Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

АЛМАНИЯДАГЫ ЭКОНОМИКАЛЫК РЕФОРМАЛАР


Нарын АЙЫП, Прага 17-октябрда Алмания парламентинин төмөнкү палатасы - Бундестаг - канцлер Герхард Шрөдер сунуштаган реформа чараларына макул болду. Бирок, эксперттердин пикиринде, ал чараларды сунуш кылуу менен Шрөдер өлкөнүн экономикасын оңдоо үчүн өзүнүн саясий келечегин саюуда. Кабыл алынган чечимди эми парламенттин өйдөкү палатасы бекитүүгө тийиш.

Алмания парламентинин өйдөкү палатасы - Бундесратты - оппозициялык христиан-демократтар көзөмөлдөйт, ошондуктан канцлер Герхард Шрөдер сунуштаган чараларга өйдөкү палата каршы да чыгышы мүмкүн. Алманияда азыр Шрөдердин Социал-демократиялык партиясы менен жашылдар түзгөн коалиция бийликте жана канцлердин сунушуна анын өзүнүн партиясынын белгилүү жетекчилери да каршы чыккан.

Бундестагдагы добуш берүү болгон күнү, 17-октябрда, Шрөдер Европа Биримдигинин саммитине да барбастан, Берлинде калып парламенттик сессияга катышты. Анын ордуна Брюсселдеги саммитте Франциянын президенти Жак Ширак сүйлөдү. Бундестагдагы талкуу оор болду жана акырында Шрөдердин сунушу үчүн 305 депутат добуш берип, ал 8 гана добуш артыкчылык менен өттү.

Эксперттердин пикиринде, элдин кеңири катмарларына жакпай турган экономикалык чараларды жаңы жыл алдында сунуш кылуу менен дагы Шрөдер бир топ тобокелге салды, бирок анын сунуштары ишке ашырылса, өлкө экономикасы бир кыйла оңолууга тийиш, анткен менен эми парламенттин өйдөкү палатасындагы оппозиция чечимди таптаза саясий себептерден бекитпей коюшу ыктымал. Ошондуктан Шрөдер Бундесраттын депутаттарына кайрылып, маселени жөн гана бийлик менен оппозиция ортосундагы карама-каршылыктар аркылуу эмес, бүткүл Алманиянын жалпы кызыкчылыктарын коргоону көздөп караштырууну суранды: "Экономиканы жаңылантуу жараянын улантуу эми Бундесраттагы көпчүлүккө ээ Христиан-демократиялык бирикмеге көз каранды. Консерваторлор саясий себептерден өлкө келечегин коркунучка дуушар кылбастан, талкуу учурунда маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылат деп мен ишенем".

Шрөдер сунуш кылган чаралар боюнча, жумушсуздарга төлөнүүчү жөлөк пул акчанын көлөмү кыскартылат, пенсиялык фонддорго акчаны мындан ары негизинен жеке инсандар төлөйт, саламаттык сактоо системасына дагы өкмөт тарабынан бөлүнүп келген каражат кыскартылат, ал эми кээ бир ишканаларга кызматка алуу же кызматтан бошотуу иштери оңойлоштурулат.

Мисал үчүн, азыр пенсионерлерди кароо жайларында чыгымдардын 50 пайызын өкмөт көтөрөт, эмдиги жылдан тартып болсо пенсионерлер ал кызмат үчүн өздөрү толук төлөөгө тийиш болот жана аны менен кошо пенсияларды айдын башында эмес, аягында төлөө менен гана өкмөт бир миллиард евро үнөмдөйт. Ошол эле учурда пенсиялык фонддорго кызмат ээлери тарабынан кошулган акчанын көлөмү мурда пландаштырылгандай эмдиги жылы көтөрүлбөйт жана азыркы 19 жарым пайыз деңгээлинде калат. Салык системасын реформалоо дагы мурда 2005-жылга пландаштырылган, жаңы чечим боюнча болсо ал эми келерки жылдын январынан тартып ишке ашырыла баштайт.

Бонн шаарындагы Экономика жана коомду изилдөө институтунун аналитиги Адриан Оттнаддын пикиринде, акыр-аягында саясий реализм жеңип, сунушталган реформаларга парламент макул болот: "Бир нерсе жасалыш керек экенин бардык партиялар түшүнөт, ошондуктан менин оюмча, Герхард Шрөдер сунуштаган чараларга оппозиция өтө деле каршы чыкпаш керек жана кандайдыр бир мунаса табылат. Убакыт да өтүп баратат, эмдиги жылдан тартып ар башка шайлоолор башталат жана бул реформаларды ишке ашыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр күн өткөн сайын улам кыскарууда".

Жалпысынан алганда, канцлер Шрөдер сунуштаган чаралар калктын кеңири катмарларына жакпайт жана мурда социалдык коргоо системасы эң күчтүү болгон Алмания калкы эми бир топ кыйынчылыктарга кездешет.

XS
SM
MD
LG