Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

ЖУМГАЛБЕК АМАНБАЕВ: «А. АКАЕВДИН КИЙИНКИ МӨӨНӨТТӨН БАШ ТАРТКАНЫН КОЛДОЙМ, БИРОК АГА ТЕҢ КЕЛЕ ТУРГАН САЯСАТЧЫ ЖОК»


Кыргызстанга белгилүү инсандардын бири Жумгалбек Аманбаев президент Аскар Акаев бийликке жаңыдан келген жылдары аны менен чогуу иштешип, вице-премьерлик кызматка чейин көтөрүлгөн. Бирок кийин президенттин жүргүзүп жаткан саясатына нааразылык билдирип, Өкмөт Үйүнүн 7-кабатында ачкачылык жарыялап, бийликтен кеткен болчу. 1998-жылдан бери Жумгалбек Аманбаев мырза мамлекеттик «Буудай» ишканасын жетектейт. Ал жакында «Азаттык» радиосуна маек куруп берди.

- Соңку жылдарда саясаттан четтеп, чарбалык иштер менен алектенип жүрөсүз. Бул «Буудай» ишканасын канчадан бери жетектеп келатасыз? Быйыл ундун, буудайдын баасы өткөн жылдарга караганда бир кыйла кымбаттап кетти. Буга эмне себеп болуп жатат? Өкмөт канча эгин эгүүнү көзөмөлдөп, жөнгө салып турса болбойт беле?

- Ырахмат. «Буудай» деген бул мамлекеттик ишкана уюшулганына 2 жыл болду. Анан эки жылдан бери Орусия менен Казакстан мурда болуп көрбөгөндөй көп түшүм алып келатышат. Орусия эч качан 80 млн. тонна эгин алган эмес, эки жылдан бери 80 млн. тонна эгин алды. Казакстан эч качан 16 млн. тонна эгин алчу эмес, 2 жылдан бери казактар 16 млн. тоннадан кем алган жок. Кыргызстандын дыйкандары 2 жылдан бери өндүргөн эгинин сата албай кыйналып, анан былтыр эгин экпей коюшкан. Быйыл болсо эгин жок, бир килограммы 10 сомго чыкты. Бул тенденция улана берет. Өкмөт, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги азыр буудайды топтоо боюнча иштеп жатышат. Бирок үлгүрбөй жатышат. Мына, министрликтин бир да дыйканга алы жетпейт, дыйканга «сен муну сеп, сен муну эк» деп көрсөтмө бере албайт. Булардын иши – Шериктештик мамлекеттериндеги жана Борбор Азиядагы базарды иликтеп, дыйкандарга айтып берип туруш керек.

- Көп жыл бою коммунисттик чөйрөдө, Коммунисттик партияда өсүп, тарбияландыңыз. Азыркы саясий партиялардын ичинен көңүлүңүзгө толгон партия барбы? Коммунисттер партиясынын ишине кандай баа берээр элеңиз?

- 70 жыл мурда кыргыздарда партия болгон эмес. 70 жыл бою бир партиянын жетекчилиги менен жашап келгенбиз. Анан мына, акыркы 12 жылда 40тан ашуун партия пайда болду. Мен ойлойм, бул жаман эмес. Эми ошонун ичинде эң карыганы, эң кадыр-барктуусу - Коммунисттик партия. Мунун программасы аябай жакшы. Коммунисттик партиянын азыркы жетекчилери бир нерсени жакшы түшүнбөй жатышат да. Биз азыр эгемендүү мамлекетпиз, биздин экономикабыз мурдагыдан башкача, биз башка режимде жашап жатабыз. Эгер коммунисттик партия «жакшы партия болобуз, алдыңкы партия болобуз» десе, анда азыркы режимге түшүш керек, ошого ылайык программа түзүш керек. Ошол программа менен президентке, өкмөткө чыгыш керек. Ошолорду колдош керек. Ошондо Коммунисттер партиясына да жаштар мүчө болуп кире башташат.

- Бишкектин «Алатоо» аянтында В.И.Лениндин айкели турчу эле, аны ордунан жылдыруу иши туура болдубу?

- Буга мындай деп жооп берет элем да: эстелик эмес, чоң-чоң мамлекеттер жоголуп кетип жатат. Тышта азыр бөлөк атмосфера, бөлөк режим. Мен В. И. Ленинге каршы эмесмин, Ленин кыргыз үчүн көп кызмат кылган. Президент, премьер-министр Лениндин эстелигин таптакыр алып салган жок, болгону бир орундан бир орунга которуп койду. Эми мындан чуу көтөрүп кереги эмне?

- Былтыр чегара маселеси эл арасында ар кандай карама-каршы пикирлерди жаратты. Саясий абал да катуу курчуду, Аксы окуясы болду. Дегеле, талаштуу чегаралар боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Бул маселени Кыргызстандын жалпы чегарасы менен чогуу караган оң. Муну жөн эле жулуп алып, «Үзөнгүкуушту берип жатат» деген болбойт да. Мамлекеттин өзүнүн саясаты бар да. Эгер Үзөнгүкууштан жер берсек, Хантеңирден жер алдык. Менимче бул маселе туура чечилген. Биз уттурган жокпуз, көп жеринен уттук.

- Декабрь айында АКШ баштаган антитеррордук күчтөргө «Манас» аба майданын бергенибизге 2 жыл толот. Ошол эле убакта Кантта Орусия баштаган Жамааттык күчтөрдүн авиабазасы ачылды. Кыргызстан мындан кандай пайда көрүп, кандай зыян тартышы мүмкүн?

- Антитеррордук күчтөрдүн базасынын биздин өлкөгө жайгашканы аябай жакшы болду. Биринчиден, Кыргызстандын коопсуздугу камсыз болду. Себеби, мындай база тургандан кийин бирөөнүн бизге кол салышы кыйын. Экинчиден, базанын бул жерде жайгашканын көргөн чет элдик инвесторлор бизге акчасын алып келе баштайт. Ошон үчүн биз муну колдошубуз керек. Анан Кантты Орусияга бергени эң туура болду. Ал жерде 600дөн ашык киши иштейт. Биздин өлкөнүн аймагында учактардын турганы бир топ чет өлкөлөрдү ойлонтот. Ошондуктан, мен муну колдойм. Колуман келсе өркүндөтөт элем, бирок, «Буудайда» отуруп ал иш кайдан?!..

- Азыркы бийликтин жана өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишинде кандай кемчиликтер, анан, кандай жетишкендиктер болуп жатат деген ойдосуз?

- Биз базар экономикасы боюнча коңшуларыбыздан кыйла алдыга кеттик. Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп кирдик. Инвестиция киши башына эсептегенде көп тартылды. Бул - жакшы жагы. Начар жагы – өкмөт алдыдагы иштерге саресеп салып, болжолдой албай жатат. Келечекти көрө биле албай атат.

- Соңку убакта «президент Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө шайлап алсак» деген пикирлер айтыла баштады. Жакында ишкерлердин жыйыны өтүп, ал жерде эки-үч ишкер ушундай оюн айтты. Кыргызстанда эл башкара турган башка адамдар барбы, болсо сиздин купулуңузга кимдер толот?

- Журналисттер аябай күчөтүп, курч-курч суроолорду бере бересиңер. Президент өз оозу менен айтты дейт, мен уккан жокмун, «үчүнчү мөөнөткө барбайм, Конституцияда кандай жазылса, ошондой болот» деп. Мен ушунусун колдойм. Менимче бул киши туура кылып жатат. Бирок маселе башкада. 12 жылдан бери бул киши чоң саясатчы болду. Эл аралык саясатка алынган А. Акаевдей киши кыргыздарда азырынча жок. Эгер эртең президент болбой калса, кайсы гана эл аралык уюмга болбосун барып, жетекчи болуп алганга деңгээли жетет. Ушул жагын караш керек. Анан эми кыргыз элинин уучу кур эмес да, сонун-сонун жигиттерибиз бар. Эми мен беш-алтоону айтып койсом, калганы таарынат.

- Маегиңиз үчүн ыракмат.

XS
SM
MD
LG