Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

КМШ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН КООПСУЗДУК КЫЗМАТ БАШЧЫЛАРЫ БИШКЕКТЕ ЖЫЙНАЛЫШАТ


Шаршемби жана бейшемби күндөрү Чолпонатада КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин XV отуруму өтөт. Бул иш-чарага катышканы жетекчилер Бишкекке бүгүн келишет. Кечке жуук КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилерин президент Аскар Акаевдин кабыл алышы күтүлөт.

КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин кезектеги отуруму уюм түзүлгөндөн бери Кыргызстанда экинчи ирет өткөнү турат. Буга камылга көрүш үчүн кеңештин аткаруу комитетинин эксперттери бир жумадан бери Бишкекте иштеп жатышат. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынан алынган маалыматка караганда, XV отурумга кеңешке мүчө болгон 10 өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын жетекчилери катышат. Алардын катарында КМШнын Антитеррордук борборунун, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчылары бар. Түркмөнстан менен Өзбекстан кеңешке кирбегендиктен, аларга байкоочулук укук берилген. Бирок бул эки өлкөдөн байкоочулар катышаар-катышпасы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкери Ойталбек Осмоновдун билдиргенине караганда, Коопсуздук кызмат жетекчилеринин XV отурумунун алгачкы жыйыны бүгүн Бишкекте өтүп, эртең Чолпонатада уланат. Чолпонатага кетээр алдында жетекчилерди президент Аскар Акаев кабыл алаары күтүлүп жатат. Бул жолку отурумда негизинен мыйзамсыз жол менен мүлк табууга жана аткезчиликке каршы күрөш багытындагы маселелерге көңүл бурулат.

- Эң маанилүү маселелер - илимий-техникалык кызматташтык, аткезчиликке, көмүскө экономикага, акча адалдоого каршы күрөш маселелери каралат, - дейт Ойталбек Осмонов.

Аталган уюм Шериктештик өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын чечимине ылайык 1997-жылдын мартында түзүлгөн. Кеңештин отуруму мүчө-мамлекеттерде Аткаруу кеңешинин чечимине ылайык жылына бир-эки жолу өтүп турат. Кыргызстанда мындай жыйын буга чейин 1998-жылы болуп, анда терроризмге каршы күрөш маселеси алгач ирет талкууланган. Адистер Баткен окуясынын учурунда ошол отурумда кабыл алынган чечимдер кыйла жардам бергенин белгилешет. Ал эми азыркы отурумда коопсуздук кызматтарынын башчылары аткезчиликке каршы күрөш боюнча макулдашууга кол коюшаары күтүлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG