кагууга эч кандай себеп болбогондуктан, Хамас премьер менен жолугушууга даярданып жатат”, - деди Исмаил Хания. Топтун атынан ага ким катышаары азырынча айтыла элек.

Премьер-министрдин кеңсеси болсо кат жөнүндөгү маалыматты тастыктай алган жок. Ошол эле мезгилде Палестин автономиясы Израиль менен ок атышууну токтотуу үчүн Хамас менен сүйлөшүүлөргө кызыкдар экени белгиленди. “Ахмед Корейи эң башынан палестин аймагында бир эле жетекчилик бар экенин далилдөөгө аракеттенээрин билдирип келатат”, - деп кошумчалады палестин кабинетинин расмий өкүлү Хасан Абу Лабдех.

Мындай билдирүүлөр аймактагы абал улам курчуп бараткан жагдайда жасалды. Соңку маалыматтарга караганда, жекшемби күнү таңга маал палестиналык эки киши жөөт аскерлеринин огунан набыт болду. Ушул эле күнү Газа тилкесинде чала курулган көп кабаттуу 3 имарат жардырылды. Эки миңге жакын палестиналык бул жайдан убактылуу эвакуацияланды. Израилдин расмий өкүлдөрүнүн ырастоосунда, аз-Захарадагы имараттар жөөт конуштарына чабуул даярдоочу жай катары согушчан топтор тарабынан пайдаланылчу. Жума күнү Нетзарим конушунда палестиналык эки согушчандын кол салуусунан үч жөөт аскери курман болгон эле.

“Террорчулар бул имараттарды кол салуулардын алдында чалгындоо үчүн колдонуп келишкен”, - деп кабарлады Газа дивизионунун кол башчысы генерал Гади Шамни Израиль радиосуна. Дагы бир аскердин айтымында, палестиналыктар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн эвакуацияланган.
Бирок “Үйлөрүнө кайтып келген эл турак-жайлары, үй-оокаттары, автоунаалары олуттуу зыянга учураганына күбө болушту”, - дейт Газанын тургуну Моред Наим. Жергиликтүү калктын айтымында, жөөт аскерлеринин аткылоосунан жергиликтүү эки киши жаракат алды.

Иерусалимде болсо ишемби күнү кечинде 4 миңге жакын демонстрант көчөлөргө чыгып, премьер-министр Ариэль Шаронду соңку кан төгүүлөр жана тынчтык жараянын кечеңдетип жаткандыгы үчүн айыпташты. “Меретц” партиясынын депутаты Ран Кохен: “Экономика начарлап баратат. Коопсуздук жокко эсе. Жоокерлер менен катар карапайым калк күнүгө өлтүрүлүп жатат”, - деп, жоопкерчиликти Шаронго жүктөдү.

Анын аралыгында Сирия өкмөтү эгерде Израиль дагы бир жолу анын аймагын аткыласа, жооп кайтараарын билдирди. “Сандэй Телеграф” гезитине берген интервьюсунда өлкөнүн тышкы иштер министри Фарух аш-Шараа Израилдин Голан дөңсөөсүндөгү маалелерине сокку уруу мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарган жок.

Ушул айдын башында Израиль “террорчулардын лагерлерине” каршы деген шылтоо менен Сириянын аймагына бир нече ракета аткан. Ал ирет Дамаск жооп кайтарган эмес. “Чабуулдан кийин биз жоопкерчиликтүү жолду тандап, БУУга кайрылдык. Бул кадамыбыз көпчүлүк эл тарабынан түшүнүү менен кабыл алынды”, - деди аш-Шараа. “Эми болсо чабуул кайталанса, биз калктын пикирин эске алуу менен аракеттенебиз”, - деп улантты министр.

Израиль 1967-жылы Сириянын Голан дөңсөөсүн ээлеп, 1981-жылы аны аннексиялап алган. Ушу тапта эки мамлекет расмий түрдө согуш абалында. 5-октябрдагы сокку Израиль тараптан Хайфа шаарындагы терракт үчүн өч алуу акциясы катары бааланып келет. Расмий Тель-Авив чабуул Сириянын аймагындагы жоочулардын базаларына каршы багытталган деп айтууда. Израилге каршы чара көрүү боюнча Дамасктын дипломатиялык аракеттеринен болсо майнап чыккан жок. Тескерисинче, АКШ администрациясы Сирия өз аймагындагы палестиналык куралчан топторду тизгиндөө чараларын көрбөй жатат деп, кайра Дамаскты айыптады. Вашингтон Сирияны террористтерди колдогон өлкөлөрдүн тизмесине киргизген. Айдын башында болсо Конгресстин Өкүлдөр палатасы Сирияга каршы экономикалык жана дипломатиялык санкциялар киргизилсин деп добуш берди. Президент Буштун тийиштүү мыйзамга кол коюусу үчүн ал Сенат тарабынан да жактырылышы керек.

XS
SM
MD
LG