Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:12

КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИНИН КЫЗЫ ПАРТИЯ ТҮЗДҮ. БУЛ КЫРГЫЗСТАНГА ТААСИР ЭТИШИ МҮМКҮНБҮ?


Коңшу Казакстанда «Асар» аттуу жаңы партия түзүлдү. «Асардын» өткөн ишембидеги уюштуруу курултайы партиянын башчысы кылып казак президентинин кызы, «Хабар» улуттук медиахолдингинин жетекчиси Дарига Назарбаеваны шайлады. Президенттин кызынын саясий чөйрөгө ачык келишин айрым маалымат каражаттары Нурсултан Назарбаевдин өзүнө саясий мураскор даярдап жатканы катары сыпатташты. Кыргызстанда бул окуя кандай бааланып жатат?

Президент Аскар Акаевден айырмаланып, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин дагы бир мөөнөткө шайлануу укугу бар. Анын үстүнө казак президентинин мөөнөтү жети жылга узартылган. Ал эми Кыргызстандын Конституциясы президент Аскар Акаевдин келерки мөөнөткө барышына жол бербейт. Ошондой болсо да, саясий чөйрөдө келерки мөөнөткө Аскар Акаев өзү же анын жакын адамы бараары жөнүндөгү божомолдор байма-бай айтылып келатат. Казак президенти Н. Назарбаевдин тун кызы Дариганын саясий партия түзүшү Кыргызстандагы келерки президентке байланышкан талкуунун уланышына дагы бир себеп болду. Көпчүлүк саясатчылардын пикирлерине караганда, бийликти мураска калтырууга демократиялык өнүгүү шартында деле постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Азербайжан үлгү болуп берди. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алевтина Проненконун пикиринде, мындай бир жактуу аракет КМШ өлкөлөрүндө алда качан эле башталган. Ошондуктан Казакстанда президенттин үй-бүлөсүнө таандык партиянын пайда болушу кадырэсе көрүнүш.

- Бул өлкөлөрдө, Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, дегинкисин, ушул өлкөлөрдүн баарында үй-бүлөнү саясий иштерге аралаштыруу багытында бири-бирин кайталаган окшош иштер жүргүзүлүүдө,- дейт Проненко. Ал «Кыргызстанда деле «үй-бүлө партиясы» мурда эле түзүлгөн» деген пикирге кошулат.

Президенттин улуу кызына таандык партия катары айтылып жүргөн «Алга, Кыргызстан» саясий партиясынын жетекчилигин болсо мындай көз караш ынандырбайт. Партиянын жетекчилеринин бири Чаргынов Касым маселен, бул азырынча жөн салды сөз экенин айтат.

- Азырынча бул жөн гана сөз, - дейт Чаргынов. - Анан эгер алардын үй-бүлөсү биздин партияны каалап, «киребиз» деп калса, «кирбе» дебейбиз да. Бизге премьердин баласы да кирсин, депутаттын баласы да кирсин.

Ал эми «Элмурас» партиясынын төрайымы, депутат Токтокан Боронбаеванын оюнда, «президенттин үй-бүлөсүнө таандык бир партия бар» деп кесе айтыш кыйын. Бирок бийликчил, жогорку бийлик өкүлдөрүнөн куралган партиялар өтө көп. Ушуну эске алганда, Кыргызстанда президенттик бийликти бир кызыкчылыкты коргогон тараптын колунда калтыруу иши саясий партиялардын аракети аркылуу ишке ашышы толук ыктымал.

- Бизде мураска берүү жолу менен бийлик алмаштырууга Конституция жол бербейт, анын үстүнө эртерээк, - дейт Боронбаева. - Бирок бул саясий партиялар аркылуу ишке ашышы мүмкүн. Бул «демократиялык жол менен өттү» деген түшүнүккө туура келип калат.

Президенттин балдарынын курагы жете электигин эске алган Кыргызстан коммунисттер партиясынын башчысы Клара Ажыбекова болсо келерки президенттик шайлоого Майрам Акаеванын бараарынан күмөн санабайт. Бирок биринчи айымдын чоң саясатка келээри тууралуу пикирлер коомчулукта кеңири айтылып жүргөнү менен, Майрам Акаеванын саясатка аралашуу ниети жок. Өз пикирин ал «Азаттыктын» суроосуна берген жообунда мындайча билдирген эле:

- Патриархалдык үй-бүлөдө тарбия алгам. Өзүм үйдө аздектеген эки баалуулук бар эле. Атамдын аздектеген баалуулуктары – балдарына илим-билим берүү, «эмне болсо да балама жакшы билим берсем» деген үмүт болчу. Апамдыкы – атамдын, үйдөгү эркектин культу болчу. Ошондуктан бул таптакыр болбогон сөз. Түшкө да кирбеген сөз.

Айрым көз караштар боюнча Кыргызстан Борбор Азиянын башка постсоветтик өлкөлөрүнөн демократияны чындап орнотуу мүдөөсү бар өлкө катары айырмаланат. Ошондуктан Кыргызстанда азыркы бийлик мындай аракеттерге жол бербей турганына ишенгендер да көп. Клара Ажыбекова болсо, «президенттикти менчикке айландыруу цивилизацияга кайчы келген жосун» дейт:

- Демократиянын эң биринчи белгиси – шайлоо. Атасынын бийлиги баласына өтүшү, күйөөсүнүкү аялына өтүшү, кызына өтүшү – бул орто кылымга кайра кетүү деген сөз. Ошон үчүн АКШбы, Европабы, «мындай шарттарга жол жок» деген көз карашына катуу турушу керек. Анткени бул цивилизациядан артка кетүү дегенди билдирет. Буга биз жол бербешибиз керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG